Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:53

БЭК жыйындар тынч өткөнүнө, бийлик элдин аз келгенине ыраазы


Алайдагы нааразылык жыйын
Алайдагы нааразылык жыйын

27-мартта Кыргызстандын биртоп жерлеринде көпчүлүк катышкан нааразылык жыйындар болуп өттү. Бириккен элдик кыймыл коюлган талаптары ишке ашпаса 20-апрелден тарта андай жыйындарды үзгүлтүксүз өткөрө тургандыгын билдирүүдө. «Азаттыктын» «бетме-бет» талкуусунун катышуучулары Бириккен элдик кыймылдын өкүлү Топчубек Тургуналиев менен Борбордук шайлоо комиссиясынын мурдагы мүчөсү Жеңиш Акматов жыйындардын сабактары тууралуу пикир бөлүшөт.

- Топчубек мырза, 27-марттагы жыйындарга канча киши катышканы жөнүндө аркыл маалыматтар айтылууда. Анын өзү мыйзам ченемдүү көрүнүш. А бирок мына ошол жыйындарда коюлган талаптарды бийлик аткарабы? Сизде ошондой ишеним барбы?

Топчубек Тургуналиев: - Бул жыйындардан алынчу сабак - негизги күчтүү оппозиция элдин алдыңкы катмары, куугунтукка карабастан, бул бийликти оодарууга даяр экенин көрсөттү. Өткөн жылы саясий күчтөр Бириккен элдик кыймылга чогулушкан. Бул анын биринчи жеңиши болду десем жаңылышпайм. Бийлик тараптан болсо президент К.Бакиев кийинки бир жарым ай ичинде оппозиция, анын ичинде радикалдуу оппозиция менен сүйлөшүүгө даяр экенин билдирген соң биз ага да чакыруу жибергенбиз. Бирок президент эмес, анын жанындагы адамдардан бир деле киши келбеди.

Анан канча адам жыйындарга катышканын сурап жатпайсыңбы. Алыскы аймактардагы жыйындарга катышкандарды кошкондо бардыгы болуп 15 – 20 миңдей киши катышты. Бишкекте 8 миңдей киши катышты. Бийлик болсо бул жерде 400 чамалуу киши катышты деп айтып жатат. Биз жашырбай айтышыбыз керек. Мен Токмоктогу жыйынга да катыштым. Ал жерде 500 чакты киши болду. 20-апрелге чейин бийликке талаптарды койдук. Алардын аткарылышына мен деле ишенбейм. Бирок да кокустан эле президент баш болуп биздин талаптарды аткарса бир жөн. Антпесе тынчтык менен бул бийликти кетирүүгө даярданабыз.

- Жеңиш мырза, сиз Бишкектеги жыйынга катыштыңыз. Жыйынга кишилердин көп келбей калышына кандайдыр бир тоскоолдор себеп болгон жокпу?

Жеңиш Акматов: - “Молдонун айтканын кыл, кылганын кылба” дейт эмеспи. Бийлик “тоскоол кылганыбыз жок”, дешкени менен көп жерлерде тыкыр тоскоолдор болду. Мына жогорку окуу жайларында студенттер катуу текшерилип, бул күнү аларга модулдарды тапшыруу милдетин коюшуп, аны тапшырбаса сессияны тапшырышы кыйын, мына өзүңүздөр көрдүңүздөр, студент жаштар такыр болгон жок. Иштеген, окугандарды саат бирге чейин кармап отурушунун натыйжасында эл аз болуп калдыбы, деп ойлойм.

- Топчубек мырза, талаптар аткарылбаса үзгүлтүксүз жыйындарды өткөрөбүз деп жатасыздар. Мындай аракет оппозициянын шайлоо алдыдагы иштерине жолтоо болбойбу?

