Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:59

Өзбекстанда кармалган кыргыз жарандары кайтып келди


Кыргыз-өзбек чек арасындагы чек ара тосмосу
Кыргыз-өзбек чек арасындагы чек ара тосмосу

Өзбекстандын чек арачылары тарабынан бир айдан ашуун убакыт бою кармалган Кыргызстандын он бир атуулу мекенине кайтып келишти. Бирок аманит жүктөп келе жаткан үч автоууна жана аларды күзөтүп келе жаткан ички иштер органдарынын кайгуул-күзөт кызматына таандык курал-жарактар кайтарылган эмес.

22-июль күнү Тажикстандын Исфара шаарындагы химиялык заводдон 40 тоннага жакын жардыруучу затты ташып келе жаткан “Кыргызгеолтехкомплект” ишканасынын үч автоунаасы Өзбекстандын аймагынан өтүп келе жатканда токтотулган. Өзбек чек арачылары Жабагы учаскасында мыйзамсыз жүктү алып өтүп бара жатышкан деген кине менен беш айдоочуну жана жүктү коштоп бара жаткан алты милиция кызматкерин кармашкан болчу. Туура бир айдан соң кармалган кыргыз жарандары коё берилип, бирок жүк жана курал-жарактары кайтарылган эмес.

Жүктү алып келе жаткан кербендин башчысы Таалайбек Кудушев дээрлик бир ай бою чек арадан алыс эмес аймакта атайын кайтарууда турушкандыгын белгиледи:

- Наскен деген эле чек арадан алыс эмес бир айылда турдук, коргондолгон короодо. Тамак-ашы жакшы эле болуп жатты. Ал жагына капачылык жок. Бизге өтө деле катаал мамиле кылышкан жок. Болду эми анча-мынча түшүнбөстүктөр. Иши кылып аягы жакшы бүттү. Бизди кармашкандыгынын себеби 1-июлдан баштап макулдашуу бар экен. Ошол жолдон атайын жүк ташып бара жатканда алдын-ала беш күн мурун эскертип коюш керек экен эле. Эгерде андай болбосо муну ал жакта аткезчилик катары карашат экен.

Кармалган кыргыз жарандарын бошотуу талабы менен расмий Бишкек буга чейин Өзбекстандын тиешелүү бийлик органдарына кайрылып келишти. Тажикстандын Исфара шаарындагы химиялык заводдон алынып келе жаткан жардыруучу зат Кыргызстандагы тоо-кен өндүрүшүнө колдонула тургандыгы расмий документтер менен ырасталган.

Тышкы иштер министри Руслан Казакбаев көпкө созулган дипломатиялык сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы натыйжалуу болгондугуна токтолду:

- Буга чейин Өзбекстандын тышкы иштер министри менен жолугушуулар болду. Ошондой эле Президент Роза Отунбаева да өзүнүн каналдары аркылуу жогорку жактарына чыгып жатты. Мындан сырткары эки тараптын чек-ара кызматтарынын жетекчилери сүйлөшүп жатышты. Мына ушуга окшогон узакка созулган сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында ушундай натыйжа болду.

Кыргызстандагы “Кумтөр” сыяктуу бир катар алтын өндүрүүчү ишканалар аманит жардыруучу заттын колдонушат. Мындан сырткары бул зат көмүр кендеринде да, кеңири пайдаланылат. “Кыргызгеолтехкомплект” мекемеси тиешелүү өндүрүштүк ишканаларды аманит менен камсыздап келген. Буга чейин тиешелүү документтердин негизинде чек-арадан тоскоолдуксуз эле өтүп келишкендигин айткан ишкана жетекчиси Мисир Мадяров учурда ташып-жеткирүү иштери үзгүлтүккө учурагандыгын белгиледи:

- Азыркы күнгө чейин эч кандай жыйынтык жок. Адамдарды коё беришкени менен жүктү кайтарып беришпей жатышпайбы. Тышкы иштер минитсрлиги аркылуу чечкиле дешет. Бирок бул бир жумада же бир айда бүтө тургандай жумуш эмес окшойт. Болбосо биздин документтер деле баардыгы жайында болчу. Эми аманит менен камсыздоо боюнча келишимдерибиз эмне болот? Билбейбиз.

Анткен менен тышкы иштер министрлиги тарабынан кармалган жүктү жана күзөтүүчүлөрдүн курал-жарактарын кайтаруу боюнча сүйлөшүүлөр жүргүзүлүүдө.

Жалпы суммасы бир канча миллион сомго бааланган жүктүн Өзбекстанда кармалып жатышынын себептерин тышкы иштер министри Руслан Казакбаев тиешелүү расмий эрежелердин өз учурунда аткарылбай калгандыгы менен байланыштырды:

- Алып өтүп келе жаткан аманит жүгүн Өзбекстандын аймагынан өткөргөндөн мурун тиешелүү уруксат берүүчү кагаздарды ички иштер министрлигинин жана Кыргызстандын элчилигинин каналдары аркылуу Өзбекстандын тышкы иштер министрлигине жеткириши керек болчу. Булар баардыгы даярдалган бирок, жокументтер киргизилбей калган. Эми азыр кандай болот билбейбиз. Себеби ал тараптын мыйзамы боюнча жардыруучу заттарды жана курал-жарактарды атйын уруксаты жок Өзбекстандын аймагынан алып өткөнгө болбойт да. Бирок сүйлөшүүлөр болуп жатат. Бул боюнча кандай жыйынтык болоорун азырынча айта албайбыз.

Кыргызстандык жүктүн чек арадан кармалышы боюнча ал жакта кылмыш иши ачылып-ачылбагандыгы боюнча так маалымат жок. Өзбекстандын Фергана облусунун чек ара отрядынын жетекчилиги бул окуя боюнча “Азаттыка” комментарий берүүдөн баш тартты.

XS
SM
MD
LG