Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:16

Мал чарбачылыгы боюнча адистер Кыргызстанды келечекте асыл тукум мал сатуучу борборго айлантуу максатын көздөөдө.

Көп жылдар бою фермерликти аркалаган Рыспек Жумаев Швейцариялык асыл тукум уйдун төлүн көбөйтүү менен алек. Жасалма жол менен алынган малдын сырын мыкты билип калган Рыспек Жумаев ага кылдат мамиле керек экендигин белгилейт:

- Мындай асыл тукум кунаажын эң аз дегенде эле 22 литр сүт берет. Музоолору да чоң болуп, кымбат сатылат. Былтыр аукциондо асыл тукум кунаажын 70 миң сомго казактарга сатылды. Негизи бооз уйду сое тургандай кылып багуу керек. Анткени ал арык болуп, эти жука келсе, музоону жакшы көтөрө албай, тууту оор, музоосу алсыз болуп калат. Ошого жараша сүтү да аз чыгышы мүмкүн.

1999-жылдан тарта Борбор Азиялык малды асылдандыруу кызматы асыл тукум мал өстүрүүчүлөрдүн Ассоциациясы менен бирдикте Кыргызстанда мал уруктандыруучу 100 пунктун түзгөн. Анда жылына жасалма жол менен 45 миң музоо туулат.

Мал асылдандыруу кызматынын жетекчиси Акылбек Жумалиевдин айтымында, азыр Казакстан 1000 асыл тукум кунаажынды сатып алганы даяр турат. Бирок алардын суроо талабын камсыздоого шарт болбой жатат. Анткени жергиликтүү бодо малдын арасында оорулардын көп болушу жана фермерлерде мал багуунун жаңы ыкмалары туурасында маалыматтын жоктугу ишти кечеңдетип жатат:

-Мисалы, айылда жок дегенде уйлардын 15-20 пайызы оорулуу экен. Экинчи, бул фермерледин менталитетин айткым келет. Жасалма жол менен уруктандырганда уй тууй албай калат экен деген сыяктуу сөздөргө жетеленип жатышат. Анан музоо туулгандан кийин, анын энесинин сүтүн сатып жиберип жатышат. Ачка калган музоо асыл сапатын жоготот да. Музоого башынан өзгөчө көңүл бөлүү керек.

Айыл чарба министрлигинин мал чарбачылыгын өнүктүрүү боюнча бөлүмүнүн жетекчиси Сулайман Мамевдин айтымында, учурда мал оорулары боюнча абалды туруктуу кармап турууга мүмкүнчүлүктөр бар. Колдон келишинче эмдөө иштери жасалып жатат. Ал эми жергиликтүү малдын генетикалык сапатынан төмөндөп кетиши – бул мал чарбачылык багытындагы илим менен өндүрүштүн эриш аркак болбой калгандыгынан көз каранды болуп жатат:

-Илим-изилдөө институттары ошолорду изилдеп алдыга жылдырыш керек. Анан малдын баары жеке менчикке өтүп кеткенден кийин, анча мынча түшүнгөн фермерлер асыл тукум малды кармоого аракет кылууда. Калганы көңүл бурбай жатпайбы.

Ошентсе да мал өстүрүү жаатындагы жаңы тажрыйбаларды фермерлерге жеткирүүгө министрлик да кызыкдар. Алдыңкы ыкмаларды жайылтуу боюнча министрликтин алдында “Айыл ажары” аттуу гезит бар. Сулайман Мамаев учурда фермерлерди заманбап ыкмаларга окутуу иштери да болушунча жүргүзүлүп жатканын айтат:

-Министрлик менен агрардык университеттердин ортосунда адистер даярдалууда. Фермерлерди даярдоо боюнча аракеттер жүрүп жатат. Мисалы Кочкордо, Баткенде , Ошто кесипчилик окуу жайларында фермерчиликке көңүл бурулуп жатат. Анан мал асылдандыруучу кызмат да чоң салым кошуп жатат. Алардын адистери тажрыйбаларын үйрөтүп жатышат. Биз аларды колдойбуз.

Учурда Кыргызстанда 1миллион 200 миңден ашуун баш кара мал бар. Алардын азырынча болгону 3-4 пайызы гана жасалма уруктандырылат. Малдын асылдуулугун арттыруу менен өлкөдө 186 асыл тукум чарбасы алектенет. Адистердин пикиринде, асыл тукум малды өстүрүү аркылуу мал чарбачылыгын өнүктүрүү модели өлкөдө иштелип чыкты. Эгер келечекте жалпы кара малдын 50 пайызы гана жасалма жол менен уруктандырылса, анда Кыргызстан келечекте асыл тукум мал сатуу борборуна айланат.

  • 16x9 Image

    Айзада Касмалиева

    "Азаттыктын" Бишкектеги журналисти, "Ыңгайсыз суроолор" телепрограммасынын алып баруучусу. К.Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетинин филология факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG