Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 10:45

Ишкерлер Транзиттик борбор менен кызматташууга кызыкдар


“Таңкы Азаттыкта” Кыргызстан аялдар конгрессинин төрайымы Замира Акбагышева маек курду.

“Азаттык”: Бүгүн Кыргызстан аялдар конгрессинин 20га жакын мүчөсү “Манас” аба майданындагы АКШнын транзиттик борборуна барат деген маалымат бар. Бул иш чара тууралуу токтоло кетсеңиз?

Замира Акбагышева: Транзиттик борбордун жетекчилери атайын Кыргызстан аялдар конгрессин чакырышыптыр. Биздин бүгүнкү бара турганыбыздын эң биринчи максаты - бул Кыргызстанда өндүрүп аткан тамак-аштарды жана башка буюмдарды ошол транзиттик борбордо сатып алсын деген оюбуз бар.

Экинчиси, сиздерге белгилүү болуш керек, Американын конгресси жаңы эле чечим кабыл алды,эң биринчи Борбордук Азиянын мамлекеттеринен Ооганстанга бир топ тамак-аштарды алып барууга чечим кабыл алган приоритеттүү Борбордук Азиянын өкүлдөрү. Ошондуктан биз транзиттик борборго да Кыргызстандын аялдар конгрессинин мүчөлөрүнүн буюмдарын сатуу маселеси. Экинчиси, Ооганстанга да өз буюмдарыбызды экспорт кылуу аракети көрүлүп жатат.

“Азаттык”: Аялдар конгрессиндеги мүчө айымдар булар ишкер айымдарбы, же кол өнөрчүлөрбү?

Замира Акбагышева: Бүгүн көбүнчө ишкер айымдар баратат. “Таттуу” акционердик коомунан Верховская, Асель Турусбековалар, Караколдон атайын эт даярдаган компаниядан Бурул Рыскулова, Кара-Балтадан килем чыгарган Муканова Нуржамао, балыкты Ниязалиева Тамара. Улуттук жасалгаларда бир топ биздин Аялдар конгрессинин жер-жерлерде бизнес инкубаторлору бар. Ар биринде улуттук жасалгаларды даярдаган инсандар бар. Аларды да бүгүн алып барып көрсөтөбүз. Башкы командачы, полковник Холд, алардын орунбасалары да “Таттуу” акиционердик коомунун конфеттерин өзү жеп көрүп, өзүнүн аскерлерине ошонун конфеттерин алсакпы деген ниети бар. Азыр келишим даярдоо учурунда болуп атабыз.

“Азаттык”: Демек бул жеке эле Бишкетеги транзиттик борбор эмес, ушул борбордун Ооганстандын бөлүмдөрүнө да азык-түлүк жана башка товарларды сатуу боюнча сүйлөшөт турбайсыздарбы?

Замира Акбагышева: Ошол маселе да бүгүн каралат. Бул иштин башын баштап койгонбуз. Конгресс жаңы эле чечим кабыл алгандан кийин ошол маселени да биз конкреттүү түрдө чечебиз. Албетте өтүш кыйынырак, сертификат болуш керек, алардын да өзүнүн ар кандай талаптары бар. Бирок ошого карабастан биз аракет кылып атабыз.

“Азаттык”: Бул товар сатуу, ошону сунуштоодон бөлөк дагы кандайдыр бир кызматташуу боюнча келишимдер, же сүйлөшүүлөр болобу?

Замира Акбагышева: Ооба, мына Шопоков шаарында бизнес инкубаторубуз бар эле, жакшы иштеп атат. Ошонун базасында да аялдар үчүн борборду түзөлү дегенбиз, бүгүнкү жолугушууда буюрса келишим коебуз. Ошол аялдардын борборун түзүүгө бул транзиттик борбор жардам берүүгө макулдугун берип атышат.

“Азаттык”: Рахмат маегиңизге. Ишиңиздерге ийгилик.

Тасмада: Транзиттик борбор ишканалар менен кызматташат

АКШнын Бишкектеги Транзиттик борбору кыргызстандык ишкерлер үчүн бизнес-семинар өткөрдү. Анда борбордун өзүнө жана анын Ооганстандагы бөлүмдөрүнө азык-түлүк ж.б товарларды сатуу үчүн ишкерлердин атайын тендерлерге катышуу тартиби жөнүндө маалымат берилди.

Транзиттик борбор ишканалар менен кызматташат
please wait

No media source currently available

0:00 0:00:50 0:00

XS
SM
MD
LG