Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 11:06

«Ата Мекен» социалисттик партиясынын Саясий Кеңешинин мүчөсү Төлөгөн Келдибаевди кабарчыбыз кепке тартып, Жогорку Кеңешти таратуу жөнүндө Ошто көтөрүлүп жаткан демилге, оппозициялык маанайдагы саясатчылардын парламенттеги СДП фракциясынын депутаттарына мандатын тапшыруу чакырыгы, ошондой эле Бириккен Элдик кыймылдын тарапкерлери Ош шаарында жүргүзгөн социалдык сурамжылоонун жыйынтыгы туурасында сурады.

- Төлөгөн мырза, Жогорку Кеңешти таратуу демилгесин көтөрүп жатыпсыз. Мунун себеби эмнеде?

- Биринчиден, азыркы парламенттеги депутаттардын 90 пайызынын деңгээли төмөн. Андан кийин арасында демократ, чынчыл, өз Мекенин ак дилинен сүйгөн жарандар жокко эсе. Саясий жактан билимдери да тайкы. Акыркы мезгилдерде абдан чийки мыйзам долбоорлорун талкуусуз жана эч кандай сунуштарды эске албастан кабыл алып жатышат. Ошентип, Жогорку Кеңеш негизги миссиясынан биротоло алыстап, дежур парламентке айланды. Ичим тызылдаганы - булардын деңгээли айылдык кеңештердин депутаттарынын даражасына түшүп калды.

- Буга дейре СДПчылар мандатын тапшырсын деп чакырык таштадыңыз эле. Реакция кандай болду?

- Биз мындай демилгени көтөргөнгө чейин эле СДПнын Жогорку Кеңештеги бир топ депутаттары куугунтуктан, ар кандай кысымчылыктан жана түрдүү тоскоолдуктардан улам орундарын бошотууга аргасыз болушкан. Жалпыга маалым, учурда социал демократтар менен “ата мекенчилердин” биригүү этабы жүрүп жатпайбы.

Ошондуктан, мындай шартта алар мандаттарын тапшырып, биз менен бир күчкө айланса туура болмок. Көрүп атасыздар, парламентте СДПчылар азчылыкты түзгөндүктөн, алардын пикири менен парталаштары эсептешепейт. Ошондой эле бийликтин башка бутактарына да таасир этүүчү күчкө ээ эмес.

Ошол себептүү аталган партиянын Саясий Кеңеши тизме менен шайланган депутаттарын чукул арада расмий түрдө чакыртып алышы абзел. Тилекке каршы, буга Алмазбек Атамбаев баш болгон лидерлердин эрки жетпей жаткандыгы өкүнүчтүү.

- Элдин айтымында, кыргыз оппозициясы эскирди. Бийликке таасир этээр күчү калган жок. Ынтымагы да анча эмес. Жаңыланууга, жаш күчтөр менен толуктоого муктаж дегендерге кошуласызбы?

- Кыргыз оппозициясынын ынтымагы жок дегенге толук кошулам. Анткени, ар кандай күчтөгү, максаттагы адамдар же болбосо бийликке таарынган амбициясы күчтүү кишилер кандайдыр ойдо алардын арасына кирип калышы толук мүмкүн. Мындай тирешүү жалгыз эле оппозицияда болуп жаткан жери жок.

Ошол эле Ак үйдө, андан тышкары бийликти мыкчыган үй-бүлө ичинде ынтымак болбой жатпайбы. Ошентсе да, оппозицияга көбүрөөк ыктап, биз менен ийиндеше иштешүүгө ынтызар жаштар өлкөдө көп экен. Мындай маанай жер-жерлердеги жолугушууларда ачык байкалып жатат.

Ушулар болочокто оппозициянын ордун толуктай албаса да, биз алардын саясий көз карашын, кыргыз элине карата патриоттук сезимин ойготууга жарасак, мына ошо биз тарбиялаган он-он беш чакты жигердүү жаштардын арасынан үч-төрт чыныгы лидер суурулуп аренага чыкса, кичинекей Кыргызстан үчүн жетиштүү болот го деп ойлом.

- Төлөгөн мырза, сиз өз күчүңүз менен Ош шаарында социалдык иликтөө жүргүзүп жаттыңыз эле. Анын жыйынтыгы эмнени көрсөттү?

- Иликтөө саясий эмес максатта жүргүзүлдү. Ош шаары боюнча 300 үй-бүлөнүн жашоо-шартын иликтедик. Алардын 80 пайызынын бир айлык кирешеси төрт миң сомдон ашпайт экен. Ага улай коммуналдык төлөмдөр туурасында сүрүштүрсөк, 60 пайызы карыздарынан убагында кутулганга кудуретсиз экендиги айгинеленди.

Мындан тышкары азык-түлүккө муктаждык баш оорутмага айлангандыгы аныкталды. Кыргыз илгертен эт жандуу калк эмеспи. Ошого карабастан 300 кожолуктун тең жарымы каражаттын тартыштыгынан акыркы мезгилде калориялуу азыктарды, анын ичинде эт сатып жегенди унутуп коюптур.

Сурамжылоонун жыйынтыгы бышыктагандай, иш-чарага катышкандар бир ооздон азыркы бийликти колдобой тургандыгын, анын элге каршы саясатына нааразы экендигин билдиришти.

- Ушундай шартта башкаруу жана конституциялык реформаларды жүргүзүүнүн кажети бар беле?

- Башкаруу реформасын президент Курманбек Бакиев Конституцияны өзгөртпөстөн туруп баштады. Муну мен Баш мыйзамдык сыйлабагандык, мамлекеттик түзүлүшкө карата чыккынчылык катары эсептейм. Конституциянын кепили өзү Баш мыйзамды тебелеп жатпайбы. Ошондуктан, ал саамалыктар элден колдоо таппай жатат. Анткени, ушундай бышпаган реформалар Аскар Акаевдин тушунан бери канча ирет жарыяланды. Андан эч кандай майнап чыккан жок.

Азыр деле ошондой кейипти киет деген ишеничтемин. Мени катуу ойлондурган башка жагдай. Жаңы Конституциянын долбооруна ылайык президенттин тагдырын президенттик кеңешме аныктайт экен. Бул эл аралык мыйзамдарга сыйбайт, дүйнөлүк стандарт-нормаларга туура келбейт.

Чочулаганым: президенттин сөзүн эки кылбаган жакын адамдары кеңешмеге мүчө болушу ыктымал. Ошентип, алардын сүрөөсү менен Кыргызстанга аты-жыты белгисиз, ички-тышкы саясатты таптакыр түшүнбөгөн караңгы адам өлкөнү башкарып калышы күтүлөт. Бул өтө коркунучтуу синдром. Эгерде ушундай өңүттөгү Конституция кабыл алына турган болсо, анда Кыргызстанда мындан ары адам укуктары, демократия жана сөз эркиндиги жөнүндө кеп кылуунун кажети жок!

- Төлөгөн мырза, маегиңиз үчүн ыракмат!

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG