Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:13

Кадамжай: кара май ташыгандарга нааразылар жол тосууга аракеттенүүдө


Иллюстративдик сүрөт.
Иллюстративдик сүрөт.

Кадамжай шаар жашоочуларынын "Азаттык" радиосуна билдиришинче, учурда Ош-Баткен-Исфана жолуна элүүгө жакын адам чогулду. Алар «Бензовоз жан алгычтардын ээлери жоопко тартылсын!», «Жол министрлиги иштен кетсин!» деген жазууларды кармап турушат.

Митингге чыккандар Ош-Исфана жолун Кадамжай шаарына кире бериштен бууй тургандыктарын билдирип жатышат. Учурда алар менен Кадамжай шаар жетекчилиги сүйлөшүүдө. Абалды милиция кызматкерлери көзөмөлгө алган.

Кадамжай шаарынын башчысы Толкунбек Камбаров акцияга чыккандар менен жолугушканын, аларга түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөнүн маалымдады. Чогулгандардын талабын аткаруу үчүн жол жээктерине тосмолорду орнотуу иши башталарын кошумчалады.

Ош-Исфана жолунун Көк-Талаа-Пүлгөн участкасында жол кырсыктары көп катталып, киши өмүрүн алган учурлар арбын болот. Элдин айтышынча, жол кырсыктарына көбүнчө күйүүчү май тарткан автоунаалар себеп болууда. Өткөн жумада Кадамжай шаарынын кире беришинде оор жүк ташуучу машине оодарылып кетип, жергиликтүү эки тургундун өмүрү кыйылган. (JsA/NT)

XS
SM
MD
LG