Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 23:47

Өткөн эки жуманын ичинде эки тараптын чек арачыларынын ортосунда ар кандай мүнөздөгү чыр-чатактар жана барымтага кармоолор орун алып, маселени жөнгө салуу боюнча сүйлөшүүлөрдөн азырынча майнап чыга элек.

Бул аптадагы чек ара чырларынын эң эле орчундуусу бейтарап аймакка жолугушууга барышкан Кыргызстандын чек ара кызматынын жогорку чиндеги эки офицеринин кармалып, камакка алынышы болду. Буга удаалаш эле Ала-Бука чек ара отрядынын эки кызматкери кайгуул күзөт учурунда кармалган.

Катарма катар кармоолор

Өткөн 1-сентябрь күнү Ала-Бука районунун Өзбекстан менен чектешкен Көк-Таш чек ара тилкесинде лейтенант Приев Мелис жана катардагы жоокер Нуржахон Сарымсаков мамлекеттик чек араны бузушкан деген кине менен Өзбекстандын чек арачылары тарабынан кармалышкан. Андан бир күн мурун, Кадамжайдагы Пүлгөн менен Вадилдин ортосундагы бейтарап аймакка, Өзбекстандын чек ара өкүлчүлүгү менен атайын жолугушууга барышкан жеринен полковник Зиядилла Бегматов жана подполковник Исматилла Анарбаев кармалышып, коңшулаш Кувасай шаардык милициясына жеткирилген.

Айдаркен чек ара отрядынын командири Нурлан Керимканов кыргызстандык эки офицер чек ара чатактарын жөнгө салуу боюнча сүйлөшүүлөргө алдап чакыртылган деп эсептейт:

- Тескерисинче, Өзбекстан жактан кийинки кездери ар кандай чагымчыл аракеттер күч алды. Мына ушул маселелерди жөнгө салууну сүйлөшүү үчүн биздин борбордук аппараттан атайын өкүлдөр келишкен болчу. Мен өзү Өзбекстандын чек ара кызматынын тиешелүү өкүлү менен жолугушуу тууралуу алдын-ала сүйлөшкөмүн. Андан кийин дагы тараптар телефон аркылуу качан, каерде жолугушуу тууралуу макулдашышкан болчу. Анан алар бардыгына макул болот да, болжошкон жерге келип күтүп олтурушкан эки офицерди кармап туруп чек арадан ичкери алып кирип кетишкен.

"Жасалган" жалаа

Расмий бийликтин көз карашын чагылдырып келген press-uz.info сайтты Өзбекстандын улуттук коопсуздук кызматына шилтеме берүү менен кыргызстандык эки офицерге мамлекеттик чек араны бузгандыгы жана бийлик өкүлдөрүнө каршылык көрсөтүп, бейбаштык кылгандыгы үчүн кылмыш иши козголгондугун жарыялады. Муну Кыргызстандын Чек ара кызматы атайылап жасалган чагым катары баалады. Анткени бейтарап аймака чегара өкүлчүлүктөрүнүн жумушчу жолугушуусуна барган офицерлерди куралдуу топтун жардамы менен кармап, камакка алууга негиз болгон эмес.

Кыргызстандын чегара кызматынын төрагасынын орун басары Чолпонбек Турусбеков Өзбекстан тарабынан кармалгандарга карата жалган жеринен жалаа жабуу жүрүп жатат деп белгиледи:

- Бирөө килейген полковник, экинчиси килейген подполковник деңгээлиндеги аскер адамдары барышкан. Аларды алдын-ала жолугушууга чакырып туруп, анан кармап кетип жатышпайбы. Анан дагы кармагандан кийин алар мас экен, арак ичип алып чек араны бузуп киришиптир деген сыяктуу жалаа жаап жатышкандыгы кандай. Чегара өкүлчүлүктөрүнүн жумушчу жолугушуусуна кандай офицер ичип алып бармак эле. Логикага да туура келбейт. Бул эки чоң чиндеги офицердин экөө тең ичимдик оозуна албаган адамдар болчу. Аларды мас абалында мушташ чыгарышкан деп жатышат. Кана ошого далилдер. Орозо кармаган, ичпеген кишилерди алар атайылап каралап кармап жатышса бул бетпактык да.

Аңдышмай амалы

Кыргызстандын жогорку чиндеги эки офицерине удаалаш эле кыргыз-өзбек чек арасынын башка бир тилкесинен лейтенанттын жана катардагы жоокердин кармалышы Өзбекстандын чек арачыларынын бул жактагы кесиптештерине карата өчөшкөн тирешүүсү катары мүнөздөлүүдө. Анткени Кыргызстандын чек арачылары тарабынан 21-августь күнү Кадамжайдын Беш-таш айылына мыйзамсыз кирип келип, жергиликтүү жаранды уруп-соккондугу үчүн Өзбекстандын төрт жараны кармалып, жергиликтүү милицияга өткөрүлүп берилген. Алардын үчөө бажы жана бирөө улуттук коопсуздук тармактарынын кызматкерлери экендиги аныкталган. Аларды кайтарып берүү өтүнүчүнө кыргыз тарап учурунда тергөөдөн кийин жооп бериле тургандыгын айткан.

Чолпонбек Турусбеков Өзбекстандын күч түзүмдөрүнүн айрым жетекчилери кылмышка шектүүлөрдү бошотуу үчүн аларды алмаштырууга өбөлгө издеп жатышы мүмкүн деп божомолдойт:

- Жакында кармалган Өзбекстандын төрт жаранына Кадамжайда кылмыш иши козголгон болчу. Алар Беш-Таш айылына кирип келишип эле жергиликтүү бир тургунду катуу тепкилеп салышкан. Биздин чегарачылар атайын чакыруунун негизинде барышып, тигилерди кармашкан. Иш козголуп, алардын аткезчиликке дагы катыштыгы бар экендиги тастыктала баштаган. Өзбекстанда калган алардын шериктери өздөрү жактагы чоңдоруна чыгышып, кандай жол менен болбосун кармалгандарды кайтарып алууга аракет кылышкан. Бул жакта калса соттолуп кетет деп коркушуп, ар кандай ызы-чуу салышып жатышат. Муну биз аягына чейин териштиребиз.

Жообу жок жолугушуулар

Өзбекстанда кармалган жогорку чиндеги кыргызстандык үч офицерди жана катардагы бир жоокерди бошотуп алуу боюнча сүйлөшүүлөр азырынча жыйынтык бере элек. Кыргызстандын чек ара кызматынын жетекчилиги менен анын Өзбекстандык кесиптешинин телефон аркылуу байланышынын мазмууну ачык жарыяланган жок. Коңшулаш тараптын кандай талаптарды койуп жаткандыгы да белгисиз.

Коопсуздук Кеңешинин катчысы Марат Иманалиев жогорку деңгээлдеги сүйлөшүүлөр улантыла тургандыгын кошумчалады:

- Бул боюнча биздин тиешелүү жетекчилер жеринде териштирүү иштерин жүргүзүп жатышат. Бул боюнча Өзбекстандагы кесиптештер менен дагы сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатабыз. Азырынча жыйынтыгын айтыш эрте. Удаалаш ушундай окуялар болуп кеткендиги тынчсыздандырат. Ошондуктан бул маселени териштирип туруп, эки тараптуу негизде чечкенге аракет кылып жатабыз.

Тирешүүнүн тизгини кайда жатат?

Анткен менен буга чейин эле Өзбекстандын аймагы аркылуу Баткен облусуна өтүү кыргыз жарандары үчүн кыйынчылыктарды жаратып, коңшу мамлекеттин чегарачылары жүргүнчүлөргө ыдык көрсөткөн учурлары көбөйгөндүгү катталган. Талдоочулар арасында расмий Ташкендин ишаарасы болбосо чек ара тилкелериндеги мындай чыр-чатактарга кокустан эле жол берилмек эмес деген пикирлер үстөмдүк кылат.

Мына ошондуктан чек арадагы кыйчалыш кырдаалды түзүү менен Кыргызстанга басым көрсөтүү тымызын ишке ашып жатышы мүмкүн дейт серепчи Уран Ботобеков:

- Өзбекстанда паритеттүүлүктү абдан катуу кармашат. Бул деген бийликтин борборго көз карандылыгы. Алар Ташкендин уруксатысыз бир кадам алдыга жылышып, өз алдыларынча эч нерсе жасашпайт. Мына ушул өңүттөн алганда кыргыз-өзбек чегарасында болуп жаткан окуяларга расмий Ташкендин макулдугу менен болуп жаткандай сезилип жатат. Ошентсе дагы эки тараптуу сүйлөшүүлөр жыйынтык берет деген ойдомун. Анткени коңшу мамлекеттер тынчтыкта жашашы азыр абадай зарыл.

Буга чейин деле бир нече иреет, кыргыз-өзбек чек ара тилкелеринде эки тараптын тең, кенже курамдагы чегарачыларынын мыйзамды бузгандыгы боюнча бирин-бири кармап кайра коё берилген учурлары катталып келген. Бирок жогорку чиндеги офицерлердин чегара өкүлчүлүгүнө жолугушууга барып кармалып калып, аларга коңшу мамлекетте кылмыш иши козголгон учурлары болгон эмес. Мунун өзү эки мамлекеттин чек ара кызматтарынын ортосундагы аңдышмай жана барымтага алмай оюндарынын бийик деңгээлге жетип калгандыгынан кабар берет дешет талдоочулар.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG