Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:30

Ч. Турсунбеков: Ишкерлердин жүрөгүн өйүгөн - Салык кодекси


Бүгүн Бишкекте ишкерлер курултайы ишин баштайт. Анын максат – мааниси жөнүндө Кыргызстан ишкерлер биримдигинин президенти Чыныбай Турсунбеков “Азаттыктагы” маегинде айтып берди.

- Бүгүн ишкерлердин курултайы болгону турат. Анын күн тартибиндеги башкы маселеси эмне болот?

- Күн тартибиндеги башкы маселе бүгүнкү күндө өлкөдө жана дүйнөдө болуп жаткан кризистен келип чыккан маселелерди талкуулап, ал боюнча кандайдыр бир иш чараларды кабыл алуу. Баарыбыздын жүрөгүбүздү өйүгөн Салык кодекси, ал бүгүнкү күндө көп кемчиликтери менен иштеп жатат. Ошон үчүн проблемалар чыгып жатат. Андан сырткары да ар кандай проблемаларды көтөрүп чыгабыз. Негизи ушул эки маселенин тегерегинде сөз болот.

- Сиз өзүңүз айткандай, дүйнөлүк кризистин таасири менен кошо жаңы жылдан тарта күчүнө кирген Салык кодекси ишкерликти бир топ аксатты деп, аны өзгөртүүнү талап кылып жатасыздар. Курултайда аны өзгөртүү боюнча кандай сунуштар айтылат конкреттүү?

- Курултайда Салык кодекси боюнча кошумча баяндамага мүмкүнчүлүк берип атабыз. Ал баяндаманы биздин экспертибиз жасайт. Анда негизинен салык кодексиндеги салыктын төрт түрү боюнча сунуштар болот. Бул биринчи кезекте кыймылсыз мүлккө салык, сатуудан түшкөн салык жана кошумча нарк салыгын алуунун жолдору жана киреше салыгы боюнча дагы бир кичинекей сунушубуз бар. Экинчи блогунда, негизинен салыкты алуу, салык кодексин иштеп чыгуу, анын административдик иш чаралары боюнча биздин салык кодексине каршы пикирлерибизди айтып, сунуштарыбызды ортого коймокчубуз.

- Кыймылсыз мүлк салыгына мораторий жарыялоо жөнүндө президент өкмөт алдына милдет койду. Бирок парламент аны кандай жол менен ишке ашырууну азыр билбей турат. Бул жаатында кандай сунуш болот?

- Бүгүнкү күнү ишкерлер менен салыкчылардын ортосунда талаш-тартыштар башталды. Анткени салыкчылар айтып атат, президенттин мораторийи жеке адамдардын эле үйлөрүнө, квартираларына байланыштуу мораторий, ал эми юридикалык ишканалардын, ишкерлердин мүлкүнө, өңдүрүлүшүнө эч кандай тиешеси жок деген маселе деп жоромолдонуп атат.

Биз бул боюнча өзүбүздүн пикирибизди өкмөткө да билдирдик. Биздин оюбузча, президенттин мораторийи бүгүнкү күндө Кыргызстандагы бардык мүлккө таратылыш керек. Бул жылдын аягына чейин толук иштелип чыгып, андан кийин кийинки жылдан баштап иштесе болот дегенге биз кошулабыз.

- Дегеле азыр кыргыз ишкерлерин тушап турган башкы көйгөйү эмне?

- Көйгөйлөр кийинки кездерде өтө эле көбөйүп кетти. Бул- энергетикалык кризис, финансы кризиси, банктардын реалдуу секторго жардам бералбай атышы, пайыздардын өсүп кетиши, бул, албетте, салык кодексиндеги чоң-чоң мүчүлүштүктөр, анын ишкердиктин өнүгүшүнө тоскоолдук кыла башташы.

Салыкчылардын ишкерлерди кыдырып текшергени эч нерсе эмес, бирок акылга сыйбаган талаптарды кое башташы, маселен, ар бир ишкер товарын сатыш үчүн өзүнүн жолдору бар, товарын машинага салып алып, таратып сатат. Келип алып туруп машинага кассалык аппараттарды кой, болбосо сатпа деген таң каларлык нерселери, айтоор көп кылык-жоруктары болуп атат. Ушунун баарын тең курултайда талкуулап, анын жолдорун, биздин ойлорубуду ортого коелу деп атабыз.

Буга кандай өкмөт мүчөлөрү жооп берет. Биздин негизги милдетибиз расмий жана иштиктүү жооп алуу. Андан сырткары менчикти тартып алуу маселеси да көтөрүлүп атат ишкерлер тарабынан. Бүгүнкү күндө биз өлкөнүн баардык булун-бурчунан, баардык тармактагы иштеп жаткан ишкерлерден сунуш талаптарын алып, өзүбүздүн баяндамаларга чогултуп атабыз. Анткени бул жерде өтө эле көп проблема болуп атат. Ошондуктан негизги принципиалдуу маселелерди чечип алалы деген ой бар.

- Бул ойлоруңарды көптөн бери эле айтып келатасыңар, бирок ишке ашпай жатат, эмне себеп?


- Өткөндө өкмөттүк жыйында муну мен дагы айттым. Маселенин баары азыр ушундай өнөкөт пайда болду. Биздин пикирлерди сурайт, биз менен жыйналыш өткөрөт, бирок чечим, мыйзам кабыл алаарда биздин пикирлерди калтырып коюп, өзүнүн каалаганын жасап атканы себеп болуп атат. Биздин сөзүбүз жөн гана жел болуп калып атат.

- Маегиңизге рахмат.

XS
SM
MD
LG