Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 5-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 23:17

Кыргыз өкмөтүнүн АКШнын аба-аскерий базасын өлкөдөн чыгаруу чечимине байланыштуу “Азаттыктын” таңкы түз ободогу суроолоруна коомдук жана саясий ишмер, ЖКнын мурдагы депутаты Шамшыбек Медетбеков жооп берди.

- Шамшыбек мырза, сиздин оюңузча базаны чыгаруу чечимине президент Москвада белгилегендей экономикалык жактан ич ара түшүнүшүүнүн жоктугу, жарандардын талаптары түрткү болдубу, же Орусиядан каражат алуу муктаждыгы ушуга түрттүбү?

- Менин оюмча, азыр дүйнөлүк каржы кризиси болуп аткандыгына байланыштуу го. Анын үстүнө төрт жылдан бери базанын айланасында соода иштери болуп атат. Бул маселенин баасы кыргызстандыктарды абдан кызыктырат болуш керек. Себеби мына бүгүнкү күнгө чейин АКШ көзөмөлдүк кылган дүйнөлүк каржы институттары Кыргызстанга көптөгөн жардамдарды берип жүргөн. Бүгүн 2 млрд. доллардан ашык карызыбыз бар. Ошол себептен бир топ келишимдерге кол коюлат экен. Анын ичинде Камбар-Ата ГЭСинин курулушу боюнча. Андан бөлөк дагы кандай каржылык жардамдар берилет? Ага жараша Кыргызстан көз карандысыз мамлекет катары орду болобу? Суу ресурстарын кожоюн катары пайдалана алабы? Кептин бардыгы менимче азыркы күндө ушунда болуп атат.

- Өкмөттүн база тууралуу чечимин эми парламент тастыкташы керек. Сиздин пикириңизде, Жогорку Кеңеш кандай баа бериши мүмкүн?

- АКШ аскер базасы боюнча меморандумда өтө көп пункттар бар, АКШнын кызыкчылыгын коргой турган. Алты ай мурун айтылыш керек, парламент ратификациялаш керек деген өңдүү оор процедуралары бар. Менин оюмча ырас, өкмөтүбүз ушундай чечим кабыл алып берип аткандан кийин биздин парламентибиз, “Ак жол” фракциясы колдоп берет деген ойдомун. Бул жерде проблема деле болбойт.

- Базага байланыштуу соодалар жүрүп жатат деп өзүңүз да айттыңыз, АКШ, Орусия өңдүү чоң державалардын ортосунда Кыргызстан биринин базасын чыгарып, экинчисинен 2 млрд. 150 млн. доллар акча алып атат. Кыргызстандын бул жерде утулушу кайсы, утушу эмнеде?

- Азыр айтыш кыйын болуп атат. Кызматташуу боюнча үстүртөн келишим түзүлсө, берилчү каражаттын суммасы көрсөтүлбөсө, келишим кагаз жүзүндө кала турган болсо Кыргызстан үчүн оор болуп калат. Себеби эл аралык институттар, мисалы, Эл аралык Валюта Кору үстүбүздөгү жылга төлөм балансын кармап турууга эле 70-80 миллионду (доллар) беребиз деп атат. Андан тышкары 100 миллионго жакын бөлөк жардамдарды беребиз деп быйылкы жылга планга кирген. Эми АКШ базасы чыгат деп чечим алгандан кийин АКШ жардамдарын токтото турган болсо Орусия ошону алмаштыра алабы, кептин баары ошондо. Кагаз жүзүндө калса иш кыйын болот. Азыр Орусия дагы өтө оор абалда турат. Каржы кризиси бутка чаап атат. Мына рублди кармайбыз деп эле бир жуманын ичинде 70-80 млрд. доллар өз резервинен жоготуп атат.

- Орусиянын Борбор Азиядагы өнөктөштөрү катары Кыргызстанга салыштырмалуу Тажикстан менен Өзбекстан канчалык деңгээлде өзүн көрсөтүп жатат?

- Кыргызстанга салыштырмалуу Тажикстан дагы, Өзбекстан дагы деңгээли, мамилеси жогору болуп турат. Себеби мына Тажикстан Орусияга карызын бизге чейин эле толук жоюп алды. Соодалашпай эле, эч кандай заводдун акциясын бербей эле алар жоюп алууга жетишти. Өзбекстан дагы өзүнүн стратегиялык багытын Орусиянын алдында толук чечип алганга жетишти. Себеби Медведевдин (Орусия президенти-авт.) Өзбекстанга иш сапары бир топ маселелерди чечкендей болду. Ошонун ортосунда толук кандуу көз карандысыз мамлекет катары ордубузду сактап кала алабызбы? Эң негизгиси – суу маселеси. Өзүбүздүн суубузду өзүбүз көзөмөлдөй алабызбы – бул башкы маселе.

- АКШ менен Кыргызстандын кызматташтыгы кандай өнүгүшү мүмкүн, мындан ары?

- АКШнын базасы чыгып калса биз стратегиялык бир шериктеш мамлекет менен мамилебизди бузуп алышыбыз мүмкүн?

- Маегиңизге рахмат.
XS
SM
MD
LG