Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:14

Кырсыктар хронологиясы: жер көчкү, жарыксыз калган аймактар


Кар аралаш көнөктөп жааган жамгырдын кесепетинен 15-апрелден 16-апрелге караган түнү Аксы районундагы Райкомол айылындагы үч үйдү көчкү басып, 16 адам набыт болду. Кырсыктуу түндө Кыргызстандын түндүк аймактарында жарык өчүп, сууктан жүдөгөн калктын шаштысын кетирди.

Аксы районундагы Райкомол айылынын Карой жергесинде болжол менен түнкү саат үчтөрдө маңдайдагы жар көчүп, суунун берки өйүзүндөгү үч тамды басып калган. Аксы районунун акими Талант Орозов шейит кеткендердин кимдиги такталганын “Азаттыкка” маалым кылды.

- Көчкүнүн алдында 16 киши калган. Ким жашайт, небереси ким, баласы ким, деп атып аныктадык. 16 киши болуп жатат.

Шейит кеткендердин 11и чырактай жаш балдар экени кабырганы кайыштырчу кайгы болуп туру.

Айла жок! Табигый кырсыктын айынан набыт болгондордун сөөгү жума күнү жерге берилет.

Талант Орозовдун айтуусунда, көчкү алдында калган үйлөр опурталдуу делген жерге салынган эмес.

- Эми бул жерден көчкү жүрөт деп эч ким ойлогон эмес. Мурун иликтөө башка жерлерде жүргөн экен. Кооптуу деген жерлердеги үйлөрдү башка жакка көчүрүшкөн экен. Бирок мынабул жерде көчкү жүрөт, деп ойлогон эмес экен. Азыр да жанында кооптуу эки үй бар экен, ошолорду тезинен көчүргөнү жатабыз.

Көчкү алдында калуу коркунучу бар кооптуу аймактарга Карой участогу кирген-кирбегени азырынча тактала электигин Кыргызстандын өзгөчө кырдаалдар министри Камчыбек Ташиев да "Азаттыкка" бүгүн ырастады.

- Ошонун баары азыр такталат. Ушул айыл киргенби-кирген эмеспи. Буларга эскертүү берилгенби-берилген эмеспи - ушунун баарын эми тактайбыз. Үйлөр алыс эле экен. Бирок көчкү чоң түшкөндүктөн суунун аркы бетинен түшкөн көчкү суунун берки бетине өтүп үч үйдү толугу менен басып калган.

Камчыбек Ташиев Кыргызстан үчүн кыйла эле кысталыш болгон шыбыргактуу түндө Кара-Көл шаарында эки машине кагылышып, машинеден өрт чыгып, ичиндеги 6 адам набыт болгонун, Кара-Суу районунда сууга түшүп кеткен автоуунанын 4 жүргүнчүсү мүрт кетишкенин айтты.

Бейшембиде кечкурун Кыргызстан менен Казакстандын айрым аймактары жарыксыз калды.

15-апрелдин түнүндө, саат тогуздардан кийин Токтогул ГЭСинен келчү жогорку чыңалуудагы электр линиясы иштен чыгып, Кыргызстандын түндүк, Казакстандын түштүк облустары кыйлага жарыксыз калышты.

Кыргызстандын саламаттык сактоо министрлигинин маалымат катчысы Елена Баялинова караңгыда калган медициналык мекемелер кайриет, тынч-аман чыгышканын "Азаттыкка" кабарлады.

- Кардиология борборунда катуу оорулар жаткан, Улуттук госпиталдын нейротравма бөлүмүндөгү эки бейтаптын абалы оор болчу. Бишкектеги Травматология борбору. Бирөөлөрү генераторун иштетип, башкалары эптеп амал-айла табышты. Мисалы, 1-ооруканада генератор жок, алар шамдарды күйгүзүп отурушту.

Кыргызстандын өнөржай, энергетика, отун ресурстары министрлигинин бөлүм башчысы Алишер Жолчуев 15-апрелдеги электр энергиясынын жапырт өчүрүлүшүнүн себеп-жөнү такталып жатканын, адистер Токтогул ГЭСинен Чүй өрөөнүнө тартылган жогорку чыңалуудагы электр линиясын текшерүүгө кетишкенин маалымдады.

- Анткени ал барышка кыйын жерлерде, жолдун боюнда эмес, тоолордун ичинде. Жөө жүрүш керек. Азыр тикучма менен жүрбөйт, акча жок. Автомат азыр иштеп кетти. Болгону эми линияны изилдеп чыгат.

Үзгүлтүксүз төккөн жамгырдын аягы карга айланып, ансыз да сууктан жүдөп олтурган калкка Токтогул ГЭСинен Кыргызстандын түндүк аймактарына келчү жалгыз кубаттуу электр линиясынын үзгүлтүккө учурашы кандай оңтойсуздуктарды жаратканын жабырап айтып отуруштун кажаты деле жок.

Адистердин айтымында, бул сыяктуу коркунуч Камбар-Ата ГЭСтерине удаалаш “Датка – Кемин” линиясы курулуп ишке киргенче өлкөнүн кубат (энергетикалык) коопсуздугунун үстүндө Домоктун кылычындай илинип тура бермекчи.

XS
SM
MD
LG