Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 17:07

Кыргызстан АКШ базасын чыгаруунун мыйзамдык жол-жоболорун толук аяктап, ТИМ буга байланышкан нотаны АКШ элчилигине тапшырды. Ошол эле мезгилде база чыгарылбайт деген көз караштар кала берүүдө.

АКШ базасын Кыргызстанга жайгаштыруу боюнча эки мамлекет ортосунда 2001-жылдын 5-декабрында кол коюлган макулдашууну токтотуу тууралуу нота АКШнын Кыргызстандагы элчилигине 20-февралда жөнөтүлдү. Тышкы иштер министрлиги мындай кадамды ушул эле күнү түшкө чейин президент Курманбек Бакиев макулдашууну денонсациялоо жөнүндөгү парламент кабыл алган мыйзамга кол койгондон кийин жасады. Мыйзам парламенттин бейшемби күнкү жалпы сессиясында 78 добуш менен кабыл алынган. Ага чейин долбоор тийешелүү үч комитеттин, үч фракциянын кароосунан өткөн.

Булардын ичинен өзгөчө пикирин СДП фракциясы гана билдирип, калгандары дээрлик өкмөттүн базаны чыгаруу тууралуу чечимин колдоп берген болчу. Ошентип чечим жарыялангандан кийинки он беш күндөн ашык мөөнөттө АКШнын Кыргызстандагы аба-аскерий базасын чыгаруу боюнча жол-жоболордун мыйзамдык негиздери толук түптөлүп бүттү.

Парламенттин Конституциялык мыйзамдууулук комитетинин төрагасы Зайнидин Курмановдун жалпы сессияда билдиргенине караганда, база эми нота тапшырылгандан кийин 180 күндүн ичинде өлкө аймагынан чыгып кетиши керек:

- Мыйзамдагы бардык жол-жоболор: талкуулар, добуш берүүлөр, кол коюулар бүткөндөн кийин маалымдоонун мыйзамдуу жол-жобосу башталат. Президент кол койгондон кийин биздин өкмөт, Тышкы иштер министрлиги АКШнын Кыргызстандагы элчилигине билдирип, парламенттин чечимин маалымдашы керек. Андан кийин 180 күндүн ичинде база чыгарылышы керек.

Азырынча Кыргызстандын нотасына карата АКШ элчилиги кандайдыр бир маалымат тарата элек. Бирок АКШ Коргоо министри Роберт Гейтстин 19-февралда Польшага сапары учурунда билдиргенине караганда, Кошмо Штаттар база боюнча Кыргызстан менен сүйлөшүүнү улантууга кызыкдар болуп турат:

- Биз бул база боюнча Кыргызстан менен ишти уланта беребиз. Азырынча биз бул жаатта акыркы сөз айтылды деп санабайбыз. Демек, мен буга биротоло чекит коюлду деп айтпас элем. Кыргызстан менен бул чечимди кайра артка кайтаруу жана базаны колдонууну улантуу боюнча мунасага келе алабыз деп үмүттөнөм

Жергиликтүү коомдук-саясий чөйрөдө Роберт Гейтстин үмүт байлап жатышында негиз бар экендиги белгиленүүдө. Мурдагы тышкы иштер министри Аликбек Жекшенкулов мунун себебин базанын тагдырын чечүү Кыргызстандын колунда эмес экендиги менен негиздеди:

- Бүгүнкү күндө базанын тагдыры Кыргыз парламентинен же өкмөтүнөн эмес АКШ-Орусия сүйлөшүүлөрүнүн негизинде чечилет. Дүйнө практикасында парламент чечип, дкумент кабыл алынгандан кийин деле базалар жашоосун уланта берген. Бүгүн АКШ менен Россиянын ортосунда коопсуздук, глобалдык өзөктүк куралдар боюнча, Чехия боюнча, Польша, Грузия боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп атат. Ошондуктан мен база маселеси ошол пакетке кирип, соодалашып, тил табышууда ошол маселе чечилип калышы мүмкүн.

Буга чейин деле АКШ базасын чыгаруу боюнча Кыргызстандын демилгесинин артында Орусия тургандыгы айдан-ачык экендиги коомчулукта кеңири сөз болуп келген. Талдоочулардын кыйласы азыр Орусия үчүн базаны чыгаруу кызыкчылыгы жок деп атышат. Маселен, саясат таануучу Марс Сариев базаны калтыруунун башка жолдору иштелип чыгарынан күмөн санаган жери жок. Жарым жыл ичинде тил табышуу болуп, базанын калышына жаңы негиздер түзүлөт дейт Сариев:

- Базанын тагдыры азыр чечиле элек. Балким форматта Америка азыраак болот, НАТО көбүрөөк болот, иши кылып форматын өзгөртүү аркылуу база Кыргызстанда калтырылат. Базаны киргизүүгө Тажикстан деле, Өзбекстан деле уруксат бербейт. Аскерий эмес техникаларга гана уруксат берилиши мүмкүн.

Талдоочунун көз карашында, буга биринчи кезекте Ооганстандагы жагдай себеп болот:

- Базанын кетиши орустарга деле жакпайт. Эгер база кетсе бул жерден, анда ЖККУ менен талибан ортосунда согуштук кагылышуу болот. Биз эч нерсе жасай албайбыз. Алар 30 жылдан бери согушуп келаткан мобилдүү, согушка жөндөмдүү түзүлүштөр да, ЖККУ туруштук бере албайт. Ошон үчүн базаны жайгаштырууга Путин деле уруксат берген да. Аны Кыргызстан чечкен эмес. Москвага барып, уруксат алган. Москванын ою кандай эле? Орто Азияны коргой албайбыз, Уралга чейин бир айда жетет талибан, ошон үчүн Американын колу менен Ооганстанды токтотолу деп чечкен. Азыр дагы Москва чечет. Москва азыр чоң саясий оюн кылып атат.

База беймаал убакта чыгып атат деп билдирүү жасаган парламенттеги СДП фракциясы да билдирүү таратып, анда Ооганстанда кырдаал дестабилдешип тургандыгын эскерткен. Оппозициялык фракция азыр ЖККУнун базасы Кантта жайгашып турган сыяктуу эле антитеррордук күчтөрдүн Бишкекте жайгашып турушун жактоодо. Кыргызстандын чечими Ооганстандагы антитерордук операцияларга терс таасирин тийгизерин буга чейин эл аралык деңгээлдеги саясатчылар да айтып чыккан болчу.

Кыргызстандын өзүндө болсо бийлик жана анын башкаруучу партиясы базаны чыгаруу өлкөнүн ички эгемен чечими экендигин, базаны чыгаруу улуттук кызыкчылыкка, коопсуздукка төп келе турган учурдун шарты деп коомчулукту ынандыруунун үстүндө. Маселен, “Ак жол” фракциясынын башчысы, депутат Улукбек Ормонов базаны чыгаруу учуру эчак эле бышып жеткенин парламентте белгилеген:

- Өткөн жети жыл ичинде Кыргызстан терроризмге каршы күрөшкө зор салым кошту. Бул маселе боюнча эч кимде таарыныч, өкүнүч болбошу керек. 2004-жылы Ооганстанда борбордук жана жергиликтүү органдар түзүлдү. Жалпы элдик шайлоодо парламент, президент шайланды. Демократиялык Конституция кабыл алынгандыгын билебиз. Ошентип бир нече жыл мурда эле макулдашууларды токтотуу үчүн бардык негиздер түзүлгөн болчу.

Ошентсе да чыгаруунун башкы себеби катары бийлик экономикалык пикир келишпестикти келтирүүдө. Тышкы иштер министри Кадырбек Сарбаевдин айтымында АКШ тарап базага байланыштуу көптөгөн талылуу маселелерди көңүл сыртында калтырып коюп атат:

- Экономикалык каржылык жактан зыян көп. 2001-жылкы келишим боюнча биздин кызматтар жеңилдетилген тартипте болуп атат. Мисалы аэроновигациялык кызматтар бекер жасалууда. Ушул өңдүү жагдайлдар боюнча АКШга шарттарды койгонбуз. Иванов боюнча да сот боло элек, компенсация бере албайт, өз эрки менен 50 миң доллар үй-бүлөсүнө берген. Экология боюнча жети жылда 15 жолу май төгүлгөн.

Базаны чыгаруу боюнча аргументтер жалпы геосаясий деңгээлде түккө арзыбай каларын эскерткен оппозициялык саясатчылар Кыргызстан бул чечими аркылуу Кыргызстандын кадырын түшүрдү деп жатышат. Оппозициялык лидерлердин бири Өмүрбек Текебаев Кыргызстандын бийлиги соодагердин саясатынан бийик чыкпаган саясатын эл аралык коомчулукка көргөздү деген көз карашта болууда. Мурдагы бийлик тушундагы коопсуздук кеңешинин катчысы Болот Жанузаков Улуттун кызыкчылыгын тыйынга алмаштырууга болбойт деди.

Ал эми Коопсуздук кеңешинин мурдагы катчысы Мирослав Ниязов база боюнча чечимин кыргыз бийлиги кайра кайтарышы мүмкүн дегендердин бири. Ички туруксуз саясаттын кесепети мына ушундай абройго шек келтирчү тыянактарга алып келет дейт ал:

- Алар дагы (АКШ, Орусия) Кыргызстанда туруктуу саясат жогун жакшы билишет. Ушундан улам тилекке каршы Батыш менен Чыгыш оюнунда Кыргызстан көкбөрүгө тартылган башы жок улактай болуп калды.

АКШнын аба-аскерий базасын Кыргызстан аймагынан чыгаруу тууралуу кыргыз өкмөтүнүн чечимин президент Курманбек Бакиев 3-февралда Москва сапарынын учурунда жарыялап, муну база алакаларында экономикалык жактан тил табыша албай калгандыгы менен байланыштырган. Бул сапардын учурунда президент курманбек Бакиев Орусия президенти Дмитрий Медведев менен 2 млрд. доллардан ашык каражат алуу тууралуу макулдашып кайткан.

Ошол эле мезгилде Батыштын айрым маалымат каражаттары 2 млрд. доллардан ашык карызы бар Кыргызстан азыр эки тараптан бирдей пайда өндүрүү үчүн атайын ушундай жүрүштөрдү жасап жатат деген божомолдорго да орун берип жатышат. Бул аралыкта АКШнын Кыргызстандагы аскерий базасы Тажикстанга, же Өзбекстанга жайгаштыруу багытында АКШ алдын ала сүйлөшүүлөр жүргүзүп жаткандыгы тууралуу маалыматтар күчүндө калууда.
  • 16x9 Image

    Бурулкан Сарыгулова

    "Азаттык" радиосунун Бишкек кеңсесинин баш редактору. Кыргыз Мамлекеттик улуттук университетинин журналистика факультетин бүтүргөн.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG