Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:01

Жогорку Кеңештин төрагасы кызматына бийликти колго алууга даярданып жаткан ханзааданын сөзүн эки кылбай чуркап турган жана конституциялык өзгөртүүлөр жөнүндө жаңы мыйзам долбоорун буйдалбай шыдыр өткөрүп бере турган, өтө жакын ишенимдүү адам тандоо милдети турат деп ой жоруйт Жогорку Кеңештин экс-төрагасы Мукар Чолпонбаев.

- Айтибай Тагаевдин кетээри тууралуу мурунтан эле көп айтылып келаткан болчу. Бирок ошондой болсо дагы Конституцияга өзгөртүү киргизүү жөнүндөгү жаңы долбоордун Жогорку Кеңешке түшүшү төрагага кандайдыр бир башкача маани берип калды. Себеби бул жерде азыр төрага эки милдетти аткарыш керек эле. Биринчи милдет, кызыкчылык ушунда болуп турат, төрага президенттен келип түшкөн сунушту Жогорку Кеңеш аркылуу өткөрүп кете алабы же кете албайбы. А.Тагаев ошону аткарганга жарайбы же жарабайбы деп, ошол жерден чочулап, жакшы даярдалган адамдарды ошол жерге алып барып, эң негизги бүгүнкү милдет ошол долбоорду өткөрүп кете турган төрага керек болуп калды Жогорку Кеңешке.

Бүгүнкү маанилүү маселе - ЖК төрагасы биздин ханзадага жакын, өтө ишенген адам болууга тийиш.

Ошол себептен А.Тагаевди кетирүү, анын ордуна башка адамды коюу маселеси турат. Тагаевдин кетишинин экинчи себеби, бул жерде өзүңүз билесиз, азыр бийликке даярданып жаткан ханзадабыз болуп жатпайбы. Анан ханзада болгондон кийин Жогорку Кеңешке болобу, өкмөткө болобу, мамлекеттик башкаруу структурасынын бардык жерлерине ал өзүнүн адамдарын коюуга аракет кылыш керек. Мына ошондуктан бүгүнкү маанилүү маселе - ЖК төрагасы биздин ханзадага жакын, өтө ишенген адам болууга тийиш.

Анткени алдын ала биздин байкообузга караганда Президенттик кеңешменин - кеңеш берүүчү органдын курамы президенттин өзүнөн, Жогорку Кеңештин төрагасынан, премьер-министрден жана президенттик администрациясынын астында ачылган институттагы кызмат адамдарынан турат. Мына ошол жерде эгер эртең Курманбек Салиевич өзүнүн кызмат ордунан баш тарта турган болсо, анын ордун ким ээлейт деген маселе пайда болгон кезде, эч кимиси кыйналбай, кысталбай, мына биздин ханзадабыз анын милдетин аткарат деп айта турган адамдар болуш үчүн бул даярдык деп айтсак болот.

- Конституциялык реформага келсек, оппозициялык күчтөрү сындап атышпайбы биринчи конституция өзгөрбөй туруп башкаруу системасы жаңыланды деп. Бул жерде мыйзамдуулук маселеси бузулган жокпу?

- Бул жерде мыйзамдуулук түздөн-түз бузулган. Биздики, орустар айткандай, араба аттын артынан жүрбөстөн, азыр араба атты сүйрөп калды. Анткени булар алдын ала баарын тең түзүп алып, анан андан кийин гана мыйзамдаштыруу жүрүп жатат. Биз болсо Президенттин институту жөнүндөгү, ал институттун ичиндеги кызмат адамдары жөнүндөгү жоболору менен таанышып чыктык. Бул жерде азыр өкмөттүн кыла турган эч кандай иши жок болуп калды.

Мына өзүңүз карап көрүңүз, президенттин ичинде анын аппараты, анын секретариаты, андан сырткары мамлекеттик министр деп коет, анан эмне калган министрлер мамлекеттик эмес бекен. Анан коопсуздук боюнча кеңешчи деп койду, анан Борбордук өнүктүрүү агенттиги деп койду. Мына ушулардын бардыгы бүт бийликти толук бойдон ошол жерге чогулуп калгандыгын айтып атат.

Алар ушундай болуп турган кезде бизге өкмөттүн деле, Жогорку Кеңештин деле кереги жок чынын айтканда. Мисалы Борбордук өнүктүрүү агенттиги бүт экономиканы толук тейлейт экен дагы, кадр маселесин толук чечет экен. Андай болгондо өкмөт эмнени чечет?

Ал эми коопсуздук боюнча келген кеңешчиси бул бүт күч органдарынын баарын, анын ичинде куралдуу күчтөрдүн баарын тейлейт экен. Андай болсо өкмөт эмне иш алып барат. Тышкы иштер министри болсо бүт тышкы саясатты аныктайт экен жана ошону иш жүзүнө ашырат экен. Андай болсо аны өкмөттүн курамына киргизип эмне кылат, ал эгерде өкмөткө баш ийбей турган болсо. Мына ушул сыяктуу көп нерселер айтылган. Кыскасы бул жерде бир адамдын бийлиги мындан ары орноду деп ачык эле айтсак болот.

- Конституция жаңыргандан кийин парламенттин, өкмөттүн легитимдүүлүгү тууралуу маселе келип чыгат эмеспи. Кандай ойлойсуз, азыркы бийликке парламентти таратып, өкмөттү кайра куруу пайдалуубу?

- Бул жерде азырынча өкмөттү кетирип, кайра жаңыртуу жөнүндө маселе болбоого тийиш, менимче. Анткени азыр бааларга болгон тарифтер 1-январдан баштап ишке киришет да. Мына ошол киришкенден кийин нааразылык элде дагы күчөйт. Анткени азырынча көп сезе элек, өзгөчө кыргыздар. Ал эми нааразылык билдирип аткан кыргыз эмес улуттар болуп атат бүгүнкү күндө. Азыр кыргыздар ойгоно элек. Анткени алардын чөнтөгүнө эч ким тие элек.

Элге каршы иштердин баарын өкмөткө жасатып алып туруп, анан аларды сабап туруш керек.

Мына ошолорго тийип, нааразылыктар өтө күчөй баштаган кезде бийлик издейт, буга ким күнөөлүү. Ошондо айтат өкмөт күнөөлүү турбайбы деп. Өкмөт ошон үчүн гана түзүлүп атат бүгүн, эл ичинде популярдуу эмес, элге каршы мыйзамдарды, ошондой иштердин баарын өкмөткө жасатып алып туруп, анан аларды сабап туруш керек. Мына бул орган ошон үчүн гана түзүлгөн сыяктуу болуп атат.

Ал эми Жогорку Кеңештин легитимдүү эмес экендигин биз башынан бери эле айтып келатабыз. Анткен себеби, бул жерде биринчиден жалаң фальсификациянын негизинде шайланып келген өкмөт болсо, экинчиден мыйзамсыз шайланып келген ЖК. Ошондуктан муну таратуу, таратпоо жөнүндө легитимдүү, легитимдүү эместиги жөнүндө башка проблема болууга мүмкүн эмес. Андан кийин Жогорку Кеңешти биздин мамлекеттик башчыбыз кайсы күнү кааласа, эмне үчүн кааласа, эмне себептен экенин элге түшүндүрүп отурбай эле таратып жиберүүгө толук мүмкүнчүлүгү бар.

Азаттыктын сурамжылоосу: Бийликти реформалоодон майнап чыгабы?


XS
SM
MD
LG