Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:27

Мыйзамсыз иштеген кытайларды кимдер калкалайт?


Куршабдагы кытай мигранттар
Куршабдагы кытай мигранттар

Кыргызстанда жакынкы он жылда Кытай жарандарынын демографиялык экспансиясы коркунуч туудурушу мүмкүн.

“Кыргыз чоролору” коомдук уюму учурда өлкөгө мыйзамсыз жана мыйзамдуу келген Кытай жарандарынын саны жүз миңден ашканын билдирүүдө.

Аталган коомдук бирикме ички иштер жана коопсуздук органдары менен биргеликте жүргүзгөн рейддердин жүрүшүндө, кытай жарандарынын өнөр-жай ишканаларында мыйзамсыз иштегени боюнча ондогон фактылардын бетин ачкан.

Тиешелүү бийлик органдары аталган жагдайга жоопкерчиликти алууну бири-бирине түртө салууда.

Мыйзамсыз иштегендерди ашкерелөө

“Кыргыз чоролору” коомдук бирикмеси ички иштер жана коопсуздук органдары менен биргеликте Чүй облусунун аймагында жайгашкан өнөр-жай ишканаларын текшерүүдө. Аламүдүнгө караштуу Грозный айыл аймагындагы кыргыз-кытай кыш чыгаруучу ишканасын текшерүүнүн жүрүшүндө, 63 кытай жараны мыйзамсыз иштеп жүргөнү аныкталган. Көк-Жар айылындагы “Керамика-Курулуш” ишканасында 21 кытайлык жаран мыйзамсыз иштеп жүргөнү катталган.

“Кыргыз чоролору” коомдук бирикмесинин төрагасы Замирбек Көчөрбаев андай мыйзамсыздыктар бийлик органдарындагы туташ коррупциянын негизинде ишке ашканын белгиледи:

- Алардын көпчүлүгү ишкердик визасы менен келишип, анан кара жумушта иштеп жүрүшкөн. Аталган виза менен кара жумушта иштөөгө мүмкүн эмес болчу. Бирок алар паспорту менен ал визаны эки ай мурун алышып, андан соң бул жерде, калкты каттоо департаментинде анын мөөнөтү дагы бир айга узартылган. Негизи ишкердик визасы мыйзам боюнча аталган мекеме тарабынан узартылат. Анын бардыгы ага чейин текшерилген эмес экен.

Ошол эле кезде Кыргызстандагы жумушсуздуктун айынан миңдеген жаштар чет өлкөгө кетип жатканы айтылып келет.

Таасирдүү күчтөрдүн калканчы

“Кыргыз чоролору” Бишкектеги “Дордой-Жунхай”, “Мадина” жана “Таатан” сыяктуу ири базарларда текшерүү жүргүзүү аракеттери бийликтеги аткаминерлер жана ишкер чөйрөсүндө жүргөндөр тарабынан чоң тоскоолдуктарга учурап жатканын айтышууда. Аталган коомдук демилгенин баштоочуларынын бири Замирбек Көчөрбаев мыйзамсыздыктардын бетин ачууда күч органдары алсыз экенине токтолду:

- Базарларда текшерүү жүргүзүү бизге кыйын болуп жатат. Анткени анда ар кандай карама-каршылыктар болуп кетиши мүмкүн. Аталган базарларда атайын спортчу балдарды жалдап, даярдап коюшканы тууралуу маалымат алдык. Бардыгын иликтеп жатабыз. Ал жакта өтө көп мыйзамсыздыктар бар экени байкалган. Бирок аларды парламент депутаттары, Башкы прокуратурадагы жогорку аткаминерлер жана тиешелүү тартип коргоо органдарындагы жетекчилер калкалап турат экен. Ошондуктан ички иштер жана коопсуздук органдарынын тиешелүү башкармалыктары аталган объекттерди ачык текшере албай келген.

Мыйзам боюнча чет элдик жарандарга кара жумушта жана соода жайларында иштөөгө тыюу салынат. Бирок ишкердик визасы менен Кыргызстанга кирип, жалданма жумушка чегерилген чет элдиктердин визасы калкты каттоо департаменти тарабынан узартылып турат.

Аталган департаменттин паспорт-виза кызматынын өкүлү Гүлбарчын Турдубаева визаны узартуу ага чейинки документтердин негизинде гана жүргүзүлөрүн айтты:

- Бизде визалар кандайча узатылганы боюнча мына ошол текшерүү органдарына маалымат берип турабыз. Эгерде аларда кандайдыр бир суроолор болсо ал боюнча кат жөнөтүп, жооп алып турушат. Анткени биз жөндөн-жөн эле визаларды узартып бере албайбыз. Бизге ага чейин бөлүнгөн квотанын негизинде алган уруксат кагаздарын көрсөтүшөт. Мына ошол документтердин негизинде гана биз визаны узартабыз.

Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин консулдук кызматы менен Жаштар жана миграция саясаты министрлиги комментарий берүүдөн баш тартышты. Учурда Кыргызстанда жашаган Кытай жарандары тууралуу расмий так маалымат жарыялана элек. 2008-жылы чек ара кызматынын мурдагы төрагасы Замирбек Молдошев Кыргызстанда 60 миң кытай жараны бар экени тууралуу биринчи жолу расмий маалымат тараткан болчу.

XS
SM
MD
LG