Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:11

АКШ-Кыргызстан кызматташуусу эмнени көздөйт?


Майкл Макфол Бишкектеги маалымат жыйынында, 2010-жылдын 4-майы.
Майкл Макфол Бишкектеги маалымат жыйынында, 2010-жылдын 4-майы.

Бул күндөрү АКШ президентинин улуттук коопсуздук боюнча атайын жардамчысы Майкл Макфол Кыргызстанда иш сапарда жүрөт. Вашингтондун өкүлү кечээ убактылуу өкмөт мүчөлөрү менен жолугушуп, АКШ-Кыргызстан кызматташуусу жогорку деңгээлди көздөөрүн айтты.

Ошол эле учурда АКШ өз аскерий кызыкчылыгын демократиялык баалуулуктардан жогору коюп келгендиги сындалууда.

АКШ бийлигинин расмий өкүлү Майкл Макфол үч күндүк иш сапар менен Бишкекке келип, апрель окуясынан кийинки Кыргызстандагы абал менен жеринде таанышууда.

“Жолугушуулар маалында бир катар суроолор каралып, айрыкча убактылуу өкмөттүн көңүл борборунда турган өлкөдөгү демократиялык институттарды колдоого АКШ тарабынан экономикалык жактан жардам көрсөтүү тууралуу сөз болду", - деп маалымдады журналисттерге Майкл Макфол.

АКШ президентинини жардамчысынын айтуусунда, Барак Обама Кыргызстандагы апрель окуясын өлкө өз элинин баатырлыгы менен демократияны калыбына келтирүүгө шилтеген кадамы деп баалайт.

АКШ өкмөтү Кыргызстан менен жогорку деңгээлде кызматташууну көздөйт. Эки тараптуу алакалар параллелдүү мүнөздө өнүгүп, АКШ өкмөтү Кыргызстандын расмий бийлиги менен катар эле жарандык коом аркылуу карым-катнашты күчөтүүнү көздөөрү, бул болсо президент Обаманын саясатынын жаңы стратегиясы экендиги айтылды. Бул максатта Майкл Макфол Бишкектеги сапары учурунда жарандык коом, бейөкмөт уюмдар, жаштар өкүлдөрү менен жолугушат.

Ошол эле учурда АКШ Кыргызстан менен кызматташууда аскердик кызыкчылыгын демократиялык баалуулуктардан жогору коюп келгендиги тууралуу сынды Вашингтондогу Ак үйдүн өкүлү “суу кечпеген сөз” деп баалап, өткөн жылдын декабрында Барак Обаманын дүйнөлүк Нобель Тынчтык сыйлыгын алып жаткандагы жалындуу сөздөрүн журналисттерге окуп берди.

Апрелдеги бийлик алмашуу АКШ-Кыргызстан алакасына терең сереп салууга түрткү болуп, айрыкча “Манас” аба майданында жайгашкан эл аралык күчтөрдүк жүк ташуучу борборунун айланасында уу-дуу кепти күчөтүүдө.

Кечээ Кыргызстандын Башкы прокурорунун орун басары Кубан Асангелдиев Транзиттик борборду күйүүчү май менен жабдуудагы коррупцияланган система боюнча кылмыш иши ачылгандыгын билдирди.

АКШ президентинин жардамчысы “Азаттыктын” ушул өңүттөгү суроосуна: “кайсы бир кара тешиктер тууралуу сөздөрдү көп угам. Бирок кээде андай сөздөр чындыкка дал келбейт. Биз мунун чын-төгүнүнө чыгыш үчүн атайын чараларды көрөбүз” деп жооп берип, мындан ары Транзиттик борбор менен түзүлгөн келишимдер, төлөнгөн акча-каражаттары тууралуу маалыматты толугу менен атайын интернет баракчасына жайгаштырып туруу планы иштелип жаткандыгын кошумчалады.

Нью-Йорк Университетинин изилдөөчүсү Аскар Мамбеталиевдин айтуусунда Америка коомчулугунда да Пентагон парага баткан мурунку кыргыз бийлигин колдоп келгенби же жокпу деген талкуу кызуу жүрүп жатат:

- Америка өкмөтү мамиле үчүн [мурунку кыргыз бийлиги менен] демократиялык принциптерден бир болсо дагы тайгандыгын көрсөтүп, баалуулуктардан баш тартып жаткандыгы байкалып калды. Ошондуктан Кыргызстан бул жакта дүң болуп, көбүрөөк көңүл бурулуп, кайра баштагы демократиялык принциптерге кайтабыз деген аракеттерди кылымыш болуп жатат.

Ал ортодо апрель ыңкылабынын деми сууй элек кыргыз жеринде Транзиттик борборду чыгаруу тууралуу референдум өткөрүү демилгеси көтөрүлүп жатат деген сөз чыгып кетти. Кыргызстандын мыйзамына ылайык үч жүз миң кол топтоо менен тигил же бул маселени жалпы элдик референдумга алып чыгууга болот.

Эгер ушул иш колго алынып, анда көпчүлүк Транзиттик борбор чыгып кетсин деген чечимге келсе, АКШнын расмий көз карашы кандай болот деген суроого Майкл Макфолдун жообу мындай болду:

- Эгер Кыргызстандын эли референдум же парламентте добуш берүү, айтор демократиялык тандоо механизми аркылуу Транзиттик Борбор Кыргызстандан чыгып кетсин деген чечимин билдирсе, АКШ Кыргызстан элинин тандоосун сыйлайт. Бирок андай тандоо ачык жана адилет болушу керек.

Майкл Макфол буга кошумча Кыргызстанда Транзиттик борборду узакка кармап туруу планы АКШда жок экендигин Барак Обама мындан мурда бир нече жолу баса белгилегендигин эскертти.

М.Макфол: АКШ Кыргызстандын чечимин сыйлайт
please wait

No media source currently available

0:00 0:00:58 0:00
  • 16x9 Image

    Гүлайым Ашакеева

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист. Кыргыз улуттук университетин, Коста Рикадагы Улуттар Уюмунун университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG