Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 10:01

Кыргызстанда коррупцияны ооздуктоо жайында арбын кеп болгону менен, эларалык уюмдардын эсебинде ал абыдан коррупцияланган өлкө катары сыпатталып келатат.

Тамыры терең жайылган коомдогу социалдык дартты дарылоонун толгон-токой жолдору, амал-айлалары жасалып, бирок анын көрүнөрлүк натыйжасы билине элек.

Эларалык уюмдардын колдоо-сүрөөсү менен Кыргызстанда коррупцияны алдын-алуу улуттук агенттиги, акниет башкаруучулар кеңеши жана башка уюмдар түзүлгөн. Буга кошумча прокуратура, сот, ички иштер министрлиги, каржы полициясы, каржы чалгын кызматы сындуу карааны калың мыйзам сактоо органдары иштейт. Анткен менен соңку жылдары Кыргызстанда коррупцияга каршы күрөштүн жаалы кайтып, ачылган кылмыш иштеринин саны азайып баратканын статистикалык маалыматтар ырастоодо. Маселен, 2005-жылы экономикалык жана кызматтык кылмыштардын 3 миңге жакыны ачылса 2008-жылы ал 2 миң ашуунду гана түзүп калган. “Кыргыз парламентчилери коррупцияга каршы” коомдук бирикмесинин жетекчиси Кубан Өмүралиевдин айтуусунда, күрөштүн көбүнесе сөз жүзүндө калып келатышынын олуттуу дегидей себеп-жөнү бар.

- Бүгүн камап салсаңыз эртеси бирөөнүн башы чыга берет. Себеби бизде система ошого кеткен. Кыргызстанда, мисалы үчүн, бул паракорчулук деп 2 – 3 берененин ичинде эле жүргүзүлөт. Баяндамада биз көрсөттүк. Паракорчулукка каршы 200 берене бар.

“Транспаренси Интернешнл” уюмунун жыл сайын жүргүзүп келаткан иликтөөсүнүн жыйынтыгы мурдагы советтик республикалар ичинен Армения, Грузия, Украинада коррупциянын ооздугу кыйла тартылып калганын, өткөн жылы Кыргызстан коррупция жагынан 180 өлкөнүн ичинде 166-орунга түшкөнүн көрсөттү.

Европа коопсуздук жана кызматташуу уюмунун Бишкектеги өкүлчүлүгүнүн кызматкери Дарий Лилиан Кыргызстанда коррупцияга каршы чындап күрөш жүргүзө элек, деп эсептейт.

- Коррупция коомду өйдөтөн төмөн же төмөндөн жогору толугу менен чырмап алды. Ошон үчүн анын алгачкы белгилерин жок кылуу өзгөчө маанилүү жумуш. Коррупцияга алып келчү жаман иштерден алдын-алуу зарыл.

Д.Лилиан Кыргызстан калкы коррупцияны көнүмүш, дайыма боло берчү иш катары кабылдап, анын коомду ичтен иритчү илдет катары санашпастыгын белгиледи. Анын пикиринде, ышпалдасы чыккан жолдор, сапатсыз билим, илең-салаң медициналык тейлөө - коррупциянын натыйжасы.

Кыргызстандын мурдагы Медиа-өкүлү Шамарал Майчиевдин ырасташынча, коррупцияга каршы күрөштө мыйзам так, аны колдонуунун жол-жобосу ачык көрсөтүлүшү керек.

- Башка укуктук-ченемдик актыларда кызмат адамы ушундай жасашы керек, деп так жазылышы керек. Андайда коррупция акырындан-акырындан азаят.

Адистердин белгилешинче, Кыргызстан коррупция жана уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча эларалык укуктук документтерди жактырган. 2005-жылкы бийлик алмашуусунан соң Улуттар уюмунун коррупцияга каршы конвенциясына президент кол коюп, аялдабай ал парламент колдоосуна ээ болгон. Иши кылып, коррупцияга каршы күрөшүүгө жетиштүү дегидей мыйзамдык негиз даярдалган. Анын баарын азырынча “акча баарын чечет” ынанымы жеңип, арбын кеп болгон күрөш кагаздан чыга албай, толгон-токой мыйзамдардын төөбастысында калууда.
XS
SM
MD
LG