Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 21:53

Кыргызстандын парламенти 20-ноябрда 70 жылдыгын расмий белгиледи. Президент Курманбек Бакиевдин катышуусундагы бул салтанат жыйынга оппозициядагы азыркы жана мурдагы депутаттар катышкан жок.

Маараке Жогорку Кеңештин акыркы беш чакырылышынын депутаттарынын катышуусунда Улуттук филармонияда белгиленди. Мааракеге аралаш парламент тарыхы тууралу кинотасма тартылып, китеп, “Жогорку Кеңешке – 70 жыл” деген медаль чыкты.

Ал эми президент Курманбек Бакиев салтанаттуу жыйында мурдагы жана азыркы чакырылыштардын 22 депутатына мамлекеттик сыйлыктарды берди.

Президент салтанаттагы сөзүндө “легендарлуу парламентин” жана партиялык тизме менен аркылуу келген азыркы парламенттин ишин өзгөчө баалады:

- Жогорку Кеңештин принциалдык жаңы - партиялык негизде куралганына жакында эки жыл толот. Ошол кезде коом ичинде: Жогорку Кеңеш мурдагыдай эле «саясый талаш-тартыштардын клубу» болуп калабы же мыйзамдарды кабыл алып жана алардын аткарылышын көзөмөлдөгөн нукура мыйзам чыгаруучу органга айлана алабы? - деген суроо коюлган эле. Жогорку Кеңештин жаңы курамы бул сыноодон абийир менен өттү деп эсептейм.

Салтанаттуу жыйын ачып жатып Жогорку Кеңештин төрагасы Айтибай Тагаев да азыркы парламентти Кыргызстандын жаңы тарыхынын башталышы катары баалап, өзгөргөн бул саясий системанын архитектору президент Курманбек Бакиев деди.
Кыргыз Республикасынын Жогорку Советинин биринчи чакырылышы ишин 1938-жылдын октябрында баштаган.

Бул тарыхка кыргыз парламентинин түптөлгөн учуру катары кирген. Анткен менен Кыргызстанда парламентаризм эгемендикке аралаш калыптана баштагандыгы белгилүү. Анда негизги жүктү “легендарлуу парламент” деген ат менен белгилүү акыркы чакырылыштагы Жогорку Совет көтөргөн.

Кийинчерээк легендарлуу парламентте алтын чатагы чыгып, анын ордуна реформанын арты менен 1995-жылы биринчи чакырылыштагы кош палаталуу парламент келген. Биринчи президент Аскар Акаевдин парламенттин түзүмүн өзгөртүп, кош палаталуу парламентке партиялык тизме киргизүү жаңы демилгеси үчүнчү жолу референдумдун, анын соңунан 2000-жылы бир мандаттуу округдар жана партиялык тизме боюнча парламенттик шайлоо өтүшүн шарттаган. Аралаш шайлоого бул ирет тогуз партия катышкан.

Бирок 2003-жылы кезектеги референдум аркылуу Акаев кош палатаны кайра бириктирүүгө, ал аркылуу өз бийлигин дагы бир ирет бекемдөөгө жетишкен. 2005-жылкы март ыңкылабынын алдында пайда болгон бир мандаттуу парламент 2007-жылы кезектеги референдумдан кийин мөөнөтүнөн мурда таратылып, ал Курманбек Бакиев түзгөн “Ак жол” партиясы негизин түзгөн көп партиялуу парламенттин келишине жол ачкан. Азыр парламенттеги 90 орундун 70и “Ак жол” партиясына, он бири СДПга, тогузу Коммунисттер партиясына таандык.

Көптөгөн тарыхчылар, саясатчылар, талдоочулар Кыргызстанда парламентаризмдин негиздерин жана кыргызстандыктардын кызыкчылыктарын “легендарлуу парламент” түптөгөндүгүн, тоталитаризмге жана бийликтин өзүм билемдигине каршы чындап күрөшкөндүгүн айтып келатышат. Муну салтанаттуу жыйында легендарлуу парламенттин төрагасы Медеткан Шеримкулов да белгиледи:

- Чын-чынына келгенде легендарлуу парламент жаңы Кыргыз Республикасынын пайдубалын түптөп, дубалын салып, түндүгүн көтөрүп, түтүнүн булаткан.


