Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:12

Текебаевдин кармалышы: Леонид Маевский деген ким?


Жогорку Кеңештеги “Ата Мекен” фракциясынын төрагасы Өмүрбек Текебаев орусиялык ишкер Леонид Маевскийдин көрсөтмөсү менен камакка алынды.

Маевский 2010-жылы “Мегаком” компаниясын сатып алуу үчүн Текебаевге бир миллион доллар бергенин айтып чыкты, бирок азырынча сөзүн бышыктаган ынанымдуу далилдерди келтире элек.

Орусиялык жалпыга маалымдоо каражаттарынан жана интернет булактардан Орусия Мамлекеттик Думасынын мурдагы депутаты Леонид Маевскийдин ысымы негизинен чуулгандуу, сот менен коштолгон иштерде аталганын көрүүгө болот.

Маевскийдин видеодогу көрсөтмөсү

25-февралда Кыргызстандын тиешелүү кызматтары сунуштаган жана Коомдук биринчи канал баштаган мамлекеттик телеканаларда көрсөтүлгөн видеотасмада Леонид Маевский дээрлик жарым саат сүйлөгөн. Анда 2010-жылы май айында Бишкекте мобилдик компаниялардын бирин жетектеген Алексей Модин аттуу таанышы аркылуу Өмүрбек Текебаев “Мегаком” компаниясын алууну сунуштаган деп айткан.

Анын сөзүнө караганда, 2010-жылы декабрь айына чейин Өмүрбек Текебаев жана анын партиялашы Дүйшөн Чотонов менен Бишкекте жана Москвада бир канча жолу жолугушуу болгон. Анда “Мегаком” компаниясын сатып алуу үчүн бир миллион доллар сурашкан.

Маевский бул акчаны экиге бөлүп, биринчисинде 300 мин доллар, андан кийин 700 миң доллар накталай бергенин айтууда. Видеотасмада соңку жолугушуу 2010-жылы декабрда Бишкекте болгонун жана анда Текебаев акчаны бербей турганын айтып коркутканын кеп кылган:

- Ал телефон чалары менен мени анын иш бөлмөсүнөн колума кишен салып алып кетишерин айтты. Андан сырткары “экинчи бул жакка келбе, мен бул өлкөнүн кожоюнумун, акчаны унут” деп коркутту. Эгер дагы бир жолу келсем, кайра кетпей каларымды, Орусияга барганда бажычылар менин жүгүмдөн маңзат табышарын жана Орусиянын мыйзамдарына ылайык, маңзат аткезчилиги менен соттолорумду, мындай иш колунан келерин айтты.

Леонид Маевский бул сөздөрүн бышыктаган далил келтире элек. Анын видеосуна улай 2010-жылы апрель окуяларына чейин “Бител”, “Билайн” деген марка менен таанымал “Скай мобайл” жана “О” маркасы менен белгилүү “Нуртелеком ” мобилдик компанияларын жетектеген Алексей Модиндин да видеосу чыкты.

Анда 2010-жылы бийлик алмашкандан кийин ал жетектеген компанияга байланыштуу кылмыш иши боюнча суракка барып жүргөндө өзүн Дүйшөн Чотоновдун тууганы деп тааныштырган Талант Маматкеримов деген адам менен таанышып калганын айткан. “Мегакомго” кардар табуу тууралуу өтүнүч Маматкеримовдон түшкөнүн, анын негизинде Маевскийди Текебаев менен жолуктурганын айтып агынан жарылган жана акчаны Маматкеримовго бергенин билдирген:

- Маевский Бишкекке келгенде мага 300 миң доллар берди. Ал бул акча алар Текебаевдерге убада кылган бир миллион доллардын алкагындагы акча экенин айтты. Эки жумадан кийин мага Талант Маматкеримов чалып акчаны сурады. Мен аны менен "Вефа" соода борборунун 6-кабатындагы кеңсесинде жолугуп акчаны бердим жана ал акча Өмүрбек Текебаевге берилерин түшүндүм.

Биз Талант Маматкеримов ким экени, кайда иштегени тууралуу маалымат таба алган жокпуз.

"Ата Мекендин" айыптоосу

Өмүрбек Текебаев 26-февралдын түнү Түркиядан келген учурда “Манас” аэропортунан кармалып, УКМКга 48 саатка камакка алынган. Башкы прокуратура ага, жогоруда айтылгандай, орусиялык жаран Леонид Маевскийден 2010-жылы бир миллион доллар алып, “Мегаком” сатылгандан кийин кошумчасы менен кайтарып берерин айткан деген негизде “коррупция” жана “алдамчылык” беренелери боюнча кылмыш ишин козгогон.​

Текебаевдин тарапкерлери аэропортто кармалды
please wait

No media source currently available

0:00 0:05:04 0:00

26-февралда УКМКнын жанында Өмүрбек Текебаевди колдогон митинг уюштурулуп, ал кечки тогузга чейин уланды. Анда сөз сүйлөгөн Жогорку Кеңештеги "Ата Мекен" фракциясынын мүчөсү Садык Шернияз Леонид Маевскийди "шылуун" деп атады:

- Ал далайларды сыздаткан шылуун экенин биз интернеттен окуп, Википедиядан көрүп жатабыз. Ал шылуунду Коммунистттик партиянын катарынан Геннадий Зюганов айдап чыккан экен бир кезде. “Яблоко” партиясы сотко берген экен. Бир кезде орус өкмөтү аны аэропорттон учурбай кармап калган экен. Далай шылуундук иштерди кылган экен. Эми ошол шылуундун сөзүн кастарлап, аны Москвага бекитип коюп, анын сөзүн видеого тарттырып келип, бул жерге жарыя кылып, каралап, жалаа жаап жатат. Анан эң негизгиси, Кыргызстанга гана эмес, бүткүл дүйнөгө аттын кашкасындай таанымал, биздин эң абройлуу кишилерибиздин бири, Өмүрбек Чиркешовичти бандит сыяктуу аэропорттон колун толгоп, кармап кетиши бул одоно көрүнүш.

Садык Шернияз ушундай баскан жолу суроо жараткан адамдын сөзүнө ишенип, Өмүрбек Текебаевди кармоо менен бийлик чоң катачылыкка жол берди деп эсептейт:

- Баягы Батукаевди кызыл килем төшөп узаткан аэропорттон эми Өмүрбек Чиркешовичти колун кайрып, кишендеп алып кетти. Мына ушундай бийлик болуп калды. Дүйнөлүк издөөдө жүргөн кылмышкерди генералдар кызыл килем төшөп, кол чаап узатышат. Кыргызстан үчүн каны-жанын аябай, эмгек кылып, өзүнүн бүт өмүрүн демократияга арнаган киши ошол аэропорттон колуна кишен салып кармап кетишет.

Леонид Маевский аралашкан сот иштери

Өмүрбек Текебаевди кармоодо негизги күбө катары саналган Леонид Маевский 57 жашта. Анын расмий сайтында 1990-жылдардын башында Казакстанда иштегени жазылган.

Маевский убагында казак президенти Нурсултан Назарбаевдин жакын чөйрөсүнө киргенине, президенттин Коопсуздук, басма сөз кызматтарындагы, Тышкы иштер министрлигиндеги жооптуу кызматкерлер менен жылуу мамиледе болгонуна, президенттин кызы Дарига Назарбаева менен "Хабар" телеканалынын түптөлүшүнө салым кошконуна мактанган.

Маевский 1995-жылы Орусиянын ошол кездеги вице-премьери жана байланыш министри Владимир Булгактын жеке чакыруусу менен Москвага келгенин айткан. 2000-жылдарга чейин телекоммуникация, телерадио тармагында иштегени, техника илимдеринин доктору болгонун белгилеген.

Маевский 1999-2003-жылдары Орус Думасында Коммунисттер партиясынын тизмеси менен депутат болгон.

Орусиялык “Коммерсант” басылмасынын маалыматы боюнча, 2003-жылы Омск облусунун губернаторлугуна ат салышкан. Саясий атаандашы, облустун ошол кездеги губернатору Леонид Полежаев менен араздашып, ал сотко жетип, Полежаевдин ар-намысына шек келтирүү беренеси боюнча айыптуу деп табылган. Сот аны 1,15 миллион рубль төлөөгө милдеттендирген.

Интернеттеги маалыматтар боюнча, Леонид Маевский 2003-жылы “МегаФон” мобилдик операторунун 25,1 пайыз акциясына ээлик кылган LV Finance инвестициялык компаниясын сатып алганы айтылат. Ушул эле жылы акциялардын сатып алынышына байланыштуу “Мегафондун” жетекчилигинде жаңжал чыккан.

“МегаФондун” 6,5 пайыз акциясына ээлик кылган Бермуд оффшорунда катталган IPOC компаниясы LV Finance инвестициялык компаниясын сатып алганы жатканын, акчанын кайсы бир бөлүгүн төлөп да койгонун айтып чыккан. 2004-жылы Женевадагы Эл аралык палатанын арбитраждык трибуналы дооматтары жүйөлүү деген чечим чыгарган.

IPOC Леонид Маевский жетектеген LV Finance боюнча арызданып орусиялык тартип коргоо органдарына бир канча жолу кайрылган. 2004-жылдын этегинде кылмыш иш козголгон жана компаниянын кеңселерин тинтүү болгон. Леонид Маевский араб өлкөлөрүнүн бирине качып кеткени жазылган. Ал Орусияга 2006-жылы кайтып келген.

2011-жылдан бери имараттардын, үйлөрдүн сыртын каптаганда керектелүүчү плиткалар менен орус рыногун 20 пайыз камсыздаган UniTile компаниясынын негизги акционери деп жазылган. 2014-жылы орусиялык басылмаларда Леонид Маевский UnitTile компаниясындагы үлүшүнөн кол жуушу мүмкүн деген мазмундагы макалалар жарыяланган.

Кипр соту бул компаниянын мүлкүн жана акцияларын камакка алган жана сырттан башкаруучу дайындаган. Кылмыш иштин козголушуна UnitTile компаниясында азыраак үлүшү бар үч адамдын дооматы негиз болгон. Алар Маевскийди акционердик келишимдин шарттарын сактабай жатат жана миноритарийлердин укугуна шек келтирип жатат жеп айыпташкан. 2013-жылы UniTile компаниясынын карамагындагы “Стройфарфор” ишканасынын жетекчилигинде жаңжал чыккан. Бул фирманын толук акциясынын ээси Лазарь Шаулов Леонид Маевскийди башкы директор кызматынан кетирүүнү талап кылып чыккан.

Өзүн “кризистик менеджер” деп атаган Леонид Маевскийдин ишмердиги тууралуу соңку маалымат 2016-жылдын этегинде чыккан. Анда минералдык суу чыгарган “Архыз” компаниясынын карызын сатып алганы көрсөтүлгөн. Бул компания Сбербанкка 1,8 миллиард рубль карыз болуп калганы айтылган.

Текебаев менен Маевский беттешти

"Ата Мекен" партиясынын лидери, Жогорку Кеңештин депутаты Өмүрбек Текебаевди 26-февралда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин адамдары суракка алган. Бул тууралуу “Ата Мекен” партиясы тараткан билдирүүдө айтылат.

Депутаттын адвокаты Чынара Жакупбекованын айтымында, сурак таңкы сегизден кечки жетиге чейин түшкү тамактанууга да убакыт берилбестен уланган.

“Ата Мекен” партиясынын билдиришинче, Өмүрбек Текебаевди кармагандан бери 17 сааттан ашык тамактандырышкан эмес. Адам укуктары боюнча эл аралык конвенцияга ылайык, кармалган адамга тамак бербөө психологиялык басым катары саналып, кыйноого барабар деп айтылат билдирүүдө.

Сурак учурунда Текебаевди аны айыптаган орус жараны Леонид Маевский менен да беттештиришкен. Адвокат Чынара Жакупбекованын айтымында, Леонид Маевский өзүн ээн-эркин алып жүрүп, чөнтөк телефону менен сүйлөшүп, сурак учурунда интернет колдонуп отурган. Ошол эле учурда Текебаевдин жана анын адвокатынын чөнтөк телефондорун алып коюшкан.

Отунбаева: Текебаев чындык үчүн күйгөн адам
please wait

No media source currently available

0:00 0:03:33 0:00

“Ата Мекен” партиясы чет өлкөнүн жараны болгон Маевский Кыргызстандын кайтаруудагы атайын кызматынын имаратында кандайча интернетке кошулган смартфон менен жүрүп, Текебаев менен беттешүү маалында аны каалагандай колдонуп жатат деген суроо койгон.

27-февралда УКМК "Ата Мекен" партиясы тараткан бул билдирүүлөр боюнча комментарий берди. Анда УКМК Өмүрбек Текебаевдин адвокатынын айткандарын жана "Ата Мекен" фракциясынын билдирүүлөрүн четке каккан. Мекеменин маалымат кызматы тергөө амалдары адвокат Чынара Жакупбекованын жана догдурдун катышуусунда өткөнү, Өмүрбек Текебаевге тыныгууга жана тамактанууга мыйзамда каралган убакыт берилгени айтылат.

Өмүрбек Текебаев өзүнө карата козголгон иш УКМК тарабынан атайын пландалганын билдирген. Ал акыркы айларда Атамбаевдин байлыгын, айрыкча 2010-жылдан кийинки киреше-чыгашасын иликтеп жүргөн жана президентке импичмент жарыялоо демилгесин да көтөргөн.

“Адилет” укуктук клиникасынын жетекчиси Чолпон Жакупова УКМК алдында өтүп жаткан митингде “Азаттыкка” Өмүрбек Текебаев жеке президенттин буйругу менен кармалды деп санайт:

- Бул президенттикке "мураскер операциясынын" башталышы. Бийлик мындан ары ага баш ийбеген адамдарды жана президенттикке талапкерлерди четинен коркутуп, камай берет. Андыктан бүгүнкү акцияны бийликтин талапкерлерге "жашыруун белгиси" катары түшүнсөк болот.

"Ата Мекен" партиясынын лидеринин кармалышы боюнча азырынча президент да, премьер-министр да, спикер да үн ката элек.

Текебаевге козголгон кылмыш иштин алкагында Дүйшөнкул Чотонов да кармалды. 2010-жылдан кийин өзгөчө кырдаалдар министри, Кыргызстандын Түштүк Кореядагы элчиси болуп эмгектенген Чотонов бул иш боюнча коюлган айыпты четке кагууда.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG