Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:18

Оң рулдуу автоунаалар ээлери нааразы


Жогорку Кеңештин экономика комитети «Автомобилдик транспорт жөнүндө» мыйзамдын долбоорун карап, парламенттин кароосуна сунуштады.

Жогорку Кеңештин экономика тармактарын өнүктүрүү боюнча комитети көптөн бери талаш-тартыш жаратып келаткан «Автомобилдик транспорт жөнүндө» мыйзамдын долбоорун экинчи окууда карады. Анда мыйзам долбоорун парламенттин кароосуна алып чыгуу чечими бир добуштан кабыл алынды.

Ушул мыйзам долбоорунун демилгечиси, парламент депутаты Нарынбек Молдобаевдин айтымында жаңы мыйзам долбооруна ылайык, оң рулдуу автоунааларды такси катары пайдаланууга жана майып адамдардын атайын автокаражаттарды такси катары пайдаланышына тыюу салуу жобосу киргизилген.

Ички иштер министринин орун басары Талантбек Исаевдин маалыматына караганда, үстүбүздөгү жылы автокырсыктардын 64,8 пайызы оң рулдуу автунаалардын кесепетинен улам болгон.

Бул мыйзам долбоорун иштеп чыгууга Транспорт жана байланыш министрлигинин, Юстиция, Каржы, Ички иштер министрликтеринин, Салык кызматынын өкүлдөрү кирген өкмөттүн комиссиясы да катышып, өзүнүн корутундусун берген.

Ошондой болсо да оң рулдуу автоунаалар менен жүргүнчүлөрдү ташууга тыйуу салуу талаш-тартышты жаратып, маселе кайчы пикирлерди пайда кылууда. Себеби өлкө аймагында 480 миңдей автоунаа болсо, ошонун он миңге чукулу оң рулдуу.

Адистердин баамында ушундай оң рулдуу автоунаалардын эки жарым миңи жүргүнчүлөрдү ташып, атуулдардын жолдо жүрүү коопсуздугуна коркунуч туудуруп жатат.

Жүргүнчүлөрдү жана жүк ташуучулар операторлор ассоциациясынын жетекчиси Сергей Пономарев оң рулдуу автоунааларга, же жүргүнчүлөрдү ташууга тыйуу салуу адам укуктарын чектөө болуп эсептелерин, айдоочуларды иш менен камсыз кылбай туруп, алардын үй-бүлөсүн эптеп багып жаткан каражатынан ажыратуу мүмкүн эместигин белгиледи.

- Оң рулдуу автоунаалардын ээлери эгер бул мыйзам өтүп кетсе Конституциялык Сотко жана президентке кайрылабыз деп жатышат. Үч миңден ашуун адам такси кызматы аркылуу үй-бүлөсүн багып жатат. Алар өкмөттөн иш сурап, ал пособия талап кылган жок да. Алар “такси болбойсуңар деп тыйуу салсаңар, биздин кредит алып автоунаа алган чыгымдарыбызды ким төлөп берет”- деген мыйзамдуу суроолорду коюп жатат. Ошондуктан бул мыйзам долбооруна президент вето коюшу керек.

Ал ошондой эле аталган мыйзам долбоору кабыл алынса өз укуктарын коргоо үчүн Конституциялык Сотко, президентке чейин кайрылып, нааразылык иш-чараларын көрүшөөрүн кошумчалады.

Оң рулдуу автоунаалар ээлеринин бирикмесинин төрагасы Игорь Чалагызовдун пикиринде депутаттар, айрым чиновниктер айтышкандай мындай автоунаалар анчалык кооптуу эмес.

-Алардын жылы жаңы болгондуктан, абдан ыңгайлуу, коопсуздук жаздыкчалар менен жабдылган. Такси кызматына пайдалангандар кардарларды арткы орундуктарга олтургузуп, тейлесе деле болот. Шаар ичиндеги автотыгындардан улам катуу ылдамдыкта деле жүрүүгө мүмкүн эмес.

Бишкек шаарынын МАИ башкармасынын мурдакы башчысы Касымбек Райымкул уулунун пикиринде мындай мыйзам долбоору кабыл алынса, оң рулдуу автоунаасы бар адамдардын укуктары бузулат.

-Оң рулдуу автоунааларды таксиге пайдаланууга тыюу салуу боюнча мыйзам долбоору иштелеп чыкты. Эгерде бул мыйзам кабыл алына турган болсо, канчалаган адамдардын укуктары бузулат.

Ошондой эле коңшу Тажикстан, Казакстан, Өзбекстанда оң рулдуу автоунааларга тыюу салынгандыктан алардын эски унаалары Кыргызстандын аймагына өткөрүлүп, жолдо жүрүү коопсуздугун жаратып жатат деген пикирлер да бар.

Парламенттин мурдакы үчүнчү чакырылышындагы депутаттар 2010-жылдан баштап оң рулдуу автоунааны колдонууга тыюу салуу мыйзамын кабыл алып, бирок ага президент Курманбек Бакиев кол койбой, кайра артка кайтарган.

Эл өкүлдөрүнүн мындай чечимине нааразы болушкан оң рулдуу айдоочулардын кошуну нааразылык акциясын да өткөрүшкөн.

XS
SM
MD
LG