Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:55

М.Чолпонбаев: Саясий куугунтук үчүн жогорку бийлик күнөөлүү


Бүгүн социал-демократиялык фракциянын жыйынында Кыргызстанда адам укуктарынын абалы талкууга алынды. Ал жыйынга оппозиция лидерлери да катышты. Өлкөдөгү адам укуктарынын абалы жана фракция жыйынындагы талкууга байланыштуу Бириккен Элдик Кыймылдын мүчөсү Мукар Чолпонбаевге бир катар суроолор менен кайрылган элек.

- Мукар мырза, жалпылап айтканда Кыргызстандагы абал укуктарынын абалы азыркы мезгилде кандай болуп жатат экен, кандай баа бердиңиздер?

- Бүгүнкү отурумда айтылгандай, Кыргызстанда адам укуктары эл аралык стандарттагы деңгээлде сакталбай жаткандыгы далилденди. Жашоого болгон укуктан баштап бардык укуктар эсептелип бүттү. Мисалы адамдын өмүргө болгон укуктары, адамдар өлтүрүүлөр өтө көп болуп жаткандыгы бул жерде айтылып кетти. Адамдын ден-соолугуна канчалык зыяндар келтирип аткандыгы, сөз эркиндигинин кедерине кеткендиги, ММКлар, мисалы эки журналист өлтүрүлгөндүгү, 7 журналист Кыргызстандан чыгып кеткендиги жөнүндө айтылды. Андан сырткары митингдерди, жыйналыштарды өткөрүү эркиндигинен элдердин ажырап калгандыгы тууралуу да айтылды. Ошого байланыштуу өздөрүнүн оюн билдирүүгө келген Балыкчыдагы 19 адам мыйзамсыз соттолуп жаткандыгы жөнүндө, мурунку министр И.Исаковдун, Петровкадагы окуялар боюнча мыйзамдардын баарын бузуу менен соттоп жаткандыгы жөнүндө баардыгы айтылып кетти.

- Бул жерде бийликтин реакциясы кандай болду?

- Алар айтат, мындай көрүнүштөр дүйнөнүн баарында эле болуп атпайбы, алардын бардыгын сот чечет, биз прокуратура эмне кыла алабыз деп. Анан биз айттык: эмне үчүн анда адам укугу боюнча бүгүн чакырылган жыйынга Жогорку Соттун, Конституциялык Соттун төрагалары келген жок? Ал эми прокуратуранын орун басары келди дагы, сот чечет деп койду. Биз айттык: кылмыш иштерди козгогон прокуратура, силердин көзөмөлүңөр менен болду, эмне үчүн ошол кезде карабайсыңар деген ойлор, сөздөр айтылды.

- Ушул акыбал түзүлгөнгө жоопкерчилик жогорку бийликтеби, же төмөнкү аткаруучу инстанциялардан кетип атабы?

- Биз айттык, айтылып кеткен көп нерселердин бардыгы бул саясий куугунтуктардын негиздери болот дедик. Анткени 2002-жылы эл аралык укук коргоо комитеттеринин корутундусу боюнча Кыргызстанда 11 адам гана куугунтукка алынган болсо, бүгүн 98ге чейин жеткен экен деп. Мына бул жаңы бийликтин учурунда. Демек мындай нерселердин бардыгына бийликтин ылдыйкы тепкичинде отургандар эмес, бийликтин жогорку тепкичинде отурган адамдар күнөөлүү деп табылды.

- Демек жалпы саясий багытта адам укуктарын сактоодо бийлик тараптан көңүл бурулбайт, кайрадан күчөтүү орун алып атат?

- Ооба, бул жерде жалаң бийликтин күнөөсү менен болуп жатат деп айтылды баары тең.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG