Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:35

А.Жапаров: «Күч менен чечебиз дегендин аягы 7-апрель менен бүттү»


А.Жапаров Каржы министри кезинде

А.Жапаров Каржы министри кезинде

Мурдагы өкмөт башчынын 1-орунбасары Акылбек Жапаров Таластагы нааразылык жыйындарын тынч таратуу аракетине а кездеги өкмөт башчы Д.Үсөнов каршы чыкканын билдирди. Каршы чыккандарды бийликтин күч менен кадемин катыруу аракети кандуу бүттү.

2005-жылкы бийлик алмашуусунан кийин каржы, экономика тармагын жетектеп келген 1-элдик ыңкылап жетекчилеринин бири Акылбек Жапаров менен кабарчыбыз Бекташ Шамшиев аңгемелешкен.

Таластагы кагылыштын калабасы

- Таластагы 7-апрелдеги окуяларга токтоло кетсеңиз. 6-апрель күнү Таласка бардыңыз. Эртеси күнү ал жерден кантип чыктыңыз?

Акылбек Жапаров: - Эртең менен жети жарым, сегизде премьер министр Данияр Үсөновго телефон чалдым. Ал кишиге: “Азыр үч-төрт сааттын ичинде Болот Шерниязовду бизге жибергиле, саат 10-11 де жыйынды баштайлы” дедим. Ал киши “Жеке эле Болот Шерниязов эмес оппозициянын лидерлеринин барын кармадык, ушундай мамлекеттик төңкөрүш деп атыптыр, силерге Молдомуса Конгантиев жетип калды, ал баарын калыпка салат. Мен баягыдай эле сага дагы бир жолу айтып атам сен такыр кийлигишпегин!” деп айтты. Мен “Конституция боюнча сиз жооп бересиз, өкмөт жооп берет. Премьер-министр сиз жеке ушунун баарын мойнуңузга аласызбы” десем, “Мен мойнума алам, баарына сен кийлигишпе”, деп койду.

Түн ичинде биз сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп атканда 200 чакты атайын милиция кызматы келатыптыр, ошону токтоткула дегем. Эртең менен УВДга М.Конгантиев келип калды дегенди угуп калдык. “Ай, атаң көрү, бул эми жакшылык менен бүтпөй калды го”, деп Искендер Айдаралиев менен анын үйүнөн чыгып ветеринардык станция департаментинин өзүнчө короосу менен үйү бар экен ошол жакка областтык бүт жетекчилерди чогулттук. Алар менен акылдашсак алар: “Тынчтык жол менен бүтүш керек эле. Түн ичинде таяк жеген элдин баары айыл- айылдарын көтөрүп атышат. Талас эли бат эле чогулуп калат. Анан бул жерден тынчтык жыйынга өзүбүз барып катышпасак бул чыр-чатак бөлөк нерсеге айланып кетиши мүмкүн” деп айтышты.

Анан биз облус жетекчилери менен турганда бизге телефон чалып чек арачылардын жыйырма бешин октолгон курал менен УВДга алып келишти деп айтып калышты. Андан мурун түн ичинде Ж.Азизовго айтсам ал “бүт октолгон куралдардын баары бек, бизде болгону жаш агызуучу газ, желим октор, гранаталар калган. Баары тең УВДнын сактоочу жайында бекилип турат. Мен министр орунбасары катары дагы айтам” деген.

Искендер Айдаралиев экөөбүз 25 жаш чек арачы балдар автомат менен келип калса дагы эмне болуп кетпесин деп УВДга баратып, жолдон кечээ күнү жарат алгандарды көрүп коелу деп ооруканага бурулдук. Ал жерге Бишкектен Сабырбек Жумабеков дагы келип калган экен. Ал киши менен башкы врачтын кабинетине отуруп алып сүйлөшсөк отуз бешке жакын милициянын балдары, он үчкө жакын жөнөкөй жарандарыбыз жаракат алганын айтты. “Ошонун бирөө катуу болуп атат. Ички органдарына катуу оор нерсе тийген. Төртөөнүкү оор, анын ичинен бирөөнүкү аябай катуурак болуп атат. Биз ошол баланы карап чыгарып кеттик. Мен бүт адистерим менен келдим” деген.

Анан ооруканадан чыгып бара жатсак 500-600 чакты киши эшиктин алдына топтолуп калган экен. Бирок биз сүйлөшөлү деп Шералыны дагы, Койсунду дагы таппай калдык. Ал жерден ветеринардык департаментке барып эл менен сүйлөшүп ал жерден мэрияга баралы дедик. Мейли мэрияга барып ошол жерден элдер менен сүйлөшөлү десек, УВДдан чек арачыларды алып кетип калышты дегенди угуп УВДга бардык.

