Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 15:48

Жогорку Кеңештин бүгүнкү отурумунда президенттин демилгеси боюнча сунушталып жаткан “КР Конституциясына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзам долбоорун Конституциялык Сотко корутунду алуу үчүн жөнөтүү жөнүндө” токтомдун долбоору талкууланып, кабыл алынды. ЖКнын Конституциялык мыйзамдуулук жана мамлекеттик түзүлүш комитетинин төрагасы Зайнидин Курмановдун айтымында, Баш мыйзамга өзгөртүүлөр Конституциялык Соттун корутундусу болгондо гана Жогорку Кеңеш тарабынан каралууга жатат.

- Зайнидин мырза, Конституцияга өзгөртүү жана толуктоо киргизүү боюнча мыйзам долбоору Жогорку Кеңешке сунушталыптыр. Жаңы сунушталган долбоордо кандай өзгөртүүлөр болушу мүмкүн?

- Аны расмий түрдө биз бүгүн комитетте чогулуп карадык. Анын өзгөчөлүгү - конституциялык эреже бар, кантип бул мыйзам каралат. Ушул регламенттин негизинде биз бүгүн жалаң гана процедуралык маселени карадык, бул мыйзамды Конституциялык Сотко жиберип, корутунду алыш үчүн кандай жолдору бар деп. Ошондуктан биз комитетте талкуулаган жокпуз.

Конституциялык Сот берет да долбоорго өз корутундусун, туурабы-туура эмеспи. Ушул корутунду келмейинче биз талкуулаганга мүмкүнчүлүк жок, Конституция жол бербейт. Ошон үчүн бүгүндөн баштап, кечээ спикерге кат келди, ал биздин комитетке тапшырма берди, биз бүгүн чогулдук, токтомдун долбоорун жаздык, бул маселени Конституциялык Сотко жиберүү жөнүндө маселени талкууладык.

Эртең бул маселе чогулушка киргизилет, токтом алынгандан кийин спикер кол коет, ошол документ официалдуу түрдө Конституциялык Сотко жөнөтүлөт. Үч айдын ичинде Конституциялык Сот корутундусун чыгарып, кайра спикерге жиберет, спикер бизге ошол документти талкуулагыла деп комитетте коет. Биз чогулабыз, ошол мезгилден баштап окуулар башталат. Биринчи окууда биз бул долбоорду даярдайбыз. Биринчи жана экинчи окуунун ортосунда жарым жыл убакыт бар.

- Ал эми алдын ала маалымат айта албайсызбы кандай өзгөртүүлөр болушу тууралуу?

- Бул жерде бардыгы жазылган, юридикалык адистер же эркин саясат таануучулар айтып берет эмне жөнүндө экенин, негизинен бийлик системасындагы реформа жөнүндө кеп болуп атат.

- Айрым бир маалыматтарга карганда жаңы долбоордо президенттин милдетин аткаруучуну тандоо укугу Президенттик Кеңешке берилет деген да маалыматтар бар?

- Бар ошондой берене. Бул маселе, мен ойлойм, биздин өзгөчөлүккө, азыркы саясий учурга туура келет деп. Анткени кимиси болбосун, президенттин убактылуу милдетин аткаруучу төрага болобу, орунбасары болобу, же премьер-министр болобу, ушул эки кызматтын үстүндө интрига жүрүп атат. Кимиси отурса эле бул мураскор болуп калды деп ар кандай күңкүл сөздөр пйада болуп атат. Ошондуктан ошондой болбосу үчүн бул маселе коллегиалдуу, демократиялык жол менен чечилсе туура болот деп эсептейм. Бирок биз дагы талкуулайбыз, албетте, талкуу болуш керек. Балким, дагы жаңы ойлор пайда болушу мүмкүн. Ошондуктан ал жагын азырынча айта албайм.

- Рахмат маегиңизге.
XS
SM
MD
LG