Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:12

Кант кызылчасынын санаасы


Кыргызстанда кант кызылчасын өндүрүү тармагы оор учурду баштан кечирүүдө. Жергиликтүү дыйкандар кийинки мезгилде өзүн-өзү актабай калгандыктан, кант кызылчасынын айдоо аянттарын кыскартууга аргасыз болушкан. Ошол эле учурда өзүн-өзү камсыздоого толук табийгый мүмкүнчүлүгү болуп туруп, өлкө сексен беш пайыздан ашуун ак кант менен кумшекерди сырттан ташып келүүгө муктаж

Кыргызстандын Чүй жана Талас облустарында кезинде кырк миң гектардан ашуун аянтты ээлеген кант кызылчасын айдоонун деңгээли өткөң жыйырма жылдын ичинде сегиз миң гектарга чейин кыскарган. Буга сатып-өткөрүүдөгү кыйынчылыктардан улам дыйкандардын кызыкчылыгынын кескин азайгандыгы себеп болгон. Мурдагы кызылчачы Нурайым Сооданбекова өкмөт куру убададан башка жарытылуу жардам бере албай жаткандыгына токтолду:

- Биз дыйкандар жерди мээнет менен иштетип кызылчаны айдап жатабыз. Бирок ошол алынган түшүм өзүн актамак түгүл кийинки жылдары кеткен чыгымды жаппай калып жатпайбы. Мына ошол себептен дыйкан жылдан-жылга кызылчасын айдагысы келбей калды. Мамлекет болсо канча убада бергени менен кызылчачылыкты колдобой эле турат. Эгерде колдосо дыйкандардан башка да кант заводдору толук иштемек, адамдар жумуш менен камсыз болмок.

Совет доорунда Кыргызстан кумшекер менен өзүнүн ички керектөөсүн гана эмес, бүтүндөй Орто Азия Республикаларын камсыздоого жетишип турган. Учурунда кант кызылчасын иштеткен жети завод иштесе, азыр ошолордун экөө – “Кайыңды кант” жана “Кошой” гана сакталып турат. Бирок бул эки заводду тең орусиялык “Алъянс” компаниясы сатып алгандан бери кант кызылчасы тармагы кыйроого дуушар болгон. Өткөн жылы бул ишканалар кайрадан жергиликтүү ишкерлердин колуна өткөн.

-Бизде система жок да. Анан кожоюндар Россиялыктар болгондуктан келишимдер да убагында туура эмес түзүлүп калган экен. Дыйкандарды алдашып, түшүмдү арзан баада алышкан. Ошондуктан дыйкандар кызылча айдаганга кызыкдар болбой калышкан болчу. Былтыртан бери кудайга шүгүр, биз кызылчачылар арасында үгүт иштерин жүргүзгөндүктөн айдоо аянттарын кичине көбөйттүк. Эмдиги жылы дагы бул көлөмдү эки эссеге жогорулатсак дейбиз. Анан ошондо жок дегенде өзүбүздү камсыздаганга жарап калат элек, – дейт “Кайыңды кант” заводдунун башкы директору Дүйшөн Матеев.

Буга чейин сырттан ташылып келинүүчү кумшекерден отуз пайыздык бажы төлөмүнүн алынып салынгандыгы боюнча маалымат тарап кеткен. Бирок бул маалыматты төгүндөгөн Убактылуу Өкмөттүн агроөнөр-жай бөлүмүнүн башчысы Самир Осмоналиев учурда ата-мекендик кант кызылчасын өндүрүүчүлөрдү колдоо боюнча атайын иш-чаралар жүргүзүлүп жаткандыгына токтолду:

-Заводдун, комбинаттардын жетекчилери жана акционерлери менен сүйлөшүп бир чечимге келдик эле. Дыйкандар эч ойлонбостон, кабатырланбастан кант кызылчасын быйыл жыйнап алышып, аталган эки ишканага алып келип өткөргөнгө мүмкүнчүлүктөрү бар. Бизди сүйлөшүүлөрдүн негизинде аталган ишканалар кызылчаны татыктуу баада сатып алганга убада беришти.

Быйыл жылдагыдан көбүрөөк - 25 миң тонна кум шекер өндүрүү мерчемделип жаткандыгы айтылды. Бирок бул сан өлкөнүн ички керектөөсүнүн болгону он алты пайызын гана араң камсыздайт. Канттын калган бөлүгү жылдагыдай эле Орусиядан, Белорусиядан жана Казакстандан ташылып келинмекчи.

XS
SM
MD
LG