Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 17:12

Бахтыяр Амиражановду табууга илинчек бар


Депутат Жусупжан Жээнбеков баласы Бактыярды издеп Россия менен Казакстанга барып келди.

Депутат Жусупжан Жээнбеков баласы Бактыярды издеп Россия менен Казакстанга барып келди.

Ички иштер министрлиги бир нече айдан бери дайын дарексиз жоголуп жаткан Бактыяр Амиражановду издеп табуу боюнча илинчектер бар деп билдирүүдө.

Акыйкатчы Турсунбек Акун шейшемби күнү ИИМди сындаган билдирүү тараткан. Анда акыйкатчы депутат Руслан Шаботоев менен депутат Жусупжан Жээнбековдун уулу Бактыяр Амиражановду дайынсыз жоголушуна карата ИИМ иликтөө жыйынтыктарына таянган негиздерин бир да жолу бере электигин белгилеп, милицияларды аракетсиздиги үчүн сындаган. Ички иштер министрлиги акыйкатчынын сынына жооп иретинде милиция кызматкерлери бул багытта күчөтүлгөн тартипте иштеп жатканын, бирок иликтөө кызыкчылыгына байланыштуу айрым маалыматтар сыр катары сактала тургандыгын билдиришти.

- Акыйкатчы милиция коомдук белгилүү кишилерди издеп таба албаса, жөнөкөй жарандар эмне болот деп айтыптыр. Биз жоголгондорду коомдук ишмерлер анан жөнөкөй адамдар деп бөлбөйбүз. Бизге баары бирдей, баарын бирдей издейбиз. Өткөн жылы 1800 киши жоголсо, анын 1749 таптык. Калган табыла элек 51 кишинин ичинде Шаботоев менен Амиражанов бар. Бизде өзгөчө Амиражанов боюнча илинчектер бар. Иштеп жатышат. Жыйынтык чыгат деп ойлойбуз. Жакын арада сиздер бул туурасында билесиздер,-дейт Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын начальниги Бакыт Парманкулов.

Бирок Бакыт Парманкулов жакын арада деген сөз канча убакыт экендиги тууралуу так маалымат берген жок:

- Издөө иштери бул курулуш иштериндей эмес да. Бир нерсени курам десең ошону пландап койгондой. Балким аларды эртең табаарбыз, же бүрсүгүнү, же бүгүн табаттырбыз. Иштер жүргүзүлүп жатат деп жатпайбызбы. Илинчектер бар.

Ички иштер кызматкерлери учурда жоголгондордун жакын туугандары менен тыгыз кызматташып, байланышта иштеп жаткандыгын билдиришти. Жогорку кеңештин депутаты Жусупжан Жээнбеков муну өзү да ырастды. Ал бүгүнкү күндө өз алдынча уулун издеп Москва, Екатеринбургда, Казакстанда болуп келген. Анын айтуусунда, баары бир көңүл толгон иш болбой жатат:

-Эки-үч версияны изилдеди. Карызы барбы жокпу, бейбаштык боюнча версияларды карашты. Мотиви белгизис болуп жатат. Бир гана нерсе жоголуп кетти деген сөз эмес, кол салып курал менен салып кетишти да. Ошол статьяны коесуңар деп олтурам.

Жусупжан Жээнбеков акыйкатчынын сынын жүйөөлүү деп эсептейт. Ал бул ишке башынан кош көңүл мамиле кылынгандыгы байкалып тургандыгын белгилейт:

-Мисалы 24-сентябрдан 2-октябрга чейин менин баламды уруп, пистолет менен алып кеткен жерге басып барышкан эмес. Машинасы 1 ай 4 күндө табылды. Ал кайсы жерден жуулуп тазаланып келди бул меселе бүгүнкү күнгө чейин иликтене элек.

Ал эми бүгүнкү Ички иштер министрлигин илинчек бар деген маалыматы ал үчүн жанылык болгондугун жана ага да үмүт артарын билдирди:

-Ооздоруна май эми. Үмүт үзбөйм да мен, үмүтүм да ал дагы. Кандай айтса да таап берсе болду баламды.

Ал эми депутат Руслан Шаботоев боюнча азыр анын коммерциялык өнөктөштөрү менен байланышы иликтенип жаткандыгы белгилүү болду. Ушул күнгө чейин Шаботоевдун уурдалышы боюнча 79 адам суракка алынса, Бактыяр Амиражанов боюнча 220 кишиден түшүнүк каттары алынып, күбө катары 48 адам суралган. Ошондой эле бул иштерге тиешеси бар делген 10 дарек боюнча тинтүү иштери жүргүзүлгөн.
  • 16x9 Image

    Айзада Касмалиева

    "Азаттыктын" Бишкектеги журналисти, "Ыңгайсыз суроолор" телепрограммасынын алып баруучусу. К.Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетинин филология факультетин аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG