Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:17

Бокс: Дүйшөнкул Шопоковду эскерген эл аралык мелдеш өтүүдө


Бишкекте Советтер Союзунун Баатыры Дүйшөнкул Шопоковду эскерүүгө арналган бокс боюнча эл аралык турнирдин күч сынашуулары башталды.

27-январда Бишкекте башталган эл аралык бул бокс мелдешине Орусия, Кытай, Казакстан, Өзбекстан, Тажистан жана Кыргызстандын тандалган эки жүзгө жакын булгаары мээлей чеберлери катышууда. Быйыл 36-ирет өткөрүлүп жаткан мелдештин ачылыш салтанатында өлкөнүн дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агентиктин жетекчиси Айдарбек Керимкулов боксчуларга ийгилик каалады.

Кыргызстандын Бокс федерациясынын президенти, өлкөнүн башкы прокурорунун орун басары Абдубахит Халмурзаевдин айтымында, бул мелдеш дүйнө, Азия чемпионаттарына жана быйыл Гуанжоудо күзүндө боло турган 16-Азия оюндарына талапкер жигиттерди сыноонун бир баскычы катары өтүүдө.

Рингдеги күч сынашуу он бир салмак боюнча улантылып, жеңүүчүлөрдү аныктоо үчүн иргеп алуу таймаштары болууда. Мелдештин дагы бир өзгөчөлүгү Эл аралык бокс федерациясынын былтыркы чечимине ылайык, 3 мүнөттөн 3 раунд таймашуу менен өтүүдө. Буга чейинчи эл аралык, дүйнөлүк мелдештер, чемпионаттар ар бири 2 мүнөттөн 4 раунд күч сынашуу менен өтүп келген.

Жеңил салмактарда алгачкы беттешүүлөрдө кыргызстандык Асылбек Назаралиев, Нурлан Кобашев, Миртилек Шеров, Нурсултан Пазылов, Олилжан Боранов, Сапарбек уулу Тилек жана башка жигиттер жеңишке жетишти.

Өзбекстандык спорт чеберлери Жалол Аскаров, Асыл Шарипов жана казакстандык Бекман Сойлыбаев, Мухит Амантаев дагы кийинки беттешүүгө укук алып, утуп чыгышты. Жеңил салмактагы орусиялык Рафик Магеррамовдун чеберчилиги жогору бааланды.

Мелдештин кийин жеңишке жетишкен жалалабаттык Миртилек Шеров алдыда дагы 4 таймашуу турганын, башкы максаты Лондон олимпиадасына жолдомо алып, мөрөйгө жетүү экенин “Азаттыкка” билдирди.

60 кг. салмакта 16 беттешүү болуп, мында Афина жана Бээжин олимпиадаларынын катышуучусу, кыргызстандык Асылбек Таласбаев, Улан Кулчиев, Николай Ким, казакстандык Зангар Нускабаев, Абылай Хусаинов, Нурбол Алтаев, орусиялык Андрей Ковалдын кийинки мөрөй талашууга жолу ачылды.

27-январдагы рингдеги күч сынашууларда 64 жана 69 кг. салмактарда дагы атаандаштарын утуп, кийинки таймашууларга укук алгандар болду.

Айрыкча кытайлык боксчу Асылхан Ерзаддын чеберчилиги жогору экени айгине болду.

Жогорку Кеңештин депутаты, профессиналдык бокстан дүйнөнүн жети жолку чемпиону Орузбек Назаров бул мелдешти “А” тобундагы таасирдүү турнирге айландырууга аракеттер көрүлүп жатканын айтты.

Чынында 1974-жылдан бери Кыргызстанды дүйнөгө тааныткан Андрей Курнявка, Нурлан Абдыкалыков, Алмаз Райымкулов , Нурбек Касенов, Таалай Кадыралиев, Айбек Абдымомунов жана башкалардын чоң спорттогу тушоосу Дүйшөнкул Шопоковду эскерүү мелдешинде кесилип, алар спортко тагдырын арнаган.

Спорттук баяндамачы Сурат Жылкычиевдин айтымында, Кеңеш курамы учурунда бул мелдештин кадыр-баркы жогору болсо, эгемендүүлүк алганы таасири төмөндөп кеткен:

- Кийинки үч-төрт жылдан бери кайрадан уюшкандыкта өткөрүлө баштады. Быйылкы мелдешке катышкан кыргызстандык жаштардын дарманы чектелүү экени өкүндүрөт. 3 раунддук таймашуунун аягында шайы ооп, муштуму көтөрүлбөй калып жатат. Казакстандык жигиттердин даярдыгы дурус, чеберчилиги жогору экен.

Мелдештин биринчи күнүндө 44 беттешүү болуп, таймашуулар 8 сааттан ашык созулуп, мында мыктылар иргелип, кийинки таймашууга укук алышты.

Ар күн сайын мөрөй талашуу саат 12де башталып, мыктылар тандалып жатат. Эл аралык мелдештин жеңүүчүлөрү 31-январда аныкталат.
XS
SM
MD
LG