1990-1994-жылдар аралыгындагы ишмердигинде “легендарлуу парламент” Кыргызстандын көз карандысыздык Декларациясын, Баш мыйзамды, Мамлекеттик желекти, Гимнди кабыл алган. Жогорку Кеңештин биринчи чакырылышындагы Эл өкүлдөр жыйынын алгачкы төрагасы Алманбет Матубраимов ошол учурдун принципиалдуу өзгөчөлүктөрүн белгиледи:

- Биз өкмөткө, аткаруу бийлигине толугу менен көзөмөл жүргүзчүбүз. Президентке көз карандысыз болчубуз, биз ошого жетишкенбиз. Эл өкүлдөрү болуп келип элдин мүдөөсүн чечкенбиз. Кыйын кезеңде өкмөттү катуу көзөмөлдөп, элди кармаганбыз. Монетизация деген бар эле. Ошонун баарын караган, биринчи эл өкүлдөр жыйыны болчубуз. Бийликтин бардык бутагына бирдей болуп, тактап турганбыз. Мыйзам дагы чыгарганбыз, аткаруу бийлигин да көзөмөлгө алганбыз. Президентке да көз карандысыз болчубуз.

Тутумуна эгемен Кыргызстандагы парламенттин бардык чакырылыштарындагы депутаттар кирген БЭК парламентаризмдин негиздерин, баалуулуктарын сактоого, өркүндөтүүгө, шайлоочулардын кызыкчылыктарын коргоого 1990,1995, 2000, 2005-жылкы шайланган депутаттар бирдей салым кошо алды деп эсептейт. Муну Бириккен оппозиция Жогорку Кеңештин 70 жылдыгына карата тараткан билдирүүсүндө белгиледи.

БЭКтин ишениминде азыркы Жогорку Кеңеш толугу менен мамлекет башчыга көз каранды болуп, өз алдынча, көзөмөлдөөчү милдеттерин жоготуп алды. Парламент алсыз, күн карама болуп калды, муну шарттаган себептер шайлоочулардын өз укуктарын жеткире билбегендиги жана жеке бийликти бекемдөө максатын көздөгөн өктөм саясат болууда. Парламентаризм кризиске белчесинен батып, өткөндө топтолгон баалуулуктарды жок кылуу коркунучу алдыда турат.

Мындай сындарга бириккен оппозиция Баш мыйзамдагы акыркы өзгөрүүлөр, 2007-жылкы парламенттик шайлоодогу болуп көрбөгөндөй бурмалоолор, СДП фракциясына жана андагы депутаттарга кысымдар, жалпы эле депутаттарда ой айтуу эркиндигинин жоктугу өңдүү негиздерди келтирген. Ошентип акыркы парламент шайлоочулардын Кыргызстандагы парламентаризмге ишенимин бөксөрттү деп айтылат кайрылууда.

Ошентип БЭКтеги экс-депутаттар 70 жылдык салтанатка катышкан жок. Мындай шаан-шөкөттүн ордуна кыргыз парламентаризминин өткөнүнө жана бүгүнкүсүнө талдоо керек эле деди оппозиция. Бул салтанатка катышуудан БЭКтин курамындагы СДПнын парламенттеги фракциясы да баш тартты.

Мунун себебин фракция өзүнчө билдирүү таратып, түшүндүрдү. Бийлик менен эки жылдык тынымсыз, катаал күрөштө фракциядагы 11 депутаттын сегизи саясий, соттук куугунтуктарга кирептер болуп, эки депутат баш калка сурап кетти, бир депутат киши колдуу болуп өлдү деп айтылат билдирүүдө. Анда фракция парламенттеги оппозициялык алгачкы фракциянын тажрыйбасы бир партиянын кожоюндук саясатын, Ак үй менен радикалдык жана конструктивдик оппозициянын ортосундагы диалогдун жоктугун аныктады деп, мындай шартта расмий салтанатка катышуу мүмкүн эместигин белгилеген.

Өзүнүн барбай калышынын себебин Жогорку Кеңештин алгачкы Мыйзам чыгаруу жыйынынын төрагасы, БЭКтин мүчөсү Мукар Чолпонбаев да ачыктады:

- Кыргыз элине зыяндуу мыйзамдарды алып отурса, Конституцияны бузган мыйзамдарды кабыл алып отурса, ал аз келгенсип чогуу отурган депутатын милиция сабаса, ошону туура сабаптыр деп, анын үстүнө сени камаш керек деген депутаттар менен мен бир залда отурууну каалаган жокмун. Бүгүн парламент парламент эмей эле президенттик администрациянын бир мыйзам иштеп чыгуучу бөлүмү болуп калды деп айтсак болот.

Бириккен оппозициянын нааразылыгынын төркүнү акыркы парламенттик, президенттик шайлоо менен тыгыз байланышта. Бийлик партиясы парламенттеги көпчүлүк орунга шайлоочулардын укуктарын басмырлоо, административдик одоно ыкмалар, ар кандай кысымдар, бурмалоолор аркылуу жеткендиги тууралуу пикирлер буга чейин нечен курдай айтылган.

БЭКтин тарапкерлеринин Балыкчыдагы нааразылыгы 19 адамга каршы кылмыш ишинин козголушуна чейин жетти. Башкы прокуратура президенттик шайлоого тоскоолдук кылды, мамлекеттик түзүлүшкө кол салууга аракет кылды деп айыпталгандардын ана башында СДП фракциясынын депутаты Кубанычбек Кадыров турат деп тапкан.

Натыйжада парламент аны жакында кол тийбестик укугунан ажыратып койду. Муну оппозиция парламент тарыхында өтө жагымсыз көрүнүш деп, оппозицияны куугунтуктоонун айкын далили катары баалады. Кол тийбестиктен ажыратылган депутат чет өлкөгө чыгып кеткендиги маалымдалууда.

Парламенттик шайлоодон кийин Кыргызстандан чыгып кеткен дагы бир депутат - фракциянын мурдагы лидери, президенттикке талапкер Алмаз Атамбаевдин штаб башчысы Бакыт Бешимов. Ал өзүнүн кетишин демократиялык баалуулуктардын муунтулуп, жеке бийлик артып, өзгөчө пикирдеги жарандарга кысым күчөп кеткени менен негиздеди.

Саясий күчтөрдүн оппозициянын көз карашын жактабаган бөлүгү мындай дооматтарды бийликке жетпей калган күчтөрдүн ызасы, азыркы парламент көп партиялуу болгону үчүн гана эмес, ар кандай саясий ызы-чуулардан оолак, иштерман парламент болгону үчүн баалуу дешет.

Мындай пикирин азыркы парламентте көпчүлүктү түзгөн “Ак жол” партиясынын негиздөөчүсү, президент Курманбек Бакиев да нечен курдай айтканы бар. Ал эми Жогорку Кеңештин экинчи чакырылышынын депутаты Жолборс Жоробековдун көз карашында азыркы парламентти мурдагылар менен салыштырууга анын табияты жол бербейт:

- Бүгүнкү парламенттин табияты түп-тамырынан өзгөргөн. Булар партиялык тизме менен келгенден кийин партиянын айткан сөзү, партиялык турмуш биринчи орунда турат.

Жогорку Кеңештин экс-депутаты, “Ак шумкар” партиясынын лидери Темир Сариев болсо азыркы парламентти партиялык тизме менен келген деп эсептебейт:

- Эгерде классикалык түрдө, таза шайлоонун негизинде атаандаш болуп өзүнүн программалары, идеялары менен, өзүнүн тизмесин көрсөтүп ачык, түз шайлануудан келсе ал өзүн актамак. Бул парламент, албетте, шайлоо эмес бөлүштүрүү менен келген убагында, аны коомчулук билет.

Ал эми Жогорку Кеңештин өткөн чакырылыштарындагы оппозициячыл таасирдүү депутаттардын бири, 24-март күнү ыңкылап маалында парламентти башкарган Ишенбай Кадырбековдун бүгүнкү парламенттеги жагдай акырындык менен жөнгө салынарына үмүтү бар:

- Менимче коммунисттер, СДП парламентке өзгөчөлүктү алып келип атат, өз пикирин айтып атат, кабыл алган иштери болсо тарыхтын жолуна жараша болуп атат го. Менимче бара-бара Кыргызстан калыбына келет. Мен дайыма айтам, бул жагынан КМШ мамлекеттеринен Украина парламенти саясаты татаал болсо да келечеги чоң парламент. Ошого жакындасак жакшы болот эле, - деди салтанатка катышкан экс-депутаттардын бири Кадырбеков.
  • 16x9 Image

    Бурулкан Сарыгулова

    "Азаттык" радиосунун Бишкек кеңсесинин баш редактору. Кыргыз Мамлекеттик улуттук университетинин журналистика факультетин бүтүргөн.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG