Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 00:38

Курултайга канча өкүл, канча журналист катышкан?


"Бүтүн Кыргызстан" партиясынын лидери маалымат жыйынында, 8-июнь.
"Бүтүн Кыргызстан" партиясынын лидери маалымат жыйынында, 8-июнь.

“Бүтүн Кыргызстан” партиясынын жетекчиси А.Мадумаров “Учур” , “Алиби”, “Форум” гезиттерин сотко берээрин 8-июндагы маалымат жыйынында жарыя кылды. Ага эркин басылмалардын 2-июндагы партиянын уюштуруу курултайы жөнүндө туура эмес маалыматтарды таратканы себеп болууда.

Маалымат каражаттары болсо анын аракетин жаңы партия жетекчисинин парламенттик шайлоо алдында атын чыгаруу амалы катары сыпатташат.

Партиялык чечимден чегиниш кыйын

Үч гезиттин катарында аты аталган “Алиби” гезитинде А.Мадумаров жетектеген партиялык жыйын тууралуу куш тилиндей кабар жарыяланган деле эмес. Басылманын башкы редактору Күнболот Момоконовдун айтуусунда, гезитке “Азимбек Бекназаров Адахан Мадумаров тандем түзөбү?” деген аталышта кыскача материал жарык көргөн.

- Аны карап көрсөңүз 300-400 деген эч кандай бир нерсе жок. Ал кишинин “Алибини” сотко берем дегенге шек берчү нерсе деле жок. Болгону ошо жаңылыктын ичинде ушундай имиш жүрүп жатат, экөө тандем түзөт имиш. Кечээ күнү “Бүтүн Кыргызстан” курултай өткөрүп ошол жерде анабашында мурунку К.Бакиевдин жанында жан жөкөрү болуп жүргөн Н.Шакиев биринчи тизмелеринде ушулар бар экен дейт деген гана. А 300-400 деген деги бир сөз жок.

Анткен менен “Учур” гезитинде: “Буга чейин "Курултай өткөзөбүз" деп дүргүшүп, алыстан эле ач айкырык, куу сүрөөн салышып, "миң киши алып чыгабыз" маанисинде магдырап атышкан. Анан анысын да көрдүк, болгону 300 чамасында адам келиптир. Баягы бакылдакка бу жолку жүрүштөрү коошпой калып, уят болушту”, сыпатында кушкабар чыкса, “Форум” гезити: «Адахан Мадумаров орто жолдон түзө калган "Бүтүн Кыргызстан" деген партиясы менен кечээ жакында курултай өткөрдү. Ал филармонияда өткөн курултайга болгону 200-300дөй адам катышкан экен. Адахандын кадыр баркы төмөн экени ушул кичинекей иш-чарада ачык көрүнүп турат» деп жазган.

Миңден ашуун өкүлдөрү катышкан жыйын тууралуу алдагыдай маалыматтардын жарыяланышын “Бүтүн Кыргызстан” партия жетекчиси А.Мадумаров азыркы бийлик каршылаштарын маалымат кысымына алуу катары баалай тургандыгын, бурмаланган маалымат тараткан басылмаларды сотко берише тургандыгын билдирди.

- Кыргызстандын бардык тарабынан келген 1054 делегаттын саясий беделине, адамдык беделине шек келтиргендиги үчүн кечирим сурасын, ал маалыматты туура эмес деп жарыяласын деп. Бүгүн гезиттер чыкты, андай кечиримдер жок. Биз мыйзамдарга ылайык мындан ары ишибизди улантабыз. Эгер “Бүтүн Кыргызстандын” саясий ишмердүүлүгүнө дале болсо кандайдыр бир маалыматтык курчоого алуу, маалыматтык жабууларды ишке ашырып утурумдукчулар ушундай аракет кыла турган болсо биз башка ыкма менен барууга мажбур болобуз.

А.Мадумаров «Бүтүн Кыргызстан» партиясынын саясий кеңеши укук бөлүмүнө талаштуу маселени мыйзам чегинде чечүү тапшырмасын бергендигин билдирди.


Шайлоо шайдаңы мурда эле башталган

“Учур” гезитинин башкы редактору Асланбек Сартбаев А.Мадумаровдун маалымат жыйынын чакырып, партиялык курултай маселесин козгоп жатышы анын саясий максат-мүдөөсүнөн келип чыккан иш деп эсептейт:

- Шайлоого чейинки партиясынын атын чыгаруу, гезиттер менен соттошуу менен өзүнүн бир саясий жүрүшүн жасап атат деп ойлойм. Ал эми курултайга миңден ашуун өкүл келди деп атпайбы. Бизге биздин маалыматтар боюнча 300-400, 300 тегереги деп келген. Биз ошону маалымат катарында бердик.

А.Сартбаев куш кабарда маалымдалган кабардан минтип чоң чатак чыгаруу амалын кылдан кыйкым издөөчүлүк катары баалай тургандыгын билдирди.

«Бүтүн Кыргызстан» партиясынын саясий кеңеш мүчөсү Адил Халилов 2-июндагы партиялык курултайда кыйла эле журналисттер жүргөнү менен, миңден ашуун киши катышкан саясий иш-чара тууралуу кабарды көпчүлүк маалымдоо каражаттары чагылдырбай коюшканына таң калганын жашырган жок.

- Өй, курултай өттү дегенди кабарлап коюуга тыюу салынган беле? Сиздер 4-бийликпиз дейсиңер, кечиресиз, кана ошол бийлик? Сиздерди деле бирөөлөр тескеп турат экен да.

Кыргызстандын Медиа өкүлү Акмат Алагушев укуктук жак катары «Бүтүн Кыргызстан» партиясы сотко кайрылууга акылуу экенинде талаш жок, деген пикирде.

- Буга баа бериш кыйын. Бирок «Форум», «Учур», «Алиби» кыргызча чыккан көп нускалуу гезиттер. Сотко бериш-бербеш А.Мадумаров менен партиясынын иши. Бирок үч гезит менен соттошуу кыйыныраак.

Ошол эле учурда башка журналисттер Адахан Мадумаровдун соңку билдирүүлөрүнөн кийин анын өзүн басма сөз эркиндигине эки ача мамиле кылган саясатчы катары сынга алышууда. "Эркин-Тоо" гезитинин баш редактору Абдувахаб Мониев аталган ишмер оппозицияда жүргөндө сөз эркиндигин жактоочу болуп, ал эми бийликке барганда сөз эркиндигине кастык мамиле кылып каларын билдирди:

- Мен Адахан Мадумаровдун кызматта дагы, оппозицияда да жүргөндөгүсүн жакшы билем. Бул киши 2005-жылдагы революциядан кийин бийликке келгенде мен "Ош жаңырыгы" гезитинин баш редактору элем. Ошондо ал кишинин сөзү менен иши карама-каршы жүрөрүн билгем. Ал оппозицияда жүргөндө басма сөз эркиндигинин айныгыс жактоочусу, ал эми бийликке келгенде сөз эркиндигинин биринчи муунтуучусу. Мен муну фактылар менен айтып бере алам. Мен сөз эркиндигинин принциптерине таянып, "Ош жаңырыгы" гезитин эркин чыгарып баштаганымда ошондо мамлекеттик катчы болуп турган Адахан Мадумаровдун кишилеринен мага талап жана коркутуп-үркүтүүлөр болгон. Андан кийин бир топ эле ушундай жагдайларга күбө болдум.


Адахан ураган аброюн кура албай...

Түштөн кийин Адахан Мадумаров "Бүтүн Кыргызстан" аттуу партия түзүп, парламенттик шайлоого барууга жанталашып, бар дараметин жумшап аткан чагы. Буга чейин "Курултай өткөзөбүз" деп дүргүшүп, алыстан эле ач айкырык, куу сүрөөн салышып, "миң киши алып чыгабыз" маанисинде магдырап атышкан. Анан анысын да көрдүк, болгону 300 чамасында адам келиптир. Баягы бакылдакка бу жолку жүрүштөрү коошпой калып, уят болушту. Мындан сырткары, Адахан өзүнүн ураган аброюн кайра түздөөгө жанталашып, гезиттерге ар кайсы президенттер менен түшкөн сүрөттөрүн бердирип, пиар кылып атканы түшүнүксүз. Бу жигит эл аралык дипломатияны, этиканы түшүнбөйт го. Минтип отурса аңга түшпөйбү.



(«Учур» гезити, 3-июнь, 2010-жыл)

"Бүтүн Кыргызстандын" чоңу Адахам Кыргызстандын бүтүндүгүн сактады беле?

Ошентип, айрым амбициясы ашып-ташыгандар эмитеден эле алдыдагы парламенттик шайлоолордун камын көрүп, курултайдан курултай өткөрүп, айрымдары тапкан ташыганын, айрымдары жеп ичкендерин акырындап чача башташты. Буга чейин аты-жыты белгисиз партиялар капталдан чыга калышып, кыргыз элинин келечегин ойлогон мекенчил болуп чыга келишти. Ошондойлордун бири Бакиевдин алдында "жөрмөлөп" жүргөн Адахам Мадумаров орто жолдон түзө калган "Бүтүн Кыргызстан" деген партиясы менен кечээ жакында курултай өткөрдү. Ал филармонияда өткөн курултайга болгону 200-300дөй адам катышкан экен. Адахандын кадыр баркы төмөн экени ушул кичинекей иш-чарада ачык көрүнүп турат. Кооз сөздөрдү сүйлөгөндү жакшы көргөн Адахам мырза "Убактылуу Өкмөт аттын ээрин тетири токуп алып чаап жүрөт"-деп, баягы ырын дагы бир жолу ырдады. "Жаман иттин аты Бөрүбасар" демекчи, Каркыра баш болгон керемет жерлерибизди казак-кайын журтуна берип, мамлекетибиздин бүтүндүгүнө доо кетирген "акжолчулардын" ана башчысы Мадумаров партиясын кайсы арына "Бүтүн Кыргызстан" деп коюп алганын көпчүлүгүбүз түшүнбөй калдык.


(«Форум» гезити, 4-июнь, 2010-жыл)

XS
SM
MD
LG