Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:29

2-мөөнөткө шайланган президент Курманбек Бакиев башкаруу системасын реформалоого жарым жыл убакыт бөлүнөрүн жарыя кылды.

Ага чейин Жогорку курултай, президенттик кеңеш түзүлүп, өнүгүү институту, ошондой эле аталыштагы фонд, агенттик, улуттук долбоорлор ишке кириши абзел.

Башкаруу системасын жаңыртуу, бийлик менен элдин карым-катышын чыңдоо амалы Курманбек Бакиев шардана кылган реформа Жогорку курултай президенттик кеңеш аркылуу ишке ашырылмакчы. Кыйладан бери Элдик курултай институтун түзүү демилгесин көтөрүп келаткан “Теңир Ордо” коомдук фондунун төрагасы Дастан Сарыгуловдун ырасташынча, жаңы түзүмгө кимдер кирерин жер-жерлердеги аткаминерлер эмес, элдин өзү аныкташы керек. Жогорку курултай элдин көйгөйүн бийлик алдына коюп, көпчүлүктүн талабы кандай аткарылып жатканын көзөмөлдөөгө жетишкен чакта гана өз озуйпасын аткара алат.

“Жогорку курултайдын мүчөлөрүн эл шайласа, анан эл өзү чакырып ала алса, анда, бул, мүмкүн, эл үчүн иштеп берет,- дейт Дастан Сарыгулов.- Эгерде аны бийлик дайындаса же акимдер, губернаторлор шайлады деген шылтоо менен алдын-ала бүт тизмеде гана каралган адамдарды алып барса бул ошол президенттин сөзүнөн чыкпайт, президенттин оюн колдойт”.

Башкаруу системасын реформалоо, бирин-экинчиси кайталоону азайтуу демилгеси эгемендик жылдарында кез-кез көтөрүлүп, бирок анын натыйжасы аткаминерлердин арбышынан башкага алып келе элек. Бул ирет президенттик акимчиликтин биртоп кызматы өкмөт аппаратына өткөрүлүп, Мамлекеттик катчы кызматы жоюлмакчы. Алардын ордуна Өнүгүү институту, ошондой эле аталыштагы фонд, улуттук агенттик, улуттук долбоорлор иштегени турат. Каржылык булактардын кашында отурчу бул кызматтар деле бюрократиялашып кетпейт, деп эч ким кепилдик бере албайт. Парламент депутаты Иса Өмүркуловдун айтуусунда, буга чейин өкмөттүк түзүмдөрдү кошуп же ажыратуу, жаңысын түзүү башкаруу системасын реформалоо катары сыпатталып келди.

“Эң негизгиси натыйжа жок болуп жатат. Экономикада да өсүш жок, социалдык маселелер да каралбай калды. Идеологиясы өзүнчө калды”, деп ырастайт Иса Өмүркулов.

Кыргызстан бюджетинин киреше бөлүгүнүн чейреги мамлекеттик башкаруу системасын кармоого кетет. Оңор эмес акчанын кайрымжысы кайтарылбай, өлкө коррупция сазына биротоло батып калганы эч кимге жашырын деле сыр эмес. Аны президент К.Бакиев парламент мүчөлөрүнүн алдында сүйлөгөн сөзүндө да учкай белгилеп, коррупцияны азайтыш үчүн өкмөттү чарбалык маселелерди чечүүдөн четтетиш керектигин айтты. Ушул эле ойду улантып, парламент депутаты, коммунисттер фракциясынын мүчөсү Анаш Сейитказиев кабыл алынган мыйзамдардын аткарылышын көзөмөлдөө күчөтүлүшү керек, деген пикирде.

“Мына, канча мыйзам, канча токтом чыгып жатат,- дейт А.Сейитказиев. – Ошону аткарбай койгондун бирөөн да бүгүнкү күндө кызматтан ала элек”.

Парламенттеги “Акжол” фракциясынын өкүлү Рашид Тагаевдин ырасташынча, башкаруу системасын реформалоо мыйзамдык негизди бекемдөөдөн башталат. “Мыйзамдар иштеши керек, - дейт Р.Тагаев. - Ал мыйзамдарды аткарбагандар жазасын алышы зарыл”.

Президент К.Бакиевдин экинчи мөөнөтү башкаруу системасын реформалоо демилгеси менен башталды. 90-жылдары орусиялык радикалдар эңгезер өлкөнү 500 күн ичинде базар экономикасына өткөрүп, демократиялык баалуулуктарды жайылтуу сунушун көтөрүп чыгышкан. Кыргызстандагы башкаруу системасына реформалоо ашып барса жарым жыл ичинде ишке ашырылары айтылууда. К.Бакиевдин кезектеги демилгесинин ишке ашар-ашпасын алдыдагы 170 күн көрсөтмөкчү. Күтө туралы.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG