Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:13

HRW Орусия жана Сирия өкмөтүн аскердик кылмыш үчүн айыптады


Human Rights Watch эл аралык укук коргоо уюму орус аскерлери менен Сириянын өкмөттүк армиясын аскердик кылмышка барып жатканы үчүн айыптады. Уюм БУУнун Башкы ассамблеясын чукул жыйын өткөрүп, ушул маселени кароого чакырууда.

Сириянын мониторинг тобу маалымдагандай авиасоккулардан 440 жай тургун каза болду, алардын ичинде 90у бала. Асмандан ок атуу кассеталык жана өрттөнүүчү бомбалардын коштоосунда жүргөн.

Натыйжада Human Rights Watch менен чогуу 200дөн ашык укук коргоо уюму БУУнун Башкы ассамблеясын Сириядагы чатакты жөнгө салууга чакырды. Алар Алепподогу бомбалоону токтотуп, жөнөкөй тургундарга гуманитардык жардам жеткирүү жолу калыбына келтирилиши зарылдыгын белгилешүүдө. (SDz)

XS
SM
MD
LG