Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:10

Кризис кирип келди, өкмөт программа чогултууда


Кыргызстан өкмөтүнүн экономикалык кризистен кантип чыгуу жөнүндө реалдуу программасы жок. Анын кризиске каршы программасы министрлик менен ведомстуктардан чогултулган пикир-сунуштардын чогултмасы. Экономикалык кризис шартында өкмөт менен ишкерлердин мамилеси, кысталыш кырдаалдан чыгуунун жолдору 5-мартта өтүүчү бизнесчилердин курултайында талкууланмакчы.

“Кыргызстан фондулук биржасы” компаниясынын жетекчиси Нурбек Элебаевдин ырасташынча, Кыргызстан өкмөтү экономикалык кризистен кантип чыгуу жөнүндө көп деле башын ооруткан жери жок.

- Өкмөт болгон министрликтер менен ведомстуктардын сунуштарын чогултуп, аларды бир документке кошуп, парламенттин жактыруусуна жөнөттү. Чын эле ал кризиске каршы программа болушка жарайбы? Бизнесчилерди да ушул суроо ойлонтууда, жок, боло албайт! Бул өзү кризис шартында экономика кандай иштеш механизмин ачып берчү документ эмес.

Ишкерлердин курултайында мына ушул маселе ар тараптан талкууга алынмакчы. Экономикалык кризис шартында өзгөчө үмүт артылган ири бизнестин ушу тапта иши анча жакшы жүрбөй, Канттагы цемент, Токмоктогу айнек заводдору токтоп турат. Ошондон кысталыш кырдаалдан чыгуунун ынанымдуу жолу чакан жана орто бизнеске ыңгайлуу шарт түзүү милдети коюлууда. Ал эми реалдуу экономикага колдоо көрсөтүү жөнүндө оголе көп сөз болгону менен, ал иш жүзүндө үстөк пайызы арбын банк кредити, олчойгон салык жүгү, алар аз келсе улам-улам текшерүүлөр тоскоолдугу турат. Маселен, транспорт жана коммуникация министрлиги алыска жүк ташуучу кыргызстандык айдоочулардын кызыкчылыгын эсепке албастыгын “Эларалык жүк ташуу – 7” ишканасынын жетекчиси Геннадий Виленский маалымдады.

- Кытайдын Европалык стандартка туура келбеген 70 тонна, андан оор жүк тартчу машинелери биздин жолдордо ээн-жайкын жүрүшөт. Мыйзамда андайга тыюу салынган, бирок да алар айдап жүрүшөт. Түркиянын 2000 литр май куюп алган жүк машинелери жүрүшөт. Уруксат кылынганы 650 литр май. Алар Түркмөнстандан тоннасы 200 доллардан май куюп алышат.

Ошентип алыска жүк ташый турган кыргызстандык айдоочулар түркиялык, кытайлык унаа компаниялары менен атаандаша албай жумушу жок отурушат. Г.Виленский өткөн жылы Кытайдын Үрүмчү шаарында Кыргызстандын транспорт жана коммуникация министрлиги кытайлыктарга 18 миң уруксат кагаздарын беришкенин кабарлады. Ошончолук эле өлчөмдөгү уруксат кагаз кыргыз тарапка берилиши керек эле. Бирок андай жооп боло элек.

- Биздин ишкерлерге жакшы шарттарды түзүп берсе болот. Ал үчүн мыйзамдарды аткарыш керек. Жанагындай келишимдерди түзгөндө кыргызстандык ишкерлердин кызыкчылыгын эске алып, аны ишке ашырышыбыз керек,- дейт Кыргызстан ишкерлер биримдигинин жетекчи орунбасары Үсөн Кыдыралиев.

“Сенти” финансылык компаниясынын жетекчиси Нелли Симонова сактоого берилген акчаларды 13% менен алган коммерциялык банктар эмнеликтен кредиттердин үстөгүн 30% жеткирип койгонуна түшүнө албастыгын белгилеп, мындай шартта ишкердиктин өнүгүшү мүмкүн эместигине токтолду.

- Негизги проблема ачыктыкка байланыштуу болууда. Ал үчүн анчалык деле чоң аракеттин керги жок. Акча агымы кайда кетип жатканын ачып бергиле. Ошондо гана натыйжа чыгат. Баары жашырын. Мына азыр Орусиядан келчү акчаны кеп кылып жатабыз. Ал акча кайда кетет, кайсы компаниялар тендерге катышат, шарты кандай? Баары жашырын, бөлөк жанга билгизбей катылып турат.

Ишкерлердин кезектеги чоң жыйынында кызуу талкууга алынчу орчун маселелердин бири жаңы Салык кодекси болмокчу. Салык жүгүн жеңилдетүү, дегеле экономикалык кризис шартында алдагыдай олуттуу экономикалык мыйзамдын киргизилиш зарылдыгы барбы-жокпу суроосу чоң талкууга түшкөнү турат.

XS
SM
MD
LG