Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:18

Үчүнчү президенттин бир жарым жылдык сыноосу башталууда


Өткөөл мезгил президенти Роза Отунбаева.
Өткөөл мезгил президенти Роза Отунбаева.

Референдум жыйынтыгы 2-июлда расмий жарыяланса өткөөл мезгил президентинин ишке киришүү аземи 3-июлда өткөрүлөт. Өткөөл мезгил президенти кызматына киришүү аземи буга чейинки ушундай расмий иш-чаралардан айырмаланып кыйла эле жупуну өтө турганы айтылууда.

Азем го өтөт

Убактылуу өкмөттүн аппарат жетекчиси Э.Каптагаев референдум аркылуу Өткөөл мезгил президенти ыйгарым укугун ырастаган Роза Отунбаеванын кызматка киришүү аземи 3-июлда Кыргыз улуттук филармониясында өтүп калышы мүмкүн экендигин билдирди. Антип күтүлгөн расмий иш-чаранын качан өтөрү так белгиленбей, этият болжолдонуп жатыш себебин Убактылуу өкмөттүн маалымат катчысы Фарид Ниязов референдум жыйынтыгынын расмий чыгарылышына байланыштуу түшүндүрөт.

- Азырынча кайсы күн экени белгисиз. Себеп дегенде Борбордук шайлоо комиссиясы жыйынтыктарды жума күнгө расмий жарыя кылууну көздөөдө. Бирок ал так ошол күнү сөзсүз болору белгисиз. Эгер жума күнү расмий жыйынтык жарыяланып калса ишембиде жупуну гана кызматка киришүү аземи өтөт.

Расмий маалыматтарга ынансак, 27-июндагы референдумга шайлоочулардын 70% ашууну катышып, алардын 90% көбү коюлган суроолорду колдой турганын билдиришкен. Ошону менен декрет аркылуу өткөөл мезгил президенти болуп дайындалган Роза Отунбаева жаңы кызматты эмдиги жылдын аягына чейин аткарууга укук алды. Өлкөнүн түштүгүндөгү кандуу калаба азыноолок басты-басты болунуп турган чакта референдумдун өтүш-өтпөшү чоң талашка түшүп, жыйынтыгы айрым саясий күчтөр болжол кылган көрсөткүчтөн да арбын чыкты. Буга чейинки шайлоо-референдумдардын көтөрүңкү көрсөткүчтөрүн сынга алып келген азыркы бийлик жетекчилери айрым аймактардагы шайлоочулардын өтөле аз келишин жалпы көрсөткүчкө кескин таасир көрсөтө албас көрүнүш катары сыпаттоодо. Канткен күндө да өлкө минтип тагдыры калтыс кырдаалда турган оор жагдайда мыйзамдуу жолго түштү.

Өткөрүштүн кажаты бар беле?

Өткөөл мезгил президенти кызматына киришүү аземи буга чейинки ушундай расмий иш-чаралардан айырмаланып кыйла эле жупуну өтө турганы айтылууда. А бирок Кыргызстан башынан кечирип жаткан кыйынчылык кезде алдагыдай жупуну иш-чараны деле өткөрүүнүн кажети бар беле, деген суроо туулбай койбойт.

Саясат таануучу Карыбек Байбосуновдун ырасташынча, жалпы элдик добуш берүүнүн жыйынтыктары жарыя болгондун эртеси эле президенттик кызматка киришүү жөрөлгөсүн жасоого шашылуунун кажаты жок болчу.

- Ушул иш-чарага кичине шашылыбыраак кетип жатышат окшойт. Ушуну жөн эле коюшса болмок экен. Ансыз деле Роза Отунбаева өткөөл мезгилдин президенти болуп аткандан кийин президенттик шайлоодон өткөн учурда гана кызматка киришүү аземи – инаугурация болот.

Өтүш-өтпөшү кыйла талаш-тартыштарды жараткан референдумдан соң өткөөл мезгил президенти Роза Отунбаеванын кызматка кириш аземи сөзсүз жасалышы абзел. Антиштин себеп-жөнүн профессор Аблабек Асанканов иш-чаранын саясий маани-мазмунуна байланыштуу түшүндүрөт.

- Башка өлкөлөр, чет өлкөлөр муну таанышы керек болуп атпайбы. Ошон үчүн муну жасап коюш керек. Референдум жасабаш керек дешкен. Аны да өткөрдүк. Референдумдун керек экени эми аныкталды. Эми муну да жасап коюш керек.

Борбордук шайлоо комиссиясы аптанын аягына чейин жалпы элдик добуш берүүнүн жыйынтыгын расмий жарыя кылып калса ишембиде, болбосо кийинки жумага белгиленчү Роза Отунбаеванын өткөөл мезгил президенттигине киришүү аземи ансыз деле жупуну өткөрүлөрү, сырттан расмий бийлик өкүлдөрү чакыртылбашы кабарланууда. Аземге коомдук ишмерлер, өкмөт мүчөлөрү, элчилер, эл аралык уюмдар, маалымдоо каражат өкүлдөрү чакырылары кабарланууда. Чогулган эл алдында ант берчү жаңы мамлекет башчысынын алдында өлкөгө тынчтык орнотуу, кандуу калабадан жабыр тарткан калкынын социалдык-экономикалык проблемаларын чечүү, күзгө белгиленген парламенттик шайлоону калыс өткөрүү, эмдиги жылы шайланчу 4-президентти тандоого шарт түзүү милдеттери турат. Роза Отунбаеванын буга чейинки кадр саясатындагы алешемдиктери кысталыш жагдай-шартка жараша жасалган иш катары сыпатталып келсе, эми ал расмий кызматка киришкенден кийинки жарлыктарынын жоопкерчилигин жалгыз өзүнө алышка мажбур. Ошентип 3-президенттин бир жарым жылдык сыноосу башталууда. Анын натыйжасы кандай болорун алдыдагы убакыт көрсөтмөкчү.

XS
SM
MD
LG