Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:21

12-мартта өткөн ишкерлердин 4-курултайында экономикалык кризистен кантип чыгуу жайында кеп болду. Ишкерлер салык жүгүн жеңилдетүү, текшерүүлөрдү азайтуу талабын коюшту. Өкмөт жаңы Салык кодексине өзгөрүүлөр даярдалып жатканын маалымдап, кризис келгени казынага акча аз түшүп жатканын айтууда.

Экономикалык кризистен кантип чыгуунун амал-айласын талкуулаган чоң жыйында негизинен салык жүгүн азайтуу, иштебей жатып чоң талашка түшкөн жаңы Салык кодексин дагы өзгөртүү сунуштары арбын айтылды.

Кыргызстандын шарап өндүрүүчүлөрү салык жүгүнүн оорчулугунан сырттан келген атаандаштарынан артта калып жатканын, абал ушундай улана берсе тармак биротоло сазга отуруп каларын эскертишти. Ушундай эле суроо-өтүнүчтү балчылар, жүк ташуучулар да өкмөт башчынын алдына коюшту. Жайыт жагында айрым маселелер токтолуп калганын айылдан келген фермерлер айтып чыгышты.

Өкмөт башчы Игорь Чудинов аткаруу бийлиги ишкерлерге каржылык жагынан колдоо көрсөтө албаганы менен, мыйзамдык жеңилдиктерди болушунча көрсөтүп жатышканын кабарлап, соода, тейлөө тармагынан жарыбаган салык түшөрүн ачыкка чыгарды.

- 40% түзгөн соода менен тейлөө тармагындагы ишкерлер өлкө бюджетине болгону 3% гана салык төгүшөт. Ошон үчүн экономикалык кризис шартында ири салык төлөөчүлөр үчүн кошумча нарк салыгын 12% түшүрүү каржылык мүмкүнчүлүгү чектелүү өкмөттүн көрсөткөн көмөгү деп эсептеш керек.

Өкмөт башчынын айтуусунда, ички дүң продукттун 14% көтөргөн ири өнөр жай ишканалары салык жүгүнүн 40% жабат. Анан жаңы Салык кодекси толук иштей элек кезинде эле соода, тейлөө тармагында иштегендердин көбү мурунку патент акыны калтыруу талабын көтөрүп чыгышкан.

Салыктар жана жыйымдар мамлекеттик комитетинин төрага орунбасары Адылбек Касымалиев ишкерлер курултайында дембе-дем козголгон сатуудан түшчү салык алынып салынса бюджетке опсуз чоң акча түшпөй каларын айтат.

- Кыймылсыз мүлккө мораторий, анан сатуудан алынчу салыкты алып салгыла деп жатышат. Андан 5 миллиард сом бар. Экөө биригип 6 миллиард сомду түзөт. Мамлекет ал акчаларды кайдан табат?

Адылбек Касымалиев жаңы Салык кодексине айрым редакциялык өзгөрүүлөрдү киргизүү зарыл деп эсептейт. Бирок да ишкерлер менен мамлекеттин кызыкчылыгын теңдештирүү жумушу өтө кылдат, экономикалык натыйжасы так эсептелген эреже-тартипке баш ийиши керек.

Ишкерлер курултайында өкмөттүн экономикалык кризистен кантип чыгууну ачык көрсөткөн программасы жоктугу, туңгуюктун түгөнүшүн туюндурган “чырагы” көрүнбөй жатканы көп белгиленди. И. Чудинов министрлер кабинети андай программа түзүп жатканын айтты.

Анткен менен Кыргызстандын экономикалык абалы Кытай, Орусия, Казакстанга көз каранды экенин ырастап, мындай шартта кредит алууну жеңилдетүү, улуттук долбоорлорду каржылоону үзгүлтүккө учуратпоо, ишкерликти, туризмди, кайра иштетүү өнөр жайын колдоо зарылдыгына токтолду.

Аксылык ишкер Замирбек Каратаев курултайда өкмөткө Ата Мекен өндүрүшчүлөрүн кантип колдоо жөнүндө программа жазып жөнөтүп, эки жылдан бери ага жооп алалбай келатканын ортого салды.

- Бул нерсе кайталана берет. Кийинки жылы, андан кийинки жылы да кайталанат. Бул нерсе чечилбейт. Силер биле алдыңарбы эмне чечилгенин? Көп деле нерсе чечилбейт. Анткен себеби мамлекеттик түзүлүштү кайрадан карап чыгышыбыз керек.

Кыргыз фондулук биржасынын өкүлү Султан Абдалиев кризис биринчи иретте кыргыз экономикасынын чоң таянычына айланган соодага таасирин тийгизгенине токтолду.

- Соода азайып калды. Экинчиден экспорт азайды. Үчүнчүдөн, бизден чыккан товарларга чет жерде суроо-талап азайды.

Ишкерлер жыйынында көп козголгон маселе кредит алуу болду окшойт. Маселенин баары 60% ашууну чет элдиктерге таандык коммерциялык банктарга барып такаларын өкмөт башчынын өзү да белгиледи. Андай банктардан кыргыз фермерлеринин кредит алышы мүмкүн эмес. Себеп дегенде, кыргыз фермери күрөөгө койчу үлүш жерине чет элдиктер ээ боло алышпайт. Андай болбогон күндө деле Кыргызстандагы коммерциялык банктардын кыска мөөнөт кредиттеринин үстөк пайызы оголе көп. Ага чыдап карыз акча алууга бел байлагандардын азыркы шартта чыгышы деле кыйын.
XS
SM
MD
LG