Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:39

Бишкекте ушу тапта көчөлөргө автоунаалар шыкалып, саратанда бир жерден экинчи жерге жетүү кыйла убакыт алчу түйшүккө айланды. Жаңы конуштарда жашагандардын көйгөйлүү проблемасы катары дагыле суу таңкыстыгы калууда.

- Нариман мырза, мына иштегениңизне бир жыл болду, ушул убакыттын ичинде шаардагы өзүңүздүн алдыңызга койгон кандай максат, милдеттерди аткара алдыңыз, кайсынысына күчүңүз келбей жетпей калды, колуңуздан келбей калды?

Нариман Түлеев: -Эл көрүп атат, шаар иштеп атат, коомдук унаада пенсионерлер бекер жүрө баштады. Троллейбусту канча жылдан бери чуркап ала албай жүрдүк эле мына бүгүн 10 троллейбус келип сүйүнүп отурам. Бишкектик тургундар жаңы троллейбуска түшүп, жаңы троллейбус шаардан ары-бери жүрсө дагы сыймыктанасың. Шаар кичине таза болуп калды, десем калп айтпайм. Бирок бул иштерден да алдыда көп-көп иштер бар, резервдер көп. Кудай буюрса, бир, эки жылдын ичинде шаар мындан да таза болот, мындан да жакшы болот. Мен ушул жумушка келип атканда метро жүргүзөм, тигинтем-минтем деп эч кандай сөз берген эмесмин, “мен иштейм анан өзүңөр көрөсүңөр”, дегем. Анан өзүмө сын-пикир айтсам туура эмес болуп калат го. Сын пикирди эл айтсын. Түлеев иштеп атабы, иштеген жокпу? Ошол эле жолдорго, ошол эле грант акчага келген автобустарга, бүгүнкү системаны алмаштырып атканыбызга, реформа кылып атканыбызга. Иштеп атабыз.

-Сиздин атыңыз менен байланышып, ийгилигиңизди да, кемчилигиңизди да аныктай турган проблема бар – бул машиналардын, автоунаалардын тыгылышы. Мына ушул проблеманы чечүү боюнча кандайдыр бир пландарыңыз барбы? Анан ушуга улай эле дагы бир суроо. Сатылып келинген троллейбустардын баасын лизинг боюнча төлөйбүз деп атасыздар, жылына 800 000 доллардан, жаңылбасам. Бул өтө эле кымбат эмеспи, троллейбустун саны аз, баасы кымбат.

Нариман Түлеев: - Жолдогу автотыгындар боюнча айтып кетейин. Муну мындан 4-5 жыл мурун ойлонуш керек болчу. Эч ким ойлонгон эмес, эч ким эч кандай изилдөө да кылган эмес. Дагы Кудайга шүгүр, президент, өкмөттүн жардамы менен 250 миллион сом шаарга, жолго берилип атат. Мындан тышкары Бишкек шаарына жолдорун жамачылоого канча жылдан бери ашып кетсе 10 миллион сом каралса каралчу, каралбаса жок. Бүгүн жолду жамачылоого 59 миллион сом бөлүнүп, 125 көчөнү оңдоп атабыз. Мындан тышкары муниципиалдык кагаз чыгарып, дагы 200 миллион сом таап, ошол акчаны шаардын түштүгүндөгү чоң жол салууга жумшасакпы дейбиз.
Ортосу бөлүнгөн жолду Байтик баатырдан, Манаска чейин улантсакпы дейбиз. Көпүрөнү сала баштадык. Манастан Бахка, Бахтан Л.Толстойго чыккан жолдорду салабыз. Башка жолдорду өзүңөр көрүп атасыңар - Ибраимов, Кулатов, Толстой, Абай, Бөкөнбаев көчөлөрү оңдолууда. Булар бүткөндөн кийин сентябрь, октябрга чейин Логвиненкону, Л.Толстойдон Чүйгө чейин кошсок ошондо жалгыз Байтик баатыр узун жол болбой, ортодо шаардын түндүгү менен түштүгү Абай көчөсү, андан Толстой менен Логвиненкого чыгып, үчүнчү жол болуп кошулуп калат. Бахты бүтсөк төртүнчү жол кошулуп калат. Ибраимов көчөсү мелтиреген жол болуп калат. Киев, Москва көчөлөрүн жеңилдетиш үчүн Бөкөнбаев көчөсүн ачып атабыз. Мындан тышкары азыр Кытай өкмөтүнөн 40-50 миллион юань акчаны грант кылып Бишкекке - жолго деп быйыл болбосо дагы эмдиги жылы берилип калат, деп турабыз. Жол боюнча аракет болуп атат.

Азыр элдер айтып атпайбы шайлоого карата жасалып атат деп. Бул жолду, мисалы, Бөкөнбаев көчөсүн, Жогорку Кеңештин жанын, Эркиндик бульварын былтыр эле баштаганбыз. 3 жылдык программабыз бар. Ошондо кайсы жылы кайсы жолду оңдорубуз көрсөтүлгөн. 2010-жылы республикадан Бишкектин жолуна деп бөлүнчү 200 миллион сомдон тышкары өзүбүздөн да 200 миллион сом чыгарып, акырын-акырын жолдорду калыбына келтиребиз.

Быйыл АРИС программасы боюнча жаңы жети конуш жакшырат. Бул 2 жылдык 222 миллион сомдук программа. Анын 55% Дүйнөлүк банк, калганын жергиликтүү, республикалык бюджеттен чыгарып 7 жаңы конушка 9 чакырымдан ашуун асфальт жол салган жатабыз.

-Ата Түрк багындагы үйлөрдүн маселесине токтоло кетсеңиз. Анан ушуга улай эле Ала-Тоо аянтындагы коюлган эстеликтердин алынып калышы, дегеле ушул эстеликтерге байланышкан чатак иш боюнча сиздин позицияңыз кандай? Себеп дегенде, биздин чиновниктер “Манас” эпосун билбейт экен, ошол билбегенден жасалган иш деп атышат. Тургунбай Садыков, ошол эстеликтерди жасаган айкелчилердин чоңу, шаар бийлиги өзү макулдук берип заказ кылган деп айтты. Сиз ага эмне деп айтат элеңиз?

Нариман Түлеев: -Ата Түрк боюнча бүгүн соттор жүрүп атат. Аны бүткөндөн кийин соттордун өздөрү өздөрү айтышсын. Мен бул жерде өзүмдүн ой пикиримди айтсам туура эмес болуп калат. “Ала-Тоо” аянты боюнча менин ишим - акча таап заказ кылыш. Т.Садыков заказ алган. “Манас” эпосу дегенде ал киши, маданият, идеологияга жооп берген кишилер эмне үчүн эстеликтер коюлгандан кийин карабайт? Алар эмнеге көзөмөлдөшпөйт? Болуптур, мен өзүмдүн күнөөмдү алайын, барып карап койбогонум үчүн. Бирок ал үчүн менин эки орунбасарым жооп беришти. Экөөнө сөгүш берип, ошол аянттагы скульптураларга кеткен 520 миң сомду мойнуна илип койдум. 320миң сомду менин билишимче төлөп беришти. Анан Тургунбай Садыков, кыргыз элинин баатыры, “Ала-Тоо” аянтына ошонун гана автордук укугу бар экен. Ал аянтка башка кишилердин скульптурасы коюлбайт экен. Ал киши ошондой кылып аткандан кийин, кыргыз элинин баатырына, менин ордума өзүңүздү коюңуз, мен кантип ишене албайм? Анан башка да кызматтар карап коюшу керек болчу.

-Эми билесиз Бишкек шаарынын эң эле көйгөйлүү маселеси - бул сугат суу. Көпчүлүк дарактар тигилип бирок суу жетпей калгандыктан куурап калып атат. Бишкекке канча жылдан бери эле “акыр-чикирди тазалай турган, калдыктарды иштете турган завод курулат экен, инвестор келип атат, инвестор сүйлөшүп атат”, деген эле сөз болот. Бирок ошол сөздөн ары иш болбой атат?

Нариман Түлеев: -Өзүңөр көрүп атпайсыңарбы, мисалы былтыр 15 миң роза тигилиптир. Быйыл болсо бир жарым миллион гүл өзүбүз өстүрдүк, айырма барбы? Ошонун 530 миң түбүн тиктик. Муну керек болсо сокур киши да көрөт, көрүнүп турат. Мындан тышкары быйыл кыргыз мамлекетинин тарыхында биринчи жолу 400 миң гүлдү элге бекер тараттык. “Айланайын эл журт, алгыла, үй жайыңарга тиккиле, корооңорго тиккиле, балдар бакчаларына, мектептерге тиккиле” деп. Мына ушул күнгө чейин талап алып атат. “Жашыл тосмо” деп атпайсыңарбы. 300миң түп жашыл тосмо көчөт тиктик. Ошонун ашып кетсе 5-10 миңи куурап калды. Бирок мен ишенбейм куурап калганына. Байтик баатыр көчөсүндөгү көчөттөрдү акырын тартсак баары тең тамыр байлап калыптыр. Көчөттөр жаш, булар эми бир, эки, үч жылдан кийин баралына келип калышат.

-Шаардын тазалыгы, көрктөндүрүү жагынан кандай иштер болуп атат?

Нариман Түлеев: - Килейген “Зеленхоз” деген мекемебиз бар. Акыркы беш-алты жылдан бери комбинатка таштандыларды таштап коюшуптур. Ошону менен ал байкуш банкрот болуп өлүп кала таштаганда сактап калдык. Бүгүн ошолорго гүл тиктиртип, ошолорго жашыл тосмолорду отургуздуруп жатабыз. Мисалы, базарда бир жашыл тосмонун көчөтү 80 сомдон 100 сом болсо биз 6 сомдон тиктик, айырма барбы? Мына бүгүн болсо жашыл тосмону өзүбүз айдап, өзүбүз өстүрүп атабыз. Күзүндө кудай буюрса дагы 300 көчөт тигебиз. Жазында дагы 300 көчөт тигебиз. 3 жылдан кийин шаар башкачараак болуп калат. Темир тосмону коюп калган себебибиз, бул биринчиден, кооздук үчүн. Анан да элибиз тигилген көчөттү карабай эле тебелеп таштайт. Анан таштандыларды кайра иштетүүчү завод деп айтып кетпедиңизби. Мен бу кызматка келгенде айткан эмесмин таштандыларды кайра иштетүүчү завод салам деп. Айткан сөзүм болсо көрсөткүлө мына ушул жерден сөз бергенсин деп.

-Жок, антип сизге биз убада кылдыңыз деп айтканыбыз жок. Эми бул шаар үчүн керек да, ошол маселени кандай чечесиздер? Ошону сурап жатабыз.

Нариман Түлеев: - Таштандыларды иштетчү завод шаар үчүн керек. Бул боюнча иштеп атабыз. Мен ошол заводду коюп кетишим керек. Аракет кылып атабыз, инвесторлорду издеп атабыз. Бүгүнкү күндө ал заводду куруш үчүн бери дегенде 20 миллиондон 30 миллион доллар керек. Орусия кредитинен бергиле деп кат жаздык. Муну менен тамашалабашыбыз керек. Бул уран калдыгынан да чатак нерсе. Ошого өкмөтүбүз көңүл буруп инвестор таппасак болбойт. Орусия кредитинен алып, ошол заводду курушубуз керек. Биз убакыт өткөрүп ийгенбиз. 17 жылдан бери ары-бери саясат кылып жүрүп убакыт өтүп кеткен. Таштандыларды кайра иштетүүчү заводдун алдында калдыктарды иргөөчү завод турушу керек. Желими өзүнчө, айнеги өзүнчө, темири өзүнчө, картону өзүнчө. Мен азыр акыр-чикирлерден тамактын калдыктарын гана алып калам, калганынын баарын өзүбүздүн эргулдар бөлүп алышкан, ошол жерден бизнес кылышат, ошону менен жанын багышат. Калдыктарды иштетчү заводго аракет кылып атабыз. Анан эми мен мисалы муну эртең эле жасап берем, куруп берем десем калпычы болуп калам. Бул чоң маселе. Аны сүйлөшүп атам. Москва, Пекин, Минск менен сүйлөшүп атам. “Аракет кылсаң берекет” болот дейт го. Кудай буюрса, деп туралы.

-Эл арасында сөз болуп атат Нариман мырза Ак үйгө кетет экен, өкмөт башчы болот экен дегендей. Себеп дегенде, сиз темир жол башкармалыгындагы иштериңизди аягына чыга албай шаар башчылыгына келдиңиз. Эми өкмөт башчылыгына деле сунуш түшүп калса кетип калышыңыз мүмкүн да же андай эмеспи?

Нариман Түлеев: -Темир жол боюнча. Мен ал жерге келгенде эл кабыл алган эмес. Кыйкырык өкүрүк, пикет, митинг. Эки жарым жылдан кийин кеттим. Кетип атканда ошол жерде иштеп аткан эл ыйлап калды. Бул максат эмеспи? Бул максат да, бул биринчиден ошол иштеген ишиңди эл карап, көрүп, баалап, анан кетип атканда ыйлап коё берди.

Мен ошол жерден кетип атканда ыйлап кеттим. Эми кетип атканда жок дегенде шаарлыктар “кап, дагы бир иштей турса болмок, кап жакшы иштеп келатты эле”, десе болду. Ден соолугумду аябай, эртең менен алтыдан кечки тогуз - онго чейин бекер иштебепмин деп ойлоп калам. Анан Ак үйгө кетемби, кызыл үйгө кетемби андай ойдо да жок. Эч кандай ал жөнүндө сөз да жок. Элдин оозун жабалбайсың да. Эл да айта берет экен тиякка кетет экен, биякка кетет экен деп. Кетейин деген оюм да жок. Ушул шаарга бир жыл болобу, эки жыл болобу Кудай канча жазып койсо ошончо иштеп, ошончо аракет кылып ушул Бишкек шаары да таза шаар, жашыл шаар болуп, автобус жүрүп, фонтандар көп болсо, скверлер көп болсо, зоопарк болсо - ушундай шаарда жашагың келет.

-Сиз шаардын проблемалары менен күндө жашайсыз, дем аласыз, ошону менен чогуу жүрөсүз. Бүгүнкү күндө Бишкектин эң негизги проблемасы деп кандай проблемаларды айтат элеңиз?

Нариман Түлеев: - Бул суу маселеси. Жол маселе анча кыйын эмес. Суу – катуу маселе. Тилекке каршы, жайында элибиз сууну сугатка пайдаланат. Кышында мисалы Бишкек сууканалда 60 - 70 суу соргучтар өчүрүлөт. Калган 220 суу соргуч жетет. Жайында 280 суу соргучту жандырганда көп проблемалар чыгат. Ошол эле жаңы конуштарда суу жетишсиз. Түштүк Батыштагы Арча-Бешик, Ак Өргө, Ак Ордодо ушу азыр суунун азабын тартып атабыз. Ошондон эмдиги жылкыга Баш-Кара-Сууга жаңы суу алгыч салалы деп жатабыз. 150 миллион сом өзүбүздүн бюджеттен карайлык деп планга киргизип атабыз. Ошол проблеманы чечип алсак бир орчун маселе чечилет эле. Экинчи маселе - таштандыларды кайра иштетүүчү завод. Үчүнчү маселе – жол. 4 - маселе – тазалык. 5- маселе ТЭЦ, бул да аябай чоң маселе. Санап отурсам шаар бюджетинен айлык алган 23 миң киши бар экен. Анын үй булөлөрүн кошкондо 60 миң киши ушул шаар бюджетинен айлык алып, оокатын кылышууда. Эмдиги жылкыга булардын айлыгын кандай кылабыз? Бул да чоң маселе. Коррупция - бул да чоң маселе. Башкы архитектура, күркөлөр, чекене соода жайларын иреттөө да кыйынга турууда. Байтик баатырдан солго кеткенде бош жер турбайбы, ал жерге генплан менен көп кабаттуу үйлөр, офистер курулат. Тилекке каршы, бүгүнкү күнү ал жерге суу алып бара албай жатабыз. Бир эле сууну ал жерге киргизиш үчүн 4 миллиард 700 миллион сом кетет. Эмне деген акча!

-Нариман мырза, ишиңизге ийгилик болсун!

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG