Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:41

Аткаруу бийлиги: жоопкерчиликке жараша укук


Конституциялык кеңешменин биринчи жыйыны, 4-май 2010-жыл
Конституциялык кеңешменин биринчи жыйыны, 4-май 2010-жыл

Профессор, Конституциялык кеңешменин мүчөсү Аалыбек Акунов Конституциянын долбоору боюнча өзүнүн ой-пикирин бөлүштү.

-Убактылуу өкмөт мүчөлөрү сунуштап жаткан Баш мыйзамдын жаңы долбоорунун эн башкы артыкчылыгы жана кемчилиги эмне дейсиз?

- Албетте, ар бир эле Конституциянын эң башкы маселеси бул адам укуктары жөнүндөгү маселе болот. Бул маселе 93-жылкы майдан баштап мурунку Конституцияларда деле жакшы берилген. Ошол бөлүк ошол боюнча калды, өзгөртүлгөн деле жок. Бирок ал боюнча дагы сунуштар түшүп атат. Азыр Конституциялык кеңеш ошол сунуштардын үстүнөн иштеп атат. Ал эми негизги өзгөчөлүктөр президент, өкмөт жана Жогорку Кеңеш деген бөлүмдөр боюнча болуп атат. Бул жерде кыскартып айтканда, президенттин бийлик укуктары азайып, ал парламентке, анан көбүнесе өкмөткө берилип атат. Мурда болсо баарыбызга белгилүү, өкмөттүн жоопкерчилиги абдан көп болгон дагы, анын бийлик укуктары жок болгон.

- Баш мыйзамдын жыйырмадан ашык долбоору сунушталып жаткан экен. Баш мыйзамга кошчу омоктуу сунуштар болуп жатабы?

- Абдан көп. 26-апрелдеги Убактылуу өкмөт тарабынан берилген долбоор ММКларга чыккан. Конституциялык кеңешме иштеп, 14-майга чейин сунуштарды алабыз деп атпайбы. 19-майдагы референдумга коюлчу долбоор экөөнү салыштырганга жалпы калктын мүмкүнчүлүгү болот, ошондо даана билинет, 26-апрелдеги долбоор менен 19-майдагы долбоордун ортосунда. Конституциялык кеңешме тарабынан канча өзгөртүүлөр, сунуштар эске алынгандыгы. Мындай өзгөрүүлөр көп боло тургандай сезилип турат азыр.

- Аткаруу бийлигине аз гана укук берилген деп айтылып жатат. Айрыкча сот системасынын көз карандысыздыгы сакталбай калган деген пикирлер болууда. Сиз буга кандай карайсыз?

- Биз күбө болуп келбедикпи, аткаруу бийлиги буга чейин Конституцияга канча өзгөртүү киргизилбесин, ким президент болбосун аткаруу бийлиги жоопкерчиликтин эле үстүндө болгон дагы, эмне болсо эле ошол күнөөлүү боло берген. Ал эми бийлик укуктарынын баары бир эле президенттин колунда болгон. Биз аны баарыбыз билебиз. Президент аткаруу бийлиги үчүн да, сот бийлиги үчүн да чечкен. Ал эми көп учурларда парламент деле чөнтөк парламент болуп калбады беле.

Биз башыбыздан өткөрүп келген бийлик бул кагаз жүзүндө, Конституцияда президенттик республика деп аталбаса дагы ошол бийлик бир адамдын колуна топтолуп келгенин биз башыбыздан өткөрдүк, ошонун кыйынчылыктарын тарттык. Азыркы долбоорго ылайык, өкмөттүн бийлик укуктары кескин түрдө көбөйдү. Эми премьер-министрдин бир топ укуктары бар. Ал жоопкерчилигине жараша укуктарды дагы долбоорго ылайык алып атат.

-Баш мыйзамды талкуулап, кабыл алууга чукул убакыт берилди, бул жатта шашып чечим кабыл алынууда деп сын айткандар болуп жатат. Мындай сындар негиздүүбү?

- Менин оюмча аз эле убакыт берилип атат деген пикир анча деле жүйөлүү деп эсептебейм. Анткени бул убакыт аз болгону менен бул долбоордун үстүнөн канча жылдан бери иштеп келишти. Биз 17 жылдын ичинде 7 жолу өзгөртүү киргиздик деп атабыз Конституцияга. Биз ушул 17 жылдан бери эле Конституциянын үстүнөн иштеп келбедикпи.

Мына азыркы долбоордун жетекчиси Текебаев өзү деле айтып атат, бул акыркы 2-3 жылдан берки иштелип келген долбоор. Ал бүгүнкү күнгө Конституциялык кеңешме тарабынан, жалпы эл тарабынан талкууга коюлганы менен ал иштелип келгени көп убакыттан бери болгон.

Экинчи жагынан, ушул талкууга 20дан ашык вариант дегени ал Конституциянын эле варианттары, ал эми тигил, же бул бөлүктөрү боюнча айтылып аткан сунуштары абдан көп. Ушунун өзү дагы эл тарабынан ар кандай ойлордун айтылып атышы, кызыгуу туудурушунун өзү дагы бул абдан жакшы нерсе.

- Рахмат маегиңизге.


XS
SM
MD
LG