Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:52

КЫРГЫЗ-КАЗАК БИР ТУУГАН, БАЖЫКАНАЛАРЫНДА КУУРАГАН


Аманбек Жапаров,Бишкек Парламенттин 4-октябардагы отурумунда эл аралык келишимдерди ратификациялоодо депутат Акматбек Келдибеков кыргыз-казак чегарасында коңшу мамлекеттин бажы кызматкерлери кыргыз атуулдарынын укугун тебелеп жатканын билдирди. Ошондой эле чегара каттамында Кыргызстандын бажы кызматкерлери карапайым элди ар кандай шылтоолор менен убара кылышканы да белгиленди. Мамлекеттик бажы комитетинин төрагасы Нурлан Акматов бул маселелерди жеринде текшерип, кемчиликтерди жоюга убада кылды.

Парламент 4-октябрдагы отурумунда “Астана шаарында 2006-жылы 4-июнда өкмөттөр аралык кыргыз-казак мамлекеттик чегарасындагы биргелешкен көзөмөл жөнүндө макулдашууну” ратификациялады. Мамлекеттик бажы комитетинин төрагасы Нурлан Акматов бул мыйзам долбоору Кыргызстан менен Казакстандын аймактары аркылуу транспорт товарларын жана транспорт каттамдары эркин өткөрүүнүн бирдиктүү шарттарын калыптандырып, эл аралык товар ташууларды жөнөкөйлөтүүгө көмөктөшөрүн баса белгиледи.

Мындай эки тараптуу мыйзамдар кагаз жүзүндө калып, иш жүзүндө кыргыз-казак чегарасынан өтүүдө карапайым эл кыйналып жатканын, депутат Айдарбек Керимкулов билдирди. Анын айтымында, кыргыз-казак чегарасында жайгашкан Токмок, Ысыката районунун тургундары Казакстандын Шордөбө, Масанчин, Трудовик айылдарына өтүүдө ар кандай тоскоолдуктарга кабылып, чегара, бажы кызматтарынын кысымдарына туш болууда.

-Казактар Кыргызстандын аймагына өткөндө эч кандай тоскоолдуксуз эле өтүп атышат. Токмок мал базарынан соода-кылышып, биз тараптан да, казактар тараптан да эч кандай кысымга учурабайт. Анан кыргыздар казак тарапка өтсө эле болду, аларды биздин бажычылар тоногону аз келгенсип, казактын чегарачы, бажычылары ар кандай шылтоолорду айтышып, каалаганындай эзишет экен.

Ага жооп кылып Нурлан Акматов ал жердеги проблемалар чек ара кызматтарына байланыштуу экенин айтты.

Депутат Акматбек Келдибеков болсо кыргыз-казак чегарасындагы коңшу мамлекеттин бажы кызматкерлери кыргыз атуулдарынын укугун каалаганындай тебелеп жатканын мындайча сыпаттады.

-Биздин атуулдар Кыргызстан менен Казакстандын чектеш аймагынан өткөндө кыргыздар адам сыяктуу өтүшү абдан кыйын. Ишенбесеңиздер барып көрсөңүздөр болот, урматтуу бажы кызматынын жетекчиси, урматтуу чегара кызматынын башчысы. Казактын бажы, чегара кызматкерлери тарабынан кыргыздарга кандай гана шылдыңдап, кемсинткен мамиле болот. Адам катары мындай кемсинтүү болбош керек эле. Алар кыргыз атуулдарына адам эместей мамиле кылышат. Ал эми биздин бажы, чегара кызматындагылар бейкапар отурушат курсагын сылап коюшуп. Казакстандын бажычылары менен чегарачылары биздин атуулдарды кыйнаганы аз келгенсип, анан биздин кызматтар кыйнайт. Эч кандай тартип жок.

Келдибеков өткөндө Талас облусуна Советтер Союзунун баатыры Чолпонбай Түлөбердиевдин мааракесине барганда кыргыз-казак бажы кызматтарынын чектен чыккан жоруктарына күбө болгонун мисал келтирди.

-Таластын жашоочулары ыйлап атышат. Кыргыздардын да, казактардын бажычы, чегарачылары обу жок кыйнайт. Кор болуп бүттүк деп атышат. Себеби, таластыктардын турмушу коңшу өлкөнүн Тараз шаары менен байланыштуу экен. Ал жердеги чекара, бажы кызматтарындагы мыйзамсыз иш аракеттерге качан чек коюлат? Качан бардыгын орду-ордуна коесуңар? -деген дооматын койду Келдибеков.

Мамлекеттик бажы комитетинин төрагасы Нурлан Акматов депутаттар айткан сын-пикирлерди эске алып, кыргыз-казак чегарасындагы бажы кызматтарын жеринде текшерип, кемчиликтерди жоюуга убада кылды. Ал эми депутат Камчыбек Ташиев бажы кызматынын иши канааттандырарлык эмес деген баасын берди.

XS
SM
MD
LG