Линктер

logo-print
шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 01:05

Сүйгүнчүк уулдун сүйүүсүнө арзыган реформа


Максим Бакиев башкарган агенттик жетекчилери

Максим Бакиев башкарган агенттик жетекчилери

Реформанын чоң жаңылыгы президенттин кичүү уулу Максимдин инновация жана инвестициялар боюнча борбордук агентикке жетекчиликке дайындалышы болду.

Айрым болжолчулар аны азыркы бийликтин кийинки президенттик шайлоого даярдыгы катары сыпатташууда. «Азаттыктын» бүгүнкү «бетме-бет» талкуусунун катышуучулары - социал-демократиялык партиянын саясий кеңеш мүчөсү Жыргалбек Турдукожоев менен «Кыргыз туусу» гезитинин экономика жана саясат бөлүмүнүн башчысы Марип Тайчабаров мына ушул маселенин тегерегинде ой жүгүртүшөт.

- Башкаруу реформасы тууралуу сөз болгондо мындан ары үй-бүлөлүк бийликтин чыңдалышын айта турган болуп калдык окшойт. Жыргалбек мырза, президенттин уулунун чоң кызматка келиши бул эртеңки шайлоого карата даярдык, эртеңки бийлик бөлүштүрүүнүн камылгасы болгонун айта башташты. Чын эле ушундайбы же Максим Бакиев ишкердик жөндөмү менен ушундай чоң кызматка татыктуу болдубу?

Жыргалбек Турдукожоев:
- Бул маселени эки жакгынан караш керек. К.Бакиев мурда үй-бүлөлүк башкарууга барбай турганын айтып келген. Уулу Максим болсо саясатка эч кандай аралашпай тургандыгын эчен курдай билдирген. Ошого карабастан, өкмөттөн чоң кызматка президент жарлыгы менен Максим Бакиевдин дайындалышы менен үй-бүлөлүк башкаруу расмий түргө өттү. Муну оппозиция мурда эле айтып келген. Президент буга чейин жашырып келген ишин ачыкка чыгарды. Мындан ары жашырын иш жасоо болбой калды. Үй-бүлөлүк башкаруу 5 жылдан кийин келчү президенттик шайлоонун да камылгасы. Ошого президент эмитен даярдык көрүп, өлкөдө монархиялык бийликти орнотууга аракет жасай баштады деп айтууга болот.

- Марип мырза, чоң дымак, узун кеп болгон президенттик башкаруу реформасынын чоң жаңылыгы уулу Максим Бакиевдин чоң кызматка келиши болду окшойт. Өкмөт ордунда эле калды, мындан келди реформа Максим Бакиевди кызматка алып келиш үчүн жасалган жокпу?

Марип Тайчабаров: - Башкаруу системасы мурунку компартия тушундагыдан анча деле айырмаланбай келген. Кыргыз эли башкарууну жакшы көргөн калк экен, чоң болгондордун саны көбөйгөндөн башкага жараган жокпуз. Президент кызматтын бардык тепкичтеринде иштеп келген адам. Ал башкаруу реформасын жасабаса эл турмушу жакшырбашын билип башкаруу реформасын жасады. Башталган иш жыйынтыгы менен билинет. Буга чейин жоопкерчилиги суралган эмес. Эми сөзсүз суралышы керек. Анан азыр коюлгандар сыноо болуп жатат. Эми кандай иштейт? Анан реформа төмөндөн эмес, жогортон болуп калды дешүүдө. Аскердик түшүнүк бар, аскер эч качан колбашчыга буйрук бере албайт да. Үй-бүлөлүк башкаруу деп атасыздар. Өнүккөн өлкөлөрдө президент кимдер менен иштешерин алдын-ала айтып коюшат. Курманбек Бакиев өзүнүн уулун Өнүктүрүү, инвестиция, инновация борбордук агенттигине коюп жатканда анын мыкты ишкердигин, экономикалык мыкты пландарын угуп, башка жетекчилердин андай пландары жок болсо койгондур. Президент өзүнүн командасын күчтөндүрүп жоопкерчиликти өзүнө алды. Жакшы иштеп кетсе үй-бүлөлүк башкаруу деген жок болуп кетет.

- Жыргалбек мырза, өкмөт дагыле президенттик бийликтин кол баласы бойдон калып жатат. Мындай шартта өкмөт кантип иштей алат?

Жыргалбек Турдукожоев: - 2005-жылы ага чейин, андан кийин деле өкмөттүн экономиканын өнүгүшүнө таасир этчү мүмкүнчүлүктөрү кыйла кенен болчу. Реформадан кийин өкмөттүн укуктары абыдан кесилди. Мындай өкмөт өз милдеттерин аткара албайт. Бул колу-буту байланган өкмөт. Бийлик, каражат президенттик институтка өтүп кетти. Ал Максим Бакиев жетектеген борбордук агенттикке өтүп кетти. Өнүктүрүү фондуна өтүп кетти. Мындай ресурстардан ажыраган өкмөт чалажан өкмөт.

- Өкмөттүн канат-бутагы жулунуп, таасири төмөндөп отурат. Марип мырза, өкмөттүн эми деле жетиштүү дегидей мүмкүнчүлүгү барбы? Өкмөт президенттик институттун колбаласына айланып кетпедиби?

Марип Тайчабаров:
- Өкмөтпү, башкабы – элге кызмат кылышы керек. Анан өкмөттөн мүмкүнчүлүктү алып салды дегенге мен ишенбейм. Инвестицияны борбордук агенттик алып койду деп жатасыз. Инвестицияны жалгыз эле агенттик тартып келбейт. Өкмөт кандай инвестиция керектигин ырастап, агенттикке сунуш кылса агенттик жок демек беле. Мурда инвестиция тартуу министрликтердин колунда болгон. Аларды эч ким көзөмөлдөгөн эмес. Каалагандай жумшашчу. Ал эми Өнүктүрүү фондуна келген акчалардын кайда жумшалганын көзөмөлдөчү кеңеш бар.

- Жыргалбак мырза, мына ушул эки түзүм Инвестиция, инновация, өнүктүрүү борбордук агенттиги менен Өнүктүрүү фонду өкмөттөн бийик күч болуп калышы мүмкүнбү?

Жыргалбек Турдукожоев: - Бул эки түзүм көмүскө өкмөт болуп калганын ачык эле айтыш керек. Анын уюштуруу негиздери түзүлдү. Мындан ары ал негиздерди колдонуп ал экөө иш жүргүзө баштаса өкмөткө кыла турган иш жок калат. Бу Марип мырза айтып атпайбы инвестицияны жакшыртуу үчүн президенттик институтка, борбордук агенттикке берип салды деп. Бул маселелер менен дүйнөдө өкмөт гана шугулданат. Мындай чоң экономикалык түзүмдүн президентке берилиши Конституцияга да карама-каршы келип жатпайбы. Президент үч бийлик бутагынын ортосундагы арбитр, эң бийик кызмат адамы. Эми болсо ал өкмөттүн ыйгарым укуктарын, экономикалык иштерди өз колуна алып жатпайбы. Көмүскө өкмөт дегенибиз ушул.

- Марип мырза, чын эле көмүскө өкмөт түзүлдүбү же болбосо бул экономикалык өнүгүүгө өбөлгө түзүүнүн эле бир аргасыбы?

Марип Тайчабаров: - Көмүскө экономика, көмүскө бийлик деш туура эмес. Тартылган инвестициялар министрликтер сунуш кылган жактарга бөлүнүп жатпайбы. Көмүскө дегенде келген инвестиция борбордук агенттиктен нары жок болуп кете турган нерсе эмес да. Анан акча кайда кетип жатканына инвестордун өзү деле кызыкдар го. Президент конституциялык талаптарды бузуп тартып алды дегенге да макул эмесмин. Президент шайлоо алдында бардык жоопкерчиликти өзүнө алып, экономиканы көтөрүүнүн амал-айласын жасап жатат. Мындай кадамга барышы туура. Бардыгы анын көз алдында болушу керек. 17-өкмөт шайланды деп атабыз. Ошолордун баарында келген инвестициялар бөлүштүрүлүп жок кылынбадыбы. Көзү жеткенден кийин президент ушундай жолго барды деп ойлойм.

- Жыргалбек мырза, сиз кошумчалайын деп жатат окшойсуз.

Жыргалбек Турдукожоев: - Эгер президент чын эле ошондой тилеги болсо эмне үчүн Конституцияны өзгөртүп анан болгон бийликти колуна албайт? Анан өкмөттү да өз колуна алсын! Көмүскө өкмөттү да өз колуна алсын! Бүт экономикалык маселелерди чечүүнү колуна алсын! Өкмөттү да, мамлекетти да башкарсын. Тилекке каршы, андай болбой жатат. Бул Конституцияга каршы, кайчы келген реформа болуп жатат. Президент жарлыктарын мыйзамдарга ылайык чыгарышы керек. Конституция, мыйзамдарга өзгөртүү киргизбей, жарлык чыгарып реформа жүргүзүп салбадыбы. Бул Конституцияга каршы иш.

- Марип мырза, сизде сөз барбы?

Марип Тайчабаров: - Конституцияга өзгөртүү деп сиз жалпылап айтып жатасыз. Кайсыга, кандай өзгөртүү керек? Президент элдин, мамлекеттин келечегине жоопкер. Конституцияга өзгөртүү киргизебиз деп канча жолу чабыштык. Эми келечекте ушундай натыйжалуу иштерге баруу менен Конституция да өзгөрөт деп ойлойм.

- Анда эмесе талкуубузду жыйынтыктасак. Мырзалар ишиңерге ийгилик, реформа жөнүндөгү сөз дагы улантылат, деген ойдобуз.
XS
SM
MD
LG