Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 07:58

13-мартта Аламүдүн капчыгайында болгон кырсыкты бир катар теңиртоолуктар атайын жасалган кылмыш деп баалашууда. «Азаттыкка» кайрылышкан жарандардын айрымдары “Лексус” автоунаасындагыларды алдын ала өлтүрүшүп, андан кийин автоунааны өрттөп жиберишкен дешсе, айрым тургундар алдын ала жоромолдоп бирөөгө күнөө оодарууга каршы.

“Ак-Шумкар” партиясынын Нарын району боюнча координатору Жолдубай Сүйүнбаев:

-Ошол эле сүзушкөн маалда эмне үчүн жарылып анан ошол машынанын ичиндеги үч адам тең эч нерсеси калбай күйүп кетет дагы, берки “Ауди” менен сүзгөн жигит чекесинен же бир колу бутунан жаракат албай эле татынакай барып интервью берип атат. Жөн гана бул жерде атайын жасалган чоң нерсе бар. Атайын Медет Садыркуловдун өмүрүнө коркунуч жасалган.

Нарын облустук кесип бирликтер кеңешинин кызматкери Аскар Сулайманов:

- Бул Садыркуловду көпчүлуктөрү түкшүмөл болуп атканынын, бийлик тарабынан болду деп атканынын себеби да бар. Себеби мына Аксы окуясына беш жыл болду, беш жылдан бери ошонун аягына чыкпагандыктан эл ишенбей жатат да. Дагы эле ошондой жасады дегендей болуп атат да.

Нарын районундагы Он-Арча айылынын жашоочусу Төлөгөн:

-Мага кандайдыр бир аян түшүп атат Медет Садыркулов жөнүндө. Бул кишини өлтүрүп үчөөнү анан кийин машинеге салып келип өлтүргөндүн тагы калбашы үчүн машинени бүтүндөй өрттөп, анан кийин “Аудиге” сүздүрүп кетип калды дейт. Бакиевдин бийлиги турганда тергөө дагы жүрбөйт, анткен себеби бийликтин баары КГБсы, тергөө органдары, соту Бакиевде турганда бул ишке ашпаган оокат. Мындай көп эле болгон бирөө да ишке ашкан эмес. Жанагы жоголгон депутаттар дагы бирөө да табылган эмес.

«Абдул-Разак» коомдук уюмунун жетекчиси, ардагер Абдразак Шермамбетов:

-Эми Садыркуловдун өлүмү күтүлбөгөн кырсык эмес. Муну атайлап өлтүрүп туруп, алып келип, токтотуп туруп анан тигил баланы алып келип сүздү кылып өрт чыгарып өрттөп жиберди. Президент менен ички иштер министри биз өзүбүзгө алабыз деген бул эч табылбайт. Бул болгон күбөлөрдү тигиндей мындайларды кырсыкка учуратып өлтүрүп жанагы Осмоновду да өлтүрүп коюшу мүмкүн.

Нарын шаарынын тургуну, ардагер журналист Муса Алыбаев:

-Криминалдык абдан чоң иликтөө, анан кийин бул боюнча атайын сот процесси болмоюнча эч ким мындай алдын-ала бүтүм чыгарып, так кесер жооп айтпашы да керек. Жанакыдай божомолдордон да алыс болушубуз керек да. Адамды күнөөлөгөндөн эң оңой эч нерсе жок. Ал эми актагандан кыйын эч нерсе жок, чынын айтканда.
XS
SM
MD
LG