Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 21:39

Өкмөт 29-декабрда “Ошэлектро”, “Жалал-Абадэлектро” жана “Чыгышэлектрону” сатууга койгон жатат. Бөлүштүргүч компанияларды сатуу маселеси боюнча Мүлк министрлигинин статс-катчысы Сүйөркул Бакиров менен маек.

-Сүйөркул мырза, бул ишканаларга коюлган баа тууралуу алгач маалымат бере кетсеңиз?

- Энергетика тармагын мениктештирүү боюнча Жогорку Кеңештин атайын программасы бар. Ошондо 4 электр бөлүштүргүч компанияны сатуу каралган. Ошонун негизинде өкмөттүн атайын токтому чыгып, "Түндүк электро", "Чыгыш электро", "Ош электро", "Жалал-Абат электро" компанияларынын 80 пайыз мамлекеттик акциясын сатуу боюнча чечим кабыл алган жакында.

Ошонун негизинде Мамлекеттик мүлк министрлиги атайын конкурс жарыялады. Мурда өзүңүздөр билгендей, "Түндүк электро" компаниясы эки жолу коюлуп, сатып алуучу жоктугунан конкурстар жыйынтыгы жок бүткөн. Азыр "Түндүк электро" ылдыйкы баасы боюнча чек коюлбаган конкурска коюлду, атайын ушундай метод бар.

Ал эми "Ош электро", "Жалал-Абат электро", "Чыгыш электро" боюнча ар бирөөнүн өзүнүн баасы бар 15 миллион доллардан 30 миллион долларга чейинки, бардык ушул үч компаниянын акциялары сатыкка коюлуп жатат.

- "Түндүк электро" сатылып жатканда Бишкек жылуулук борбору бөлүнүп сатылып жатабы?

- "Түндүк электро" өзү эле коюлуп сатылып жатат. Ал эми Бишкек жылуулук тармагы менен Бишкек ТЭЦи боюнча азыр конкурс жүргөн жок. Жөн гана "Түндүк электро" компаниясынын акцциясы сатылып жатат.

- Баасы чыкпагандан кийин символикалуу акчага сатылып кетиши мүмкүн деп депутаттар айтып жатат. Ошондой болушу мүмкүнбү?

- Андай мүмкүн эмес. Анткени комиссия карайт дагы, эгерде ылайыгы келбейт десе сатпай койгонго укугу бар.

- Өкмөт ушул энерго компанияларды аудиттен өткөрүүнү караштырып жатканда, тендер менен аудит кандай айкалышат?

- Азыркы убакта аудиттерди өткөрүү, ар бир компаниянын чыгымдарын тактап чыгуу боюнча иштер жүрүп жатат. Бул эми менчиктештирүү болобу, болбойбу өткөрүлө бере турган жумуш.

Анткени алардын тарифтерин тактоо боюнча, алардын натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча иштерге жардам берет, ошон үчүн аудит жүргүзүү боюнча чечим кабыл алынган.

- Аудитти өткөрүп туруп, андан кийин сатыкка коюлса дурус боло беле деген дагы ойлор бар?

-Жыл сайын биздин акционердик коомдор закон боюнча жыл сайын аудиттен өтүп турат, быйылкы жылы дагы аудиттен өтүп жатат. Андан тышкары азыр берки аудит болсо жөн гана тармак, чыгымдар боюнча өзүнчө аудит. Ал эми жалпы финансылык, экономикалык иштер боюнча жыл сайын аудит өтүп турат дагы, ал аудит компаниянын жыйынтыктары бар.

- Ушул төрт бөлүштүргүч компания бир колго түшүп калышы мүмкүнбү?

- Ал мүмкүн эмес го. Себеби төртөөнө төрт башка конкурс болуп атат. Ошон үчүн ар бир конкурска кимдер катышат, кимдер жакшы, мыкты шарттарды сунуш кылат, ошол аз мүмкүнчүлүгү бар го, негизинен ар кайсы эле сатып алуучуларга кетиши мүмкүн.

- Азыркы мезгилде бул ишканаларга кызыккандар барбы?

- Азыркы мезгилде кызыккан компаниялар бизге кайрыла элек. Анткени биз жакында эле конкурс жарыяладык. Мөөнөтү аягына жакындаганда билинет кайсы компания кызыгып атканы. Анткени алар келип карап чыгып, өздөрүнө чечим кабыл алганга убакыт жетише элек го.

- Жогорку Кеңеш бир катар стратегиялык ишканалардын акцияларын өнүктүрүү фондуна берүүгө уруксат берген мыйзам кабыл алган эле. Азыр ал маселе кандай чечилип жатат. Кайсы ишканалар Өнүктүрүү фондуна бериле турган болуп атат?

- Бул маселелер азырынча карала элек. Законго гана өзгөртүү киргизилген. Азыр Өнүктүрүү фонду дагы акцияларды башкаруу укугуна ээ болду. Бирок өкмөт тарабынан азырынча бул маселе карала элек.

- Демек чечим кабыл алына элек экен да?

- Кабыл алына элек.

- "Улуттук электр станциялар" акционердик коомунун директорлор кеңешин Евгений Гуревич башкарып калды деген маалымат бар. Муну тактап бераласызбы. Бул кишинин "Улуттук электр станциялар" акционердик коомунун директорлор кеңешинине мүчө болгону мурда такталган эле?

- Ал мүчө катары гана кала берет. Анткени Мамлекеттик мүлк комитетинен тышкары ал жерде Социалдык фонддун да 12 пайыз акциясы бар. Социалдык фонд өзүнүн акцияларын конкурс аркылуу башкарууга MGN группасына берген экен. Ошол акционер катары Гуревич директорлор советинин мүчөсү катары кирген, жетекчиси эмес, катардагы эле мүчөсү.

- Рахмат маегиңизге.

XS
SM
MD
LG