Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 10:28

Учурда Кыргызстанда дан эгиндерин оруп-жыйноо иши жүрүүдө. Өлкөдө эгиндин баасы былтыркыга салыштырмалуу жогору. Мындай көрсөткүч дүйнө жүзүндө да байкалып, буудайдын баасы 70 пайызга өсүп, айрым мамлекеттер эгинде экспортттого тыюу салышты.

Дүйнөлүк рынокто буудайдын баасы акыркы эки жылда төмөндөп кетти. Учурда болсо эгиндин наркы көтөрүлүп июнь айына салыштырмалуу баа бир жарым эсеге жогорулап, тоннасы 211 еврого барабар болууда.

Баанын мынчалык тез калыпта өсүшүнө Орусияда кургакчылыктын таасир тийип буудайдын 20 пайызы күйүп кеткендиги себеп болгон. Орусия мындай шартта эгинди сыртка экспорттоого тыюу салды. Дүйнөдөгү эң ири экспорттоочу болуп эсептелген бул өлкө өткөн жылы 21 миллион тонна эгинди чет мамлекеттерге саткан. Быйыл болсо 15 миллион тоннага чейин буудай башка өлкөлөргө алынып чыгышы болжолдонууда.

Өлкөнүн айыл-чарба министри Александр Беляев экспорт токтобосун белгилеп, бирок биринчи кезекте Орусия өз керектөөсүн жабышы керек деп билдирди.

Айыл-чарба жаатындагы адис, профессор Жамин Акималиев дүйнөлүк базардагы мындай акыбалды эске алуу менен коңшу өлкөлөрдөн жеңилдетилген баада буудай алып келүү зарылдыгын айтат:

-Мындай акыбалда бийлик Орусия менен сүйлөшүшү керек. Алар буга чейин Кыргызстанга жардам көрсөтүүгө даярбыз деп келишкен. Казакстан дагы жеңилдетилген баа менен эгин сатса жакшы болмок.

Кыргызстандын түшүмдүүлүгүнө жараша жылына 300-400 миң тонна чейин буудай Орусия жана Казакстандан экспорттолуп келчү. Ошондуктан коңшу өлкөнүн мындай кадамы Кыргызстанда эгинге болгон баанын кымбатташына алып келиши мүмкүн.

Буудайдын дүйнөлүк рыноктогу баасынын кымбатташы Кыргызстанга кандай таасир этет. Деги эле Кыргызстан эгин менен өзүн өзү камсыздай алабы?

Адистердин баамында, өлкө өзүн өзү толук түрдө камсыздоого мүмкүнчүлүгү жетет. Ал үчүн дыйкандарга атайын белгиленген программанын негизинде өкмөткө колдоо көрсөтүшү зарыл. Алсак, 2009-жылы талаа ээлерине буудай тигүү зарылдыгы айтылып, эгиндин ар бир килограммын мамлекет 10 сомдон сатып алаары маалымдалган. Ал жылы түшүм рекорддук көрсөткүчкө жетип бир миллион 50 миң тоннаны түзгөн. Мындай көлөмдөгү дан өлкө жашоочуларын нан менен кымсыздоого толук жетмек. Бирок ал ирээт өкмөт тараптан 10 сомдон сатып алуу боюнча айтылган убадалар унутта калып, буудайдын наркы 4-5 сомдон көтөрүлбөй, дыйкандар чыгашага учурашкан.

Ошондуктанбы айтор быйылкы жылы талаа ээлери эгинди 25 миң гектарга аз себишип, түшүмдүүлүк дагы өткөн жылдагыдан 5-6 центнерге төмөн болгон.

Жамин Акималиевдин баамында быйыл Кыргызстанда өндүрүлүп жаткан буудай өлкө калкына жетпейт:

- Быйылкы жылы буудай өндүрүүнү аксатып алдык. Себеби дыйкандарга көңүл бурулбай, жардам көрсөтүлбөй калган. Ошондуктан быйыл буудай аз себилди, түшмү да начар болуп жатат. Бул багытта атайын саясаттын жоктугунан дыйкандар өздөрү менен өзү болуп калышты. Менимче быйыл буудайдын жалпы көлөмү 750 миң тоннадан ашпайт. Ал эми айыл-чарба министрлиги 950 миң тонна дан алабыз деп айтышууда. Бизге быйыл буудай жетпей калышы мүмкүн.

Буудайдын наркынын дүйнөлүк базарда көтөрүлүшү өлкөнүн ички бааларына да таасир этүүдө. Өткөн жылы буудай эгип киреше албай калган дыйкандар мүмкүн быйыл эмгегибиз акталабы деп турушкан чак.

Бишкектин чет жакасында жайгашкан дан базарда эгинге болгон баа күн санап өсүп жатканын сатуучу Төкөн Амандыков белгиледи:

- Учурда буудайга суроо талап өсүүдө. Оруп-жыйноо иши башталганда биз эгиндин килограммын беш сомдон, кийин алты, азыр болсо жетиге чейинки баада алуудабыз. Сатыка 50 тыйын же бир сом кошуп чыгарабыз. Дандын баасы эми көтөрлүгөндөн көтөрүлөт окшойт. Эми күздүн келиши менен дыйкандар буудайды көп айдашса жакшы болот эле.

Акыркы мезгилде баткендик дыйкандар талаа иштерине сарптаган чыгымдарын актай алышпай дыйканчылыктан киреше аз болуп жаткандыктан жер айдагандардын саны кыскарышы мүмкүн экендиги белгиленүүдө.

Баткен облусунда жалпысынан 30 миң гектар аянтка дан эгиндери айдалган. Өндүрүлгөн дан облус калкынын керектөөсүн толук камсыздай албайт. Ушу тапта Баткен шаарында буудайдын базар баасы 8-10 сомду түзүүдө. Өткөн жумада болсо буудайдын килосу 6-8 сомдон сатылган эле.

Өз талаасынан өндүргөн буудайын базарда 8-10 сомдон сатып жаткан дыйкан Мамарасул данга болгон баанын кымбаттоосу, күйүүчү майдын кымбаттыгы жана оруп-жыйноонун баасы жогору болуп жаткандыгы менен түшүндүрдү.

Өткөн жумада Баткенге иш сапары келген өлкө башчысы Роза Отунбаева аймактын активдери менен жолугушуп жатып мамлекеттик корго дыйкандар өндүргөн буудайды базар баасынан жогору сатып алынарын билдирген.

- Буудайдын базардагы наркы алты сомдун тегерегинде болууда. Биз дыйкандардан бир килограмм эгинди 10 сомдон сатып алууну пландап жатабыз. Жакынкы арада 30 миң тонна буудайды сатып алууну жүргүзүп, мамлекеттик кампаларга сактайбыз.

Өлкө президенти дыйкандар үчүн мамлекет кам көрүп, өндүрүлгөн продукциясын сатып алабыз деп айтканы менен буудай оруму аяктап калса да аймактарда мындай сатып алуулар тууралуу али эч кимде маалыматы жок. Ушундай эле убадалар мындан мурдакы бийлик учурунда да бир нече жолу айтылып, бирок анын үзүрүн эч бир жөнөкөй дыйкандар көргөн эмес.

Айыл чарбасы боюнча жергиликтүү адис Абдыганы Шадыманов дыйкандардын эмгеги акталбайт, анткени сапаттуу үрөн жок, аймакта мээнетти актай турган түшүм алынбайт деген пикирин айтып, аларга колдоо керектигин белгиледи.

Айыл чарба министрлигинин маалыматы боюнча быйыл 376 миң гектар аянтка буудай эгилген. Учурда Кыргызстанда оруп жыйноо иши кызуу жүрүп, талаалардын дээрлик жарымысы чабылып бүттү.

Айыл чарба министрлигинин өсүмдүктөрдү өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы Марат Бексултанов эгинге болгон баа быйыл жогору болот деген ишеничте:

- Быйыл, дыйкандар үчүн дан өсүмдүгүн сатыкка алып чыгуу оңой болот деген ойдобуз. Бирок буудайдын сапатты жогору болушу негизи шарт бойдон калууда. Эгин өстүрүүдө агротехникалык ыкмаларды колдонгон талаа ээлери жакшы түшүм алат деген ойдомун. Тилекке каршы дыйкандар мүмкүнчүлүгү жоктугунан улам бул талаптарды аткара албай жатат. Ошондуктан алар буудай сээп, анан түшүм алам деген ойдон арылышы керек.

Өткөн жылы дыйкандарга колдоо көрсөтүлүп, алар өндүргөн буудайды сатып алуу туура жүргүзүлгөндө, мүмкүн быйыл да ири өлчөмдөгү түшүм жыйылмак. Кечээ бийлик тараптан кетирилген каталар, бүгүн карапайым калктын мойнундагы жүккө айлангансыйт.
XS
SM
MD
LG