Топчубек Тургуналиев: - Элдин саны боюнча айтайын дегеним. Элге каршы курал колдонулат, деген шыбыш-шыбышты таркатып жиберишкен. Экинчиден, бийлик ар кандай тоскоолдуктарга барды. Жолдорду тосуп, жатаканаларды жаап. Анан да жарды калкыбыздын көпчүлүгү жол киреге акчасы жок келе албай калышты. Көпчүлүгү телефон чалып айтып жатышты. Дагы бир маселе, Кыргызстандын мындан аркы өнүгүшү, келечеги жалгыз эле кыргыздарга гана керекпи? Башка улут өкүлдөрү бар го. БЭК мындан ары алардын ичинде катуу иштеши керек, деп ойлойм. Биздин талап – элдин талабы. К.Бакиев экинчи мөөнөткө барбасын, кызматтан кетсин, деген талапты коюп жатабыз. Жакында “Форбс” деген атактуу журнал 190 өлкөнүн ичинен Кыргызстан коррупция боюнча 4-орунду ээлей тургандыгын жарыя кылды. Эки-үч жыл илгери 166-орунда элек. Ушу бийлик турса жыл аягына чейин 1-орунга чыгышыбыз деле мүмкүн. Шайлоо комиссияларында 50 – 50, Бириккен элдик кыймыл, эл тараптан 50% болсун деп жатабыз. Саясий куугунтукту токтотсун деп жатабыз. Биздин комитетте белгилүүлөрүн гана атадык. Биз 21 кишини абийир туткуну деп жарыяладык. Мына мен жакында Токмокто болдум, ал жерде Салтанат деген кызыбызды камаптыр. 5 сааттан кийин кое бериптир. Бир эле жашылдар партиясынан 21 кишини кармап соттошуптур.

- Жеңиш мырза, шайлоо комиссияларына Бириккен элдик кыймыл өз талапкерлерин өткөрүү талабын коюп жатат. Мыйзам андайга жол береби?

Жеңиш Акматов:
- Мыйзамда андай көрсөтмө жок. Бирок азыркы түзүлгөн кырдаалды эсепке алып өкмөт бул маселени чечсе болот. Бириккен элдик кыймылдын ичиндеги саясий партиялар өз талапкерлерин көрсөтүүгө укугу бар. Азыр БШК календарлык планы боюнча райондук шайлоо комиссияларын түзүп жаткан убак. “Атамекен”, “Акшумкар”, социал-демократтар бардык райондор боюнча кишилерин бериптир. Бирок алар кирбей калып, Кыргызстанда аты-жыты жок партиялар, анан “Акжолдон” өкүлдөр кирип калышы толук мүмкүн. Бийлик шайлоонун калыс, адилет өтүшүн кааласа ошондойго бармак. Бирок ал аны каалабайт. Калыс шайлоодо канча добуш аларын жакшы билет.

- Топчубек мырза, 27-марттан кийин бийлик тараптан ымалага келүү, диалогго баруу боюнча ишара, белгилер сезилип жатабы?

Топчубек Тургуналиев: - Мыйзамда чектөө коюлбаган нерселердин баарын жасаса болот. Жанагы 50 – 50 менен шайлоо комиссиялары түзүлсө деле эгер шайлоого К.Бакиев катышса булар жыйынтыкты түп-тамырынан бурмалап ташташат. Биз К.Бакиевсиз шайлоо болсун, деп жатабыз. Биз шайлоону калыс, адилет өткөрө албай жатпайбызбы. Шайлоо мыйзам чегинде өтсө ал ириде Кыргызстандын эларалык кадыр-баркын көтөрөт. Ал бийликке деле керек. Эмне үчүн шайлоо Бакиевсиз өтүшүн талап кылып атканыбыздын жөнү мындай. Эгер ал шайлоого катышса 10% добуш алып, 50 – 60% кошуп жазып коюшат. Андайга эл нааразы болуп көтөрүлүп чыгышы мүмкүн.

Бийликтин диалогго, ымалага келүү аракети байкалган жери жок. 10-марттагы жолугушууда биздин бир эле талабыбыз бар болчу. Саясий куугунтуктарды токтотуу. Биздин Баш прокурор Кыргызстанда саясий куугунтук жок, деп олтурат. Анан диалог кечээки жыйында болсо жарашмак. Президент келип, эл алдында сүйлөп кетсе өзүнүн кадыр-баркы көтөрүлмөк. Эми көрөбүз, 20-апрелге чейин эмне кылышар экен.

- Жеңиш мырза, азыркыдай тирешүү улана береби же тараптар ымалага келишеби?

Жеңиш Акматов: - Андай ишаара азырынча байкала элек. Азыр эми диктатор деп А.Акаевди сөгүп жатпайбызбы. Ошол диктатор А.Акаев жаманбы-жакшыбы, жылына бир жолу журналисттерди кашына олтуругузуп алып тележыйын өткөрчү. Азыркы президент 4 жылдан кийин ошондой эфир уюштурду. Анысын да суроолорун мурдатан даярдап, жаздырып алып, даяр жообун окуп берди. Бийлик парламенттик шайлоодогудай эле президенттик шайлоону өткөрүп алабыз, деп турушат. Башка планы деле жок болуш керек.

- Мырзалар, маегиңер үчүн чоң ырахмат!
XS
SM
MD
LG