Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:26

Т.Мамытов:Учурда Чек айылы боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатат


Бул тууралуу Чекара кызматынын жетекчиси Токон Мамытов “Азаттыкка” берген интервьюсунда билдирди. Анын айтымында, ушул саатта анын орун басары полковник Акылбек Нышанов Өзбекстандын чекара кызматынын өкүлдөрү менен чекара маселеси боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатат. Т.Мамытов белгилегендей Кыргызстан тарабындагы Чек айылы Ноокен районунун Сакалды айыл өкмөтүнүн аймагын камтыса, жарымы өзбек тарабына карап Яңги-Чек деп аталып, буга чейин өзбек-кыргыз өкмөт аралык комиссиясы бул жерди тактап, алдын-ала сүйлөшүүлөр боюнча чекара линиясы ошол айылдын ортосунан өтөрү белгиленген. “Чек айылындагы маселе боюнча 12-майда өзбек тарап менен жолугушуу болду. Ага коңшу өлкөнүн ошол аймактагы жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, чекара кызматынын, укук коргоо органдарынын жетекчилери келишти. Жолугушууда такталбаган, талаш-тартыш болуп жаткан участоктордо кандайдыр бир чарбалык жумуштарды, айыл-чарба жумуштарын өткөрбөш керек, деген маселени койдук. Алар муну түшүнүү менен кабыл алышып, Ташкентке маалымат бере турган болушту”,-деди Мамытов. (AJ)

XS
SM
MD
LG