Тилекке каршы, Талас эли толкуп алды. Ошондуктан алар митинг өткөрүп жатышканда УВДга келдик. Ал жерден дагы лидерлери менен сүйлөшөбүз десек 2-3 аксакал келди. Искендер Айдаралиев чыгып “биз бул жактан милицияларды чыгарып кетели, силер УВДны алгыла” деди. Бирок алдында тургандарды артында турган элдер көп укпай калган экен.

М.Конгантиев дагы “өзүбүздүн ишибизди баштай беребиз, сиз кийлигишпешиңиз керек” деп өзүлөрү дагы катуу үн менен жарылчу граната, жаш агызуучу газ менен аткылай баштады. Андан ары сүйлөшүүгө мүмкүнчүлүк болбой калды.

Мени менен чогуу мага окшош Рахат деген иним барган. Өзү ошол эле Ички иштер министрлигине караштуу монтаждоо башкармалыгынын начальниги. Ал “Акылбек байке, элге чыгып эле кетпесек болбой калды аябай кишилер көп” деп айтып калды.

Азыр УВДнын ичиндеги түндө кармалган балдардын баарын чыгарыш керек. Болбосо эл кетпейт бул жактан деп Конгантиевге дагы, УВДнын начальнинине да айттым. “Кылмышка байланышкандары жокпу” десем “Жок, кечээ күнү кармалып келген төртпү-алтыбы бала бар, анан кыздар бар” деди. “Анда ошол кыздар- балдардын баарын биз алмаштыралы. Милициянын баарын бери жакка мылтыктары менен өзүнчө сол жакка тизилели. УВДга киши кире берсин” дедик.

Бирок ага карабай эле башаламан болуп кетти. Ал жерден Искендер Айдаралиевди дагы өзүнүн тааныган кишилери бар экен. Мени тааныган дагы 20-30 чакты кишилер бизди бөлүп алып кетишти. УВДнын ичин басып алышканын кийин телевизордон эле көрүп аттык.






Нааразылык эмнеден чыкты?

- Элдин наразылыгы дейбизби же болбосо элдин көтөрүлүшү дейбизби эмненин эсебинен чыкты деп ойлойсуз?

Акылбек Жапаров: - Буга эми экономикалык себептер түрткү болуп калды. Биринчиден тарифти кескин түрдө көтөрүп жибердик. Экинчиси ар бир сүйлөшүп аткан уюлдук телефондорго 60 тыйындан алабыз дегенди киргизип жөн өзүнүн оокатын кылып аткан ар бир үй-бүлөгө кол сала баштадык. Данияр Үсөновдун өкмөтү жөлөк пулдарды дагы убагында бере албадык.

Мына мен Нарынга февралдын аягында, март башталып калганда бардым. Ошондо араң акчаларды ала бардык. Тарифтер 1-январдан баштап көтөрүлдү. Февралда элдин бары эсептерин көрдү. Жөлөк пулдар, пенсиялар кечиктирилип берилип калды. Эл аябай катуу кыжырланып турганда уюлдук телефондун 60 тыйыны чыкты. Бул өзүңүздөр билесиздер, көпчүлүк жаштар. Ата-энелери менен сүйлөшөт. Элди кыжырланткан фактор ошентип экономикалык себептер түрткү болду.

Экинчиден, экономиканын түпкү мыйзамдары бузула баштады. Анткени биз капитализм куруп атабыз. Бааны жогорулай бергени менен товар мүмкүнчүлүккө жараша сатылат. Бул жерде эч ким такаат кылбаш керек деген экономиканын мыйзамы бузулду.

Анан Кыргызтелекомду алабыз деп немис Гетеко деген компаниясы келсе аны киргизбей койдук. Анын себеби “Кайф Даблю” деген эл аралык алдыңкы он банктын катарына кирген банктын гарантиясын жаратпай Гетекону киргизбей коюшту. Бул эми тарыхта экономикада болбой турган нерселер.

Түрктелекомду киргизбей коюптур. Россиядан келген инвесторун киргизбей койдук. Кыргызтелекомду арзан сатып ийүүнү көздөгөндөр ошондой чоң инвесторлорду киргизбей коюшту. Анан азыркы базар шартында 1 миллион же болбосо 2 миллион деп эле бөлүштүрүү компанияларын сата баштадык. Мына ошонун бардыгы тең факторлор.

Анткени ошол байлыктар бир үй-бүлөнүкү эмес, бүт элдин байлыгы эле. Текейден арзанга сатып аткандан кийин элдин делебеси козголуп кетти. Ал эми оппозиция лидерлерин камап, акыркы айларда болсо укук коргоо органдары күч менен элди ордуна келтирип коебуз дей башташкан. Коркутуу, үркүтүү жолуна раматылык Медет Садыркуловду өрттөп жибергенден кийин түшүштү. Күч вариантына өтүп алып баарынзордук менен чечебиз дештин, саясий-экономикалык проблемалардын басып коюунун аягы 7-апрель менен бүттү. Канча адам каза болду. Экинчи президент качып кеткенге мажбур болду.

- Нааразылыктардын чыгышына, өлкөнүн көпчүлүк калкынын бийликке каршы турушуна президенттин уулу Максим Бакиевдин жана бир тууганы Жаныш Бакиевдин канчалык деңгээлде тиешеси бар деп ойлойсуз?

Акылбек Жапаров: - 2007-жылы Игорь Чудиновдун өкмөтүндө иштеп жатканда Кыргызтелекомду сатабыз-сатпайбыз деген суроо көтөрүлгөн. Ошондо өкмөт мүчөлөрү ушул телекомдун баасы 300 млн. доллардын тегереги. Андан ылдый саткан болбойт, дегенбиз. Бирок атайын мыйзам негизинде муну өкмөттүн коллегиялык органы чечпейт. Сатыш-коюшту мамлекеттик мүлк фонду өзү чечиш керек. Өкмөт болгону анын методдорун гана аныктайт делинип калган.

Конкурс болобу же аренда болобу ошонусун көзөмөлдөйт деп, маселени ажыратып, сатууну министрликке берип койгон. Экинчиден, Борбордук агенттик түзүлүп ага болгон каражат менен инвестиция берилген соң, өкмөттүн - аткаруу бийлигинин ролу таптакыр төмөндөп кетти. Жоопкерчилиги жок же жокко эсе болуп калды. Борбордук агенттик президент жарлыгына ылайык түзүлгөн.

Ал эми мыйзамда жок нерселердин баары болуп кеткендиктен бул элдин нааразылыгын жаратты. Борбордук агенттик кадр маселесин чечүүгө киришип, Максимдин өзүнчө орду болуп калды. Көп нерселерди ал атасына жеткирбей өзү чече турган болуп калган.

Атасынан баласы кыйын чыгат

Мен 5 премьер-министр менен иштештим. Анан Данияр Үсөновдун Курманбек Салиевич дебей Максим Курманбекович деп ошол кишиге кызмат кылганы да элдин кыжырдануусун келтирчү факторлордун бири болду го деп атам. Бир топ чечимдерди кабыл алууда элдин кызыкчылыгын каралбай калган. Бир кишинин же болбосо ошол топтун кызыкчылыгы көбүрөөк чечиле баштаган. Максимдин жасаган иштери да шыкак болду.

Мен Нарынга барганда бир аксакалдын сөзүн эстедим. Ал Курманбек Бакиевге айтат элем. Курултайга да делегат болбой калдым эле, деген. Эл менен төрт жарым саат сүйлөшкөнбүз. Ошондо чыгып баратканда бир аксакал туруп “сен айта барчы. Жакында эле шайланса “эгерде мен бирдеме болуп калсам” деген сөздү токтотсунчу. Анткени кыргыз элинде жакшы салт бар. Төрөлө элек балага жалаяк албайт, өлө элек кишиге жыртыш албайт. Өзү президент болуп шайлангандан кийин мөөнөттүн аягына чейин барам дебейби. Президент болуп шайлангандан кийин эле “эгерде мындай болуп кетсе” деп эле парламентине алып барып, Конституциялык сотко алып барып, анан дагы бирдемелерди айтып аткандан кийин бул эмнеге даярданып атат? Кыргыздарда атадан балага так өткөн эмес. Ушуну бир айтып койчу” деген.

Мына ушундай аракеттер шайлоо аркылуу эмес, эл чечпей мына өзүбүз эле, 4-5 киши чечебиз дегендиктин натыйжасы. Ушул жагдайлар мурунку президенттин үй-бүлөсү менен качып кетишине себепкер болгон. Мунун эки баласы дагы бүт экономика тармагын ээлеп алышты. Өз көмөчүнө күл тартып отурушуп атасын ушуга жеткиришти. Ал эми Жаныш Бакиевдин болсо күч структураларынын баарын колго алып күч менен саясий дагы, экономикалык дагы проблеманы чечем дегени экинчи чоң фактор болду. Бирок үчүнчү эң чоң фактор К.Бакиевдин президент катары өзү чечимди кабыл албай калганы болду. Мына ушул үч чоң фактр 7-апрелдеги кан төгүлүүлөргө алып келди.

-Сиз президенттин жанында жүрдүңүз. 2005-жылкы окуялардын кандай өткөнүн өзүңүз башыңыздан өткөргөнсүз. Нарындагы элдик нааразылык митингине катышкансыз. Маалыматыңыз көп эле болчу да. Аларды айткансыз, президент кандай кабыл алган?

Акылбек Жапаров: - Мурун Каржы министри болуп жүргөндө эки жумада бир жолу жолугуп турчу элек. Анан Экономика министри болуп калганда бир-эки айда араң бирден жолугуп калдык. Биринчи вице–премьер болгондо өзү чакырганда же болбосо чоң чогулуштарда жолугушуп, кичине кичинеден алыстап бататтык.

Нарын элине өзүмдүн жериме барганда төрт жарым саат болгондун барын уктум. Көкөйлөрүнө көк таштай тийгенибизди сездим. Нарын элине ошол жерден сөз бердим. Ушул айтып аткан сөздөрүңөрдүн баарын төкпөй-чачпай бирөөсүн да калтырбай президентке жеткирем. Мындан ары мындай экономикалык саясатыбыз, энергетикадагы саясатыбыз туура эмес жерге кетип баратканын көрдүм. Жанагы эле 60 тыйынды, банктагы пайыздардын көптүгү, ошону менен бирге Нарын шаарында иштеп аткан мекемелердин бири базарды дагы Нарындын чоңдору ээлеп алыптьыр. Аялы базарда чоң болсо күйөөсү шаардык кеңеште чоң. Губернатордун орун басарынын кайнатасы бир жерде чоң экен. Ушундай аралашмалардын баары болуп кетиптир. Мунун баарын мен президентке айтам деп келдим. Эртеси күнү жабык жыйын өткөрдү.

Курманбек Салиевич, премьер-министр, мен катыштым. Максим Бакиев олтурду. Анан ошол жерде кырдаалды толугу менен түшүндүрүүгө аракет кылып айттык. Бирок, М.Садыркуловду кандуу жол менен кетиргенден кийин бир топ чиновниктер дагы протокол менен иштеп калганбыз. Ошондуктан биздин да күнөө болсо керек. Колубуздан келгени өзүбүздүн оюбузду мисалы аткаруу бийлигинде чечим кабыл алганга чейин айтып аттык. Мен кат түрүндө да жазып, өзүмдүн оюмду айтып аттым. Бирок көпчүлүк кол көтөрүп чечилгенден кийин аткаруу бийлигинин ичинде буларды аткарыш керек экен биз ошого байланып калдык.

- Сиз Кыргызстандын экономикалык абалын жакшы билесиз. Максим Бакиев 200 млн. долларды чет өлкөгө алып чыгып кеткени жөнүндө да маалымат айтылып атат. Максим Бакиев Кыргызстандын каражат жагын толук көзөмөлдөчү беле?

Акылбек Жапаров: - Тилекке каршы, толук бийлеп калган. 2007-жылы декабрда мени каржы министрлигинен экономика министрлигине которушту. 2005-жылдан 2007-жылга чейин менин позициям бир эле болчу. Өкмөттүн каржысына биринчиден ү-бүлө кийлигишпеш керек. Экинчиден өкмөттүн каражаттарынын баары РСКда эле. Анткени ал 100 пайыз өкмөттүн өзүнүн банкы болчу. Айыл банкта болгон каражат, депозиттердин баары тең улуттук банкта туруш керек деген талап бар эле. Биз бүт ушуну 100 пайыз аткардык. Мени экономика министрлигине жылдырып койгондон кийин бүт акчалардын баарын Азия Универсал банкка жылдырышты. Ал банкка жеке эле өкмөттүн акчаларын койбостон, Социалдык фонддун акчаларынын баарын коюшкан. Мекемелердин атайын эсеби деп коебуз, ошол акчаларынын баарын тең ушул банкта же болбосо өзүлөрү көзөмөл жүргүзгөн банктарга салып салышты. Кирешени да чыгашаны дагы толук 100 пайыз өзүлөрү көзөмөл жүргүзө баштады. Мына ушундай операцияларга кийинки каржы министрлигинин мүмкүнчүлүктөрүнүн толук чектелгенден кийин булар көзөмөлдөп жана башкарып калышты.

- Билесиз 2005-жылы Бакиев кантип бийликке келгенин. Ал кандай келгенин кийин унутуп калдыбы же болбосо келгенден эле өзүнө, жакындарына акча чогултуунун эле арга-амалын ойлоп калдыбы?

Акылбек Жапаров: - Президент катары биринчи жылы саясий стабилдүүлүктү сактап калуу аракетин көрдү. Анан тандем пайда болду. 2005, 2006 анан 2007- жылдары жеке өзү президент катары экономиканы көтөсөкпү деп өзү башкарып, өзү аракет кылганы көрүнүп эле турду. Ушу 2007-жылдын башынан тарта Максим Бакиев жана анын командасы катуу кийлигише башташты.

Бул жерде администрация жетекчиси болуп М.Садыркулов келгенден кийин бир топ жумуштун бары ошол кишинин деңгээлинде болуп калды. Ал баласынын башкаруу принциптери менен айкалышып, экөө төп келишкендиктен парламентти дагы жокко чыгарышты. Анткени мурунку парламент күчтүү парламент эле. Ал өкмөттү дагы, президентти дагы көзөмөлгө алып турган.

Чөнтөк парламент түзүлгөндөн кийин такыр эле көз жастым болуп 2005-жылкы элдин кыжырдануусунун баары, элдик революция болгондун баары унутулуп, өз көмөчүнө күл тартуу башталды. Өлкөнү башкарып аткан президент катары өзүнүн мүмкүнчүлүктөрүнүн барын 2006-жылдын аягы, 2007-жылдын башынан тарта жокко чыгарып алды. Андан бери бул иш тереңдей берди.

Экономикалык чечимдер бөлөк структураларда, бөлөк үйлөрдө, бөлөк жерлерде чечиле баштады. Президенттин кабинетинде эмес. Өзүнүн капиталын куруу аракети Данияр Үсөнов А.Акаев мүлкүн издөө боюнча комиссиянын төрагасы болгондо башталды окшойт. Мына ошонун ызы чуусунда А.Акаевдан калган байлыктын баары элге өтпөй, 5-6 айдын ичинде кайра ошонун баласына же болбосо ошол баласы түзгөн структураларга А.Акаевден калган байлыктарды өткөрүп берүү процеси башталган. Мына ушул биринчи кадамдар ошол жактан башталды деген эсебим бар.

Мен экинчи комиссиясынан кийин чыгып кеттим. Үчүнчү комиссиясында Болот Шерниязов дагы чыгып кеткен. Анткени адилет чечилбей, байлыктардын баары А.Акаевдики деген эле гезиттердеги жарлыктардын үстүндө иштеп, анан тымызын сүйлөшүүнүн негизинде бөлөк жакка өтүп атканын сезгенден кийин биз кетип калдык.

- Ошол жагдайды президент билчү да. Сиздер айткан болушуңуздар керек ал кишиге. Кандай мамиле кылчу?

Акылбек Жапаров: - Үсөн Сыдыков администрацияны жетектеп турганда революцияга катышкан кишилердин баары марттан октябрга чейин чогуу жүрдүк да. Баарыбыз элдин мүдөөсүн аткарганы келдик деп, аракет кылып, чогуу чечип жүрдүк. 2005-жылдын аягы 2006-жылдын аягына чейин ал киши угуп кыжырданса да аябай чыдамкайлык менен аягына чейин кандай ачуу болсо да чындыктарды угуп, туура чечим кабыл алганга аракет кылчу.

Буга Ф.Кулов дагы премьер-министр катары чоң түрткү берип турду. Анткени ал дагы мүмкүнчүлүк бербей, уурдап кетүүгө, арзан баада сатылууга жол бербейм деп өкмөттү кармаганы үчүн да ал жылдары президент санаалаштарын угуп турду. Андан кийин болсо ал санаалаштарынын ой пикирлери өтпөй, бөлөк жактан келген пикирлер, бөлөк жактан келген ойлор ишке аша баштады. Раматылык Медет Садыркулов менен сүйлөшкөндө арыз жазганга эмне түрткү болду, десем аягында президенттин жарлыктарынын долбоорлору дагы администрацияда жазылбай, бөлөк жактан алынып келинип, анан ошого кол койгула дегенде “мен мындан ары администрациянын башчысы катары бөлөк жердеги бөлөк кишилер чече баштаганын сезип, анан мен кол коюп кеттим” деген сөзү бар.

- Акылбек мырза, маегиңизге ырахмат!

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG