Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:33

«Боинг-747» учагынын экипаж мүчөлөрүнүн сөөгү Түркияга жиберилди


Авиакырсыктын курмандыктары.
Авиакырсыктын курмандыктары.

Кырсыкта набыт болгон үч учкуч: Ибрагим Даранжи, Хазим Ондун жана Исхон Коштун сөөгү 18-январда Түркиянын Кыргызстандагы элчилигине өткөрүлүп берилген. Учкучтардын жасаттары бүгүн таңга жуук мекенине жүк ташуучу учак менен жиберилгени маалым болду.

Төртүнчү учкучтун сөөгү азырынча тааныла электиги айтылууда.

16-январда "Манас" аба майданына жакын Дача айылына учактын кыйроосунан 38 киши набыт болгон. Алардын 34ү жергиликтүү тургундар, төртөө экипаж мүчөлөрү. (ZKo)

XS
SM
MD
LG