Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:47

Баткенде аэропортту башка жакка жылдыруу талабы коюлду


Иллюстрация
Иллюстрация

16-январда Бишкекке жакын жерде болгон учак кырсыгынан улам Баткен шаарынын ортосунда жайгашкан аэропортту калаанын сыртына чыгаруу маселеси кайрадан көтөрүлө баштады. Аэропорт конушунда жашагандар мурда да бир канча жолу бул боюнча бийликке кайрылышкан.

Вице-мэр Мамасыдык Султанов Баткен аэропорту боюнча аракеттер көрүлүп жатканын билдирди. Анын айтуусунда, буга чейин аэропорт үчүн сунушталган Жаңы-Жер участкасы Кыргызстан, Тажикстан жана Өзбекстан өлкөлөрү чектешкен жерге жакын болгондуктан курулбай калган.

Аталган аэропорт 1980-жылдары чакан учактар үчүн ачылган. Учуп-конуу тилкесин кеңейтүү үчүн каражат да бөлүнүп, бирок айланасындагы жерлер үй-жай куруу үчүн бөлүнүп кеткендиктен ишке ашпай калган.

Баткенден тышкары Жалал-Абад шаарында да аэропорт шаардын ичинде. Ош эл аралык аэропортунун тегерегинде да эл жашайт.

16-январда Бишкектеги “Манас” эл аралык аэропортуна жакын Дача айылына Гонконг-Стамбул багытындагы “Боинг-747-400” жүк учагы кулап, кырк чамалуу адам көз жумду. (JsA\SE)

XS
SM
MD
LG