Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:04

ЕККУ үч облустун милициясына жардам берди


Кыргыз милициясы.
Кыргыз милициясы.

Европа коопсуздук жана кызматташтык уюмунун Бишкектеги өкүлчүлүгү Баткен, Жалал-Абад, Ош облустарынын жана Ош шаарынын ички иштер башкармалыктарына үчтөн компьютер белекке берди. Техникалык жардам бүгүн Ички иштер министрлигинин Жалал-Абад шаарында өткөн коомдук кеңешинин кезектеги 3-көчмө отурумунда тапшырылды.

Жыйында милицияны реформалоонун орчундуу жагдайлары жана өзгөрүүлөр талкууланды. Эл аралык уюмдун изилдөөсүндө милицияга болгон элдин ишеними жана алардын ишмердүүлүгүнө болгон баалоосу боюнча республикада Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгы алдыңкы көрсөткүчтө экени аныкталган.

Жыйынга Жогорку Кеңеш депутаттары жана жергиликтүү бийликтин, бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү катышты. (RsK)

XS
SM
MD
LG