Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 09:57

Кылым карыткан кыргыз кол өнөрчүлүгү


Ар бир улуттун жашоо, жаратылыш, мүнөзүнө, дүйнө таанымына, философиясына, рухий байлыгына жараша элдик кол өнөрчүлүк да ар түрдүү болот. Мына ушундай кол өнөрчүлүктө улуттук колоритти жаратып, учур талабына жараша эл аралык деңгээлде өркүндөткөн бишкектик зергер уста - Нурлан Турдумаматов.

- Нурлан мырза, боз үйгө жасалган мамиле эгемендүүлүк жылдары жанданып, ошондон бери анын түзүлүшү, жасалгасы өркүндөтүлүп келе жаткандыгы бир жагынан ата мурасынын кайра жаралышын туюнтса, экинчи жагынан элдин улуттук сезими кайра жаралууга дуушар болуп, боз үйдү мурунку ата-бабалар кандай барктап-бааласа ошондой даражага жетип калгандыгы кубанарлык көрүнүш. «Манас» эпосунун миң жылдыгына арналып тигилген боз үйлөр, андагы 12 канаттуу, 3 кабаттуу үй не деген гана керемет. Аларды карап кыргыздардын фантазиясