Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:43

Ооган согушу - айыкпас жара


Мурдагы Советтер Биримдигинин Ооганстандан өз аскерин чыгарганына бүгүн (15-февралда) жыйырма жылдын жүзү болду. Ооган согушунда курман болгон жоокерлерди эскерүү бүгүн Бишкектеги “Ата-Түрк” сейилбагында өттү.

Кыргызстандан Ооган согушуна жети миңден ашуун аскер жөнөтүлгөн эле. Алардын 252си курман болуп, бир жарым миңдейи жараат алышкан. Алты жүзгө жакыны майып болуп кайтышкан.

15-февралда Кеңеш доорундагы жоокерлердин Ооган аймагынан чыгарылганына 20 жыл толду. Буга байланыштуу пост-советтик Кыргызстанда да ооганчы-жоокерлерди эскерүү иш-чаралары өттү.

Жекшембидеги “Ата-Түрк” паркындагы эскерүү-реквиемине Бишкек шаарынын биринчи вице-мэри Олег Тарбинский, Кыргызстандын Чегара кызматынын башчысы Замир Молдошев жана ооган согушунун ардагерлери катышып, алар мекенине кайтпай калгандарды эскеришти.


Ар жыл сайын салтка айланган эскерүү иш-чарасына ооган согушуна катышкан ардагерлер, ааламаттан кайтпай калган жоокерлердин ата-энелери, туугандары жана улуттук гвардиянын жоокерлери, коомчулуктун өкүлдөрү катышты.

Эскерүү жыйынында сүйлөгөн Бишкектин биринчи вице-мэри Олег Тарбинский ооганчы ардагерлерге шаар жетекчилиги колдон келген жардамын аянбастыгын билдирди.

Ооган согушуна Кыргызстандан алгачкылардан болуп барып, кайтып келгенине отуз жылдай убакыт болгон ардагер, милициянын майору Ишен Алыбаев бул күн курман болгон досторун эскерген кейиштүү жана аман калгандар үчүн кубанычтуу учур экенин белгиледи.

Ооган согушунун ардагери, подполковик Талдыгул Исаевдин пикиринде, алар Ооганстанга баскынчы катары барбай, алардын солчул реформаларын коргоо үчүн барышканын “Азаттыкка” айтып, жылдан жылга катарлары азайып баратканына кейиди:

- Кыргызстандан Ооган согушуна жети миңден ашуун жоокер барган элек. Алардын ичинен 252си курман болуп, бир жарым миңдейи жараат алышкан. Алты жүзгө жакыны майып болуп кайтышкан. Эми жылдан жылга катарыбыз суюлуп эле баратат.
Ооган согушунун ардагери, генерал-майор Мелис Бекбоевдин пикиринде, ооганчыларга каралган өкмөттүн социалдык жеңилдиктерин Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлериники менен теңдештирүү зарыл:

- Оогандагы согуштан алган жаракаттын, психологиялык оорунун айынан акыркы эки жылда эле миңден ашуун ооганчы ардагерлерден айрылып калдык.


Милициянын полковниги Шейшенбек Байзаков болсо бул согуш мурдагы Совет жетекчилиги геосаясий оюндардын алкагында баштаган эч кереги жок опаасыз алаамат болгонун айтат:

- Кеңеш өкмөтүнүн аскери Ооганстанга киргени туура эмес саясат болгон. Ошол согуштан канча жигиттер курман болду! Кеңеш өкмөтү эгемендүү Ооган мамлекетинин ички иштерине кийлигишкени геосасаттын айынан келип чыккан керексиз согуш болгон. Бул керек эмес эле.

Коомдук ишмер, Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Шамшыбек Медетбековдун пикиринде, Ооганстан айыкпаган жара болуп, учурунда кеңеш өкмөтү Ооганстандын кен байлыгына көз арткан болсо, учурда Оогандагы мыйзамсыз апийим өндүрүү, “ал-Кайида” уюму шыкактаган талиптердин улам күчөгөн террордук аракеттери эл аралык коомчулукту тынсыздандырып турат.

Кыргыз эли ушул күндөрү Ооганстандан кайтпай калган мекендештерин кабыргасы кайышып эскерип жатат.

Алар үчүн эстеликтер орнотулган, аларга арналып поэмалар, обондуу арман ырлар чыккан. Алардын бирин таанымал кыргыз өнөрпозу Роза Аманова комузу менен коштоп ырдап аткарып жүрөт.


Ал эми Ооганстандын өзүн алсак, анын калкынын бир жарым миллиондою ооган-совет согушунда набыт болду, беш миллиондой ооган, башкача айтканда, өлкө калкынын дээрлик үчтөн бири, өз шаар-кыштагынан качып, бозгундукка кетүүгө аргасыз болгон.

Алардын арасында үч миңдей Ооган Памиринде байырлаган кыргыздар да бар. Бүгүнкү күнү алардын көпчүлүгү Түркиянын Ван аймагында жашайт.

Адатта, кыргыз басма сөзүндө алатоолуктардын гана арманы айтылып, оогандыктардын өздөрүнүн азап-тозогу анчейин сөзгө алынбай келет.

Совет тышкы саясатынын зардабы менен башталган куралдуу атуулдук тирешүү азыркы күнгө чейин ооган элин кыйнап келет.

  • 16x9 Image

    Кабыл Макеш

    "Азаттыктын" спорттук баяндамачысы. Кыргыз улуттук университетинин журналистика бөлүмүн бүткөн. Кыргызстандын дене тарбия жана спорт энциклопедиясынын жана төрт китептин автору.

XS
SM
MD
LG