Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:13

БУУДАЙ ОРУЛУП ЖАТАТ


Ушул тапта өлкөнүн түштүгүндө күздүк арпа-буудай оруу кызуу жүрүп жатат. Айыл, суу чарба жана кайра иштетүүчү өнөр жай министрлигинин маалыматы боюнча бүгүнкү күнгө чейин жалпы республикадагы буудайдын 7% орулду. Ар жекшемби сайын обого чыгуучу “Адам жана базар” аттуу экономикалык программабыздын бүгүнкү чыгарылышында мына ушул маселе тууралуу кеп болмокчу.

Ушул тапта түштүктөгү үч облуста жана Чүй облусунда күздүк арпа-буудайды оруп-жыюу кызуу жүрүп жатат. Айыл, суу чарба жана кайра иштетүүчү өнөр жай министрлигинин маалыматы боюнча бүгүнкү күнгө чейин жалпы өлкөдөгү айдоо аянтындагы кылкандуу дан эгиндеринин 7% орулуп бүттү. Министрлик эгин оруп-жыюучу техникаларды колдонуу менен арпа-буудайды өз учурунан кечиктирбей жыйнап алууну көздөөдө. Ушул тапта оруп-жыюу иштерине колдо болгон техниканын 65-70% иштетилүүдө. Өткөн жылкы буудайга жана унга болгон баанын кымбатташынан улам быйылкы жылы жалпы Кыргызстан боюнча буудай башка жылдарга караганда арбын айдалды. Бирок түштүк облустарда буудайдан алынган түшүм канааттандырарлык болгону менен Чүй облусунда эгиндин түшүмү начардыгы эмитен эле белгилүү болууда. Буга негизги себеп катары –100 миң гектарга жакын жердеги эгинди үшүтүп кеткен жазгы суук айтылууда. Мындан тышкары кургакчылык да түшүмдүн мол болушуна кедергисин тийгизди.

ТҮШТҮКТӨ ЭГИН КЫЗУУ ЖЫЙНАЛЫП ЖАТАТ

Жаз мезгилинде жаан-чачындын аз болушу жана сугат суунун жетишсиздиги Жалалабаттык дыйкандардын да шаштысын алды. Кудайдын кулагы сүйүнсүн, бирок облустагы айрым аймактарда мээнеткечтер айдаган буудайынын 1 гектарынан 40 центнерге чейин түшүм алышууда.

Обулустун сугарма жерлеринде эгин чаап-жыйноо иши күрдөөлдүү жүрүүдө. Быйыл 70146 гектар аянтка дан өсүмдүктөрү, анын ичинде 43093 гектарга буудай айдалган. Сузак, Базаркоргон, Ноокен, Аксы, Алабука райондорунда буудайдын түшүмдүүлүгү жылдагыдан жогору. Бирок, Токтогул, Чаткал, Тогузторо өңдүү тоолуу аймактарда эгин быша электигине байланыштуу оруп-жыйуу иши баштала элек. Облбийликтин агрардык өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы Нурбек Жээналиевдин айтышынча буудайды 147 комбайн жыйноодо:

- Быйыл облус боюнча 120 миң тонна дан азыгы жыйналып алынуусу күтүлүп жатат. Топтолгон ал түшүм миллионго жакын калкы бар облустун данга болгон жылдык керектөөсүнүн 52 пайызын камсыз кылат. Комбайдардын запастык тетиктери жагынан көйгөйлөр бар. Жалпысынан эгин чаап-жыйноого 260 комбайн даярдалган,

Үлүш жерлерине эгин айдаган жеке дыйкандар үчүн эмитен комбайн тартыш болууда. Нурмамат Сапарбаев Базаркоргон районундагы Кеңеш айыл өкмөтүнөн тийген үлүшүнө буудай өстүргөн. Анын айтымында күндүн ысыгы эгиндин түшүмүнө таасирин тийгизип жатат:

- Быйылкы кургакчылык буудайдын түшүмүнө терс таасирин тийгизди. Анын үстүнө комбайндын жетишсиздиги –буудайды орууну кечеңдетүүдө. Анткени өтө бышып кеткен буудайдын башы комбайн тийгенде күбүлүп, жерге түшүп калат.

Ноокен районундагы «Үмүтай» үрөнчүлүк чарбасы 80 гектар жерге эгин сепкен. Чарба буудай оруп-жыйноонун жыйынтыгын чыгарып, муктаж болгондорго жетиштүү үрөндү камдап койду. Чарбанын мүчөсү Акрам Сатиевдин ишениминде райондун Сакалды өрөөнүндөгү эл ун-дан азыктарына муктаж болушпайт:

- Жеке жана дыйкан чарбалардын бул аймактагы түшүмдүүлүгү гектарына 40 центерден жогору болууда. Бирок эгин өстүрүүдө дыйкандар үчүн зарыл каражаттардын бардыгы кымбатка турду жана жетишсиз болду,

Сузак районундагы «Тилек» атттуу өндүрүштүк бирикме эгин чаап-жыйноону эки-үч күн мурун баштады.Бирикменин төрагасы Бекболот Ибрагимов райондун Көкарт өрөөнүндөгүлөр үчүн жылдагыдай эле эгин суусы кыйла тартыш болгондугун билдирди.

Бирок жеке дыйкандар үчүн эгин өстүрүү оңойго турган жок. Райондун Курманбек айыл өкмөтүндө эгин жумшалган мээнетти актабай коюусу ыктымал. Анткени айыл тургуну Жолдошалы Биймурзаевдин айтымында жамгыр жаабай, адыр жерлерине суу жетпегендиктен өстүрүлгөн буудай орокко да араң илешет. Ошондуктан ал эки гектарга жакын үлүш жерине буудай эмес арпа айдаганын, унду базардан сатып алаарын айтты:

- Күндүн ысыгына байланыштуу буудай өспөй, бою бир карыш кезинде эле баш алып алган. Түшүм начар эле болуп атат. Ылдыйдагы суулуу жерлерге бизди теңеп, мактанып атат. Бирок бизде начар. Орок менен да эптеп кылдат карап оруп албасак, быйыл буудайсыз калабыз. Жер семирткич, күйүүчү май, айдатканы баары кымбатка туруп атпайбы, -деген оюн билдирди чет жакта иштеген уул-кыз-келиндери жиберген акчага 15 небересин багып-чоңойтуп жүргөн Таран базар айлынын тургуну Жолдошалы Биймурзаев.

Баткендик дыйкандар сугат жерге эгилген буудайдан 30 центнерден буудай алышууда. Облус боюнча 20 миң гектар буудай айдалган болсо, учурда анын 7800 гектары орулуп жыйналган. Бул жалпы эгиндин 38 пайызын түзөт. Орукка кошуна Өзбекстан жана Тажикстандан жалданган комбайндарды кошо эсептегенде 103 комбайн тартылды. Бул кызматы үчүн жергиликтүү дыйкандар комбайнчыларга бир гектарына 3000 сом акча берип ордуруп жатышат. Түшүмдүүлүк болсо Баткен дыйкандары суулуу жерден гектарынан 30 центнер, кайрак жерден 11 центрден кызыл дан алышууда. Ош облусунун райондорунда да оруп-жыюу өнөктүгү күчөдү. Жергиликтүү дыйкандар жана эксперттер түшүм ойдогудай болбой жаткандыгына кейип, азык-түлүк каатчылыгы күтүлөт деп кооптонушууда. Ошол эле учурда бийлик башчылары былтыркыдай тартыштыкка жол берилбейт деп ишендирип жатышат. Облустун Араван, Карасуу, Ноокат райондорунда буудай оруп-жыюу аягына чыга жаздап калды. Облус боюнча 40 комбайн иштеп жатат.

Жогоруда айтылгандай жалпы Кыргызстандагы кылкандуу дан эгиндерин оруп-жыюу өнөктүгү жаңы эле башталды. Эртеңки жумадан тартып оруп-жыюу Талас облусунда да башталат.

НЕГИЗГИСИ АЛИ АЛДЫДА

Эгин оруп-жыюу, буудайдын түшүмдүүлүгү тууралуу суроолор менен биз айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлигинин айыл чарбасын өнүктүрүү башкармалыгынын жетекчиси Аскарбек Сагынбаевди кепке тарттык:

- Аскарбек мырза, буудай оруп-жыюу кызуу жүрүп жатат. Жалпы өлкө боюнча канча бөлүгү аягына чыгып калды?

- Түштүктө үч облуста жана Чүй облусунда күздүк кылкандуу дан эгиндерин жыйноо иштери жүрүп жатат. Жалпы республика боюнча 37 миң гектар жерде кылкандуу дан эгиндери жыйналып бүттү. Анын ичинен буудай 6,5%, арпа 8% жыйналды.

- Быйылкы түшүмдүүлүк кандай болуп жатат?

- Алгачкы жыйналган данды “бункердик” салмак менен эсептеп коебуз. Мына ушул салмак менен түштүктөгү ысык райондордо, суулуу жерлерде түшүмдүүлүк жогорку көрсөткүчтү көрсөтүүдө. Баткенде гектарына 29 центнерден, Жалалабатта 35 центнерге чейин, Ошто 37 центнерге чейин жыйналып атат. Ал эми Чүйдө өзүңүздөр жакшы билесиздер: жазгы үшүк 32 миң гектар күздүк буудайды кыйратып кетти. Мунун натыйжасында Чүйдө 1 гектар жерден буудай 14-15 центнерден, арпа 14 центнерден түшүм берип жатат.

- Маегиңизге чоң рахмат!
  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG