Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:15

Башкаруу системасын реформалоо зарылдыгы кыйла жылдардан бери айтылып, жыйынтыгында кайсы бир кызматтардын жоюлушу, экинчилеринин ачылышы менен чектелип келатат.

2005-жылдан бери бийлик менен оппозициянын ортосундагы талаш да мына ушул реформага такалып, арада үч ирет конституциялык реформа болуп өттү.

Азыркы бийлик атаандаштарынын талабы деле бийлик системасын өзгөртүү, парламенттик башкарууга өтүү, экономикалык-саясий маселелерге үй-бүлөнүн кийлигишүүсүн тыюу, демократиялык жаңылануу зарылдыгына байланыштуу экени көпчүлүккө дайын. Ушундай эле талаптар 2005-жылкы бийлик алмашуусун шарттаган. Ошондон башкаруу системасын реформалоо быйылкы президенттик шайлоодон кийин козголуп, анын ишке ашырылышына баш-аягы жарым жылга жете бербеген убакыттын бөлүнүшү артынан биртоп түкшүмөл суроолорду жаратууда. Кыйладан бери божомол-жоромолдордун төөбастысында калган ал суроолорго 20-октябрда өтчү реформа жыйынында мамлекет башчысы соңку чеккитти коер бекен же буга чейин боло келгендей орун алмашуулар менен чектелеби?

“Арнамыс” партиясынын төрага орунбасары Эмил Алиев бул ирет башкаруу системасы кардиналдуу реформага туш келиши күмөн экендигин ырастап, 2005-жылкы революциядан кийин жасалбаган андай өзгөрүүлөрдүн бул ирет ишке ашышы күмөндүү экендигин эскертти.

- Бул жерде башкарууну башка багытка алып келип туруп, ушул натыйжапуу болсун деген ой бар. Бирок кантип аткарылат? Мурункудай эле жабылып сүйлөп коюп эле унчукпай эле калсак, дагыле ошондой болуп калабы деген коркунуч бар. Эгерде бул реформалар аягына чейин чыкса анда ишениш керек.

Эмил Алиев эч кандай жыйынтыгы көрүнө элек реформага эмитен тон бычып, ал кандай болот, кандай натыйжаларга алып келиши мүмкүн экендигин күн мурунтан жоромолдоп отуруп алыш натуура болот, дейт.

Анткен менен мурунку-кийинки бийлик тушунда жыл кур эмес реформа ураандары көтөрүлүп келатканы деле жашыруун эмес. Андай ураан-чакырыктар 1994-жылдан бери такай конституциялык реформалар менен жыйынтыкталганы элдин эсинде. 2005-жылдан кийин эле үч ирет жаңыртылган Башмыйзам бул ирет да башкаруу системасын жаңылоо амалында кайрадан өзгөртүлгөнү турат. Саясат таануучу Токтогул Какчекеевдин айтуусунда, бул реформа 2005-жылы эле көпчүлүк алдында убада кылынган болчу.

- Төрт жыл бою күттүм. Ушул айткан сөзүн аткарабы-аткарбайбы, эмне болот? Эми чынын айтканда 1-сентябрда парламентте айткан сөзүн жанагы жаңы багытын, анын параметрлерин, анын койгон максаттарын, чынын айтайын, 18 жыл күттүм эле ошону уктум.

Ал сөз Токтогул Какчекеевдин ырасташынча, президент институтун кайрадан карап, анын кыйла укуктарын аткаруу бийлигине өткөрүп берүүгө байланышкан. Бирок да айтылган сөз кандай ишке ашат? Тек кожокөрсүнгө эле реформа болобу же аткаруу, мыйзам чыгаруу, сот бийликтери чындап эле өз алдынчалыкка жетишеби? Баарын президенттик акимчилик тейлеп, мурунку советтик доордон калган башкаруу стили дагыле калып калбайбы? Сотторду, жергиликтүү бийлик жетекчилерин эл өзү тандап, шайлоо укугуна ээ болобу?

Президенттин Кыргызстандын түштүк аймактары боюнча мурдагы өкүлү Алмамбет Матубраимов кыйладан бери кеп болуп жаткан реформалардан чоң үмүт кылыштын кажаты деле жок, деген пикирде.

- Өзгөрүүлөрдү сунушташы мүмкүн. Өзгөрүү болбойт. Район облустарды жок кылыш, өкмөттүн түзүлүшүн оңдоо бул Жогорку Кеңештин эркиндеги иш. Эртеге жүрүштү айтышы мүмкүн. Момундай система болот, мобулар биригиши керек, ушуларды мен сунуштайм, деп Жогорку Кеңешке документ пакеттерин бериши мүмкүн.

Көптөн бери Кыргызстанда ортолук түзүм катары сакталып келаткан облустарды жоюу, райондорду ирилештирүү зарылдыгы айтылып келатат. Мына ушул маселелерди иликтеп чыгуу максатында өткөн жылы өкмөт алдында атайын жумушчу топ түзүлүп, бирок анын иши майнапсыз аяктаган. Бул ирет демилге экинчи мөөнөткө шайланган президент тарабынан көтөрүлүүдө. Реформанын кандай болору 20-октябрдагы жыйында ачыкка чыгып калышы ыктымал.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG