Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 09:25

Өткөн жылы 21-декабрда Базар-Коргон районунун акими Жаңыбай Асрановго ишеним көрсөтпөө тууралуу Базар-Коргон райондук кеңештин 30 депутатынын он жетиси чогулуп кезексиз жыйын чакырышкан.

Райондук кеңештин а кездеги төрагасы Арапбай Жолдошбаевдин ырасташынча, жыйынды чакырууга 20 депутаттын кайрылуусу негиз болгон. Райкеңештин төрагасы Бишкекте жүргөндө райондук кеңеш депутаттарынын кезексиз жыйыны чакырылып А.Жолдошбаев төрагалыктан алынганын район акими Ж.Асранов маалымдады.

Жер чатак

Базар-Коргон районундагы мыйзам чыгаруу менен аткаруу бийлик ортосундагы талаштын чоо-жайын райондук кеңештин мурдагы төрагасы Арапбай Жолдошбаев мындайча түшүндүрөт:

- Биздин райондук кеңеште 30 депутат бар. Азыр райондук кеңешке күчтүү депутаттар келген. Мамлекеттик муниципиалдык кызматкерлер азыр депутат эмес. Бизде укукчулар, укук коргоочулар бар. Ошолор айылдык кеңештин райондук кеңешке кайрылууларын райондук кеңеште карап тийиштүү токтом кабыл алып берсек да, райондун акими тарабынан алардын бирөө да чечилбегенден ушул маселе келип чыкты. Биздин мыйзам боюнча 20 депутат акимге ишеним көрсөтпөө укугуна ээ. Ошондуктан мага 20 депутат кезексиз сессия чакырып, акимге ишеним көрсөтпөө тууралуу кайрылышкан. Эгер ал маселени мен карабасам райондук кеңештин депутаттары менин маселемди карашы мүмкүн. Анан мен акимди эскертип, губернаторго айтып ошол кезексиз сессияны чакыргам.

- Талаштын чыгышына эмне себеп болду. Сиздер кайрылууда көп нерселерди акимдин иш стили боюнча кемчиликтерди көрсөткөн экенсиздер. Ошолордун айрымдарын атай кетпейсизби.

Арапбай Жолдошбаев: - Талаш негизи эле жерден чыкты. Биздин райондо “Мундуз” деген үрөнчүлүк чарба бар. 55 гектир сугат жери бар. Ошол “Мундуз” үрөнчүлүк чарбасы жерди айдатпайт, элге үрөн бербейт. Өзүнүн ишин аткарбагандыктан эл бир жылдан бери талап кылып келген. Мен акимге кирип ушул маселени чечип коюңуз десем, эмнегедир ошол маселени кечеңдетип чечпейт. Ошол Кеңеш айылдык округундагы элдик жыйындарга баруудан качат. Ошол маселени сессияга алып чыкканыбызда акимдин депутаттарды алдоо аракети билинип калды. “Ал жеке менчик, аны эч ким ала албайт”, деп чыкты. Ошондон кийин депутаттар “бул кандай аким, мунун маселесин карабасак болбойт экен” деп, чыр ошол “Мундуз” үрөнчүлүк чарбасынан чыкты.

- Эстеликке деген акча, Тентек-Сайдагы көпүрө жөнүндө да кайрылууда кеп болуптур. Ошону тактай кетсеңиз.

Арапбай Жолдошбаев: - Биздин Чкалов айылында стимулдаштыруучу гранттан 4 миллион сом алынып көпүрө курулган. Көпүрөнү тендери жок, аким өзүнүн классташына берип, ашар ыкмасы менен курулган. Аны район боюнча элдин баары билет. Бул көпүрө боюнча ошол Чкалов айылынын өзүнүн тургундары маселени коюп, азыр прокуратура тарабынан текшерилип, көпүрөнү курган ишкананын үстүнөн акимдин кийлигишүүсү бар деген максатта иш козголду.

- Бул жерде 65 гектир жердин акимдин кийлигишүүсү менен мыйзамсыз сатылып жатканына да токтолупсуздар.

Арапбай Жолдошбаев: - Муниципиалдык ээликтеги жердин маселесин 2002-жылдан бери айылдык кеңештер чечип калган. Мыйзам боюнча акимдин өзүнчө жер беришке акысы жок. Биздин Базар-Коргон районунун борборунда жер аябай кымбат. Бир нече жолку эскертүүлөргө карабастан, мен оозеки да эскертип келгемин, бул элдин жери, депутаттардын уруксаты менен айыл өкмөтүнөн жер берилиш керек. Ошого карабастан аким өзүнүн колу менен жер берип, сатылды деп жатат бул жерде. Бул маселе боюнча да прокуратура тарабынан текшерилип, акимдин колу менен берилген эки жер боюнча иш сотко өткөрүлдү. Калгандарынын баарына бүгүнкү күндө прокуратура протест кылып турат. Аким ушу күнгө чейин туура эмес жасаган иштерин жашыруу максатында райондук кеңештин депутаттарын кысымга алып, мени мыйзамсыз шайланган төрага деп, сессия өткөрүштү. Мен жок болчумун. Мен ошол шайланышымдын мыйзамдуулугун такташ үчүн атайын Жогорку Кеңешке А.Арабаевдин комитетине келип, ал жерде мен мыйзамдуу шайланганымды тастыктаган кагазымды алганыма карабастан, мен бул жакта жүрсөм бүт бийликтин күчү менен 21 депутат топтоп, кичи залдын айнектерин жаап, милиция менен курчап, акимчиликти курчап, депутаттарды “иштен айдайм, туугандарыңы иштен айдатам, артыңан кылмыш иш козготом” деп, аксакалдар, эл келгенине карабай, бардык мыйзамдарды бузуп, депутаттык укуктарды тебелеп, мен жокто сессия өткөрүшүп, башка төрага шайлап алды деп уктум.

Акимдин жообу

Ушул эле маселе боюнча пикирин сурап райондун акими Жаңыбай Асрановду кепке тарттык.

- Менде эми эч кандай күнөө жок. Бардыгын прокуратура тактады, эч нерсе тапкан жок. Учхоз боюнча. Аны прокуратура карап жатат. Буга чейин да ал иштер областтык прокуратурада каралган. “Мундуз” кооперативи боюнча. Ал өзү жеке чарба. Аны айыл чарба министрлиги чечет. Ага менин эч кандай тиешем жок.

- Анан Тентек-Сайдагы көпүрөгө, ошондой эле жеке турак-жай салууга бөлүнгөн 130 гектир жерге байланыштуу маселелерге эмне деп жооп берет элеңиз.

Жаңыбай Асранов: - 130 гектир жер. Ал Базар-Коргон айыл округунун карамагына кирет. Мыйзам боюнча акимдин айыл округдун жерине кийлигишке акысы жок. Ал эми Тентек-Сай боюнча. Чкаловдогу көпүрө былтыр курулган. 17 жылдан бери элдин талабы менен ошол гранттын эсебинен 4,5 миллион сомго курулуп бүтүп тапшырылды. Бул боюнча областтык прокуратура текшерди. Анда ашык чыкты. Көпүрө желбей эле 1 миллион 300 миң сомдук иш үчүн биз кайра подрядчыга төлөп беришибиз керек.

- Сизге марафондон түшкөн 1 миллион 470 миң сомдук акчаны өзүм билемдик менен чыгымдаган деген кине коюлуптур. Ушуга да токтоло кетсеңиз.

Жаңыбай Асранов: - Эстелик боюнча. Базар-Коргон районунда 8 Социалисттик эмгектин баатыры бар. Аларга айкел тургузулду. Көп жылдардан бери чечилбей келаткан райондук маданият үйүнө театралдык отургучтар алынды. Андан сырткары райондо “Достук” пионер лагери бар эле. Ошол лагерге дагы акча каражат чыгымдалды. Бардыгы мыйзам чегинде. Прокуратура текшерди. Ал боюнча ашык чыгымдалды деген маалымат жок. Бүт баары облустук прокуратурага берилген.

- Сиздердин ортодогу түшүнбөстүк, талаш эмнеден чыгып жатат?

Жаңыбай Асранов: - Мен өзүм да билбейм. Булар өздөрү атайын топтолуп райондук кеңештин 20 депутаты акимди кетиребиз, буга ишеним көрсөтпөйбүз деп сессия уюштурабыз деди. Барганда облустун губернатору: “Атайын комиссия түзгүлө, тактагыла, ошондо ишинде кемчилдик болсо мен сессияга акимди алып барып берейин. Силер талкуу кылгыла” дегенин укпай, ушу акимди тез арада кетиребиз деп атайын топ түзүп, ошолордун арты менен жасалган иш.

Өзү жокто кызматтан алынып калган Базар-Коргон райондук кеңештин мурдагы төрагасы Арапбай Жолдошбаев райондо топтолгон социалдык-укуктук проблемаларды көпчүлүккө жарыя кыларын билдирүүдө.
XS
SM
MD
LG