Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:29

Жалал-Абад: Эл ичине бүлүк салгандар - эси жок саясатчылар

  • Ырысбай Абдыраимов

Жалал-Абаддагы "Элдердин достугу" университетинин жанындагы каршылык акциясы, 19-май 2010-жыл

Жалал-Абаддагы "Элдердин достугу" университетинин жанындагы каршылык акциясы, 19-май 2010-жыл

23- сентябрда Жалал-Абадда болгон тегерек үстөл жыйынында улут аралык жаңжалдардын эбеп-себептерин талкууланды. Андагы сүйлөгөндөр май-июнь айларында облуста болгон тополоң окуялар улуттук идеологиянын жоктугу, бийликтин алсыздыгынан келип чыккандыгын белгилешти.

“Эл аралык толеранттуулук үчүн” коомдук корунун Ош аймактык кеңсеси уюштурган талкууда парламенттик шайлоонун арты чыр-чатакка айланып кетиши мүмкүндүгү жөнүндө кооптонуулар айтылды. Облуста азыр деле этностор аралык мамиле чыңалып турат, улутчулдук ураандары күчөп турган учур.

Облустун экс-казысы Дилмурат ажы Орозов май, июнь айларында болгон окуяларда кыргыз менен өзбек эли басташкан жок, аларды бийлик эңсеген саясий күчтөр кагыштырды деп сүйлөдү.

Улуттар аралык чыр- чатактын алдын алуу үчүн түшүндүрүү иштери зарыл экенин “Укук жана борбор” бейөкмөт уюмунун башчысы Чынара Жусупова баса белгилелди. Анын баамында сыртынан караганда жаңжал жоктой туюлганы менен учурдагы стабилдүүлүккө да ишенүү кыйын.

Облус борборундагы Курманбек аймагынын башчысы Лариса Ишанханова улуттар аралык мамиле начар дегенге пикирге кошулбайт. Анын айтымында кыргыздар менен өзбектер тойлорун бирге өткөрүп, ынтымакта эле жашап жатышат.

Эл ичине дүрбөлөң салган ушак-айың күчтүү болуп жатканы жөнүндө сөз болду. “Адилеттик” уюмунун өкүлү Бактыкан Жапарова чагым сөздөрдү таркаткандар кармалбай, жоопко тартылбай жатканына токтолду.

Укук коргоочу Б. Жапарова чыр-чатактарга жол бербөө үчүн бийлик органдарынын иш-аракети мажүрөө болуп жатат депр сынга алды.

Жалал-Абад шаар кеңешинин депутаты Жеңиш Эрназаров талкууда айтылган мамлекеттик идеология жок деген пикирлерге кошулбады. Анын көз карашында, тегерек үстөл улуттар аралык чыр- чатакка бөгөт коюунун иш ыкмаларын аныктай албай, мурдатан айтылып келаткан себеп-жагдайларды атоо менен чектелди.

Май-июнь айларында болгон кандуу окуяларда Жалал-Абад облусунан 76 адам көз жумган, Жалал-Абад шаарында 182 там өрттөнгөн.
  • 16x9 Image

    Ырысбай Абдыраимов

    "Азаттыктын" Жалал Абад облусундагы кабарчысы, Кыргыз мамлекеттик университеттин журналистика бөлүмүн аяктаган.

XS
SM
MD
LG