Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:27

А.Иванов: В.Халилов Е.Гуревич менен кардар катары байланышта болгон


Вугар Халилов - Flexi Communications агенттигинин жетекчиси
Вугар Халилов - Flexi Communications агенттигинин жетекчиси

Кыргызстанда иш алып барган Flexi Communications агенттигинин жетекчиси Вугар Халилов 12-апрелден бери УККнын убактылуу кармоочу жайында кармалууда.

Аталган агенттик Максим Бакиевдин, эл аралык шылуун деп айыпталып жаткан Евгений Гуревичтин айланасындагы көп кыңыр иштерге аралашкан деген шек болгондуктан, Халилов күбө катары гана кармалгандыгы айтылып келет.

Улуу Британия жараны, журналист Вугар Халилов бир жарым жылга чукул убакыттан бери Кыргызстанда иштеп, Flexi Communications агенттигин жетектеп келет.

Flexi Communications – бул жергиликтүү, чет элдик жана Борбор Азия өлкөлөрүнүн компанияларына корпоративдик-каржылык байланышты жакшыртуу, маркетинг, рынокко аралашууда кыймылдаткыч болуп, инвесторлор менен байланышты бекемдөө, web-дизайн, интернет сайт ачуу жана ар түрдүү жыйындарды уюштуруу жагынан кызмат көрсөтүүчү агенттик.

Мына ушул жагынан аталган агенттикттиктин эл аралык шылуун деп айыпталып жаткан Евгений Гуревич негиздеген “MGN групп” компаниясынын, Максим Бакиевге таандык "АзияУниверсалбанктын" пиар иштерин, башкача айтканда реклама жүргүзгөндүгү жана алардын бир нече операцияларына катышкандыгы шектелип айтылып жүрөт. Ошондой эле анын Е.Гуревичтин эң ишенимдүү кишиси катары Кыргызстанга чакыртылганы жөнүндө да жоромол бар. Ошондуктан аны кармалышынын себеби да так ушул учурга байланыштуу дешет айрым эксперттер.

Бирок Flexi Communicationsдын директорунун орун басары Айзада Абдукаримова агенттик бир гана “MGN групп” эмес башка дагы Комволдук-нооту комбинаты, «Каликова & Ассошиэйтс», “Андаш Майнинг”, Орусиянын “Ашторн Интернешнл” компаниялары менен кызматташып келгенин белгилейт. Ал агенттиктин Е.Гуревич менен кардар катары гана тааныштыгы болбосо, башка байланышы жок экенин айтат.

- Максим Бакиев менен биздин эч кандай байланышыбыз жок. Евгений Гуревич менен дагы агенттиктин жеке байланыштары болгон эмес. Биз “MGN групп” менен кардар катары гана иштешкенбиз. Биз түзүлгөн келишимге ылайык аларга маркетинг, пиар боюнча кызмат көрсөтчүбүз. Башкача айтканда биз бул компаниянын коммуникациялык өнүгүү планын, компаниянын өнүгүү стратегиясын жазып бергенбиз. Бул үчүн биз дизайн студиябызды тартып рекламалык баракчаларды чыгарып, сайтын иштетип бергенбиз. Башкача айтканда кадимкидей эле маркетинг иштери болчу.

Вугар Халилов кармалган күнү анын жанында жүргөн адвокаты Артем Иванов да кармалып, бирок ошол күнү түнкү саат экилерде бошотулган.

Халиловго кандай айыптар тагылып, кайсы беренелердин негизинде кармалганын анын адвокаты Иванов мырза тергөө иштерине байланыштуу айтпай турууну туура көрдү.

- Мен бир нерсени гана айта алам. Алардын айтымында, (шаардык прокуратура) текшерүүлөрдөн кийин Flexi Communications агенттиги президент Бакиевдердин үй-бүлөсүнө жана ошолорго тиешелүү компаниялар менен иш алып баргандыгы үчүн кылмыш иши козголгон. Гуревич менен Flexi Communicationsдын бир гана кардар катары байланышы болгон. Андан сырткары агенттиктин кеңсеси ал кармалып кеткенге чейин тинтүүгө алынган. Ушул убакыттын ичинде эгер ал күнөөлүү болсо өлкөдөн чыгып же дипломаттык макамына таянып консулдукта жашынып алса болот эле да. Ал андай кылган жок. Ал тескерисинче тергөө иштерине катышууга, керек маалыматты берүүгө даяр экенин билдирип келген.

Адвокат Артем Ивановдун айтымында, ушул окуяга байланыштуу Улуу Британиянын Кыргызстанда жайгашкан консулдугу Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигине нота жиберип, азырынча жооп алына элек. Ал эми В.Халиловдун кармалышы туурасында шаардык прокуратурага кайрылып, жооп ала алган жокпуз.

Айта кетсек, Е.Гуревичке Италиянын соту камакка алуу жөнүндө ордер чыгарып, окуя ырбай баштаганда Гуревичтин ишенимдүү өкүлү катары биринчилерден болуп В.Халилов анын күнөөлүү эмес экенин айтып, маалымат жыйынын уюштурган болчу.

Ал эми укук коргоочу Азиза Абдырасулова бул окуя менен толук тааныштыгы жок экенин айтып, бирок чет элдин жараны болсо ага кыргыз бийлигинен доо коюлса кармоого боло турганын белгиледи.

- Кыргыз бийлиги сөзсүз жөн эле кармабай, эмнеге кармап жатканын айтыш керек. Анан адвокаты да күчтүү болуш керек.

Адвокат А.Иванов бул окуя боюнча жогорку инстанцияларга кайрыла турганын билдирди. Ал эми учурда агенттиктин документи, компьютерлери шаардык прокуратура тарабынан камалып, агенттик убактылуу иштебей турат.

XS
SM
MD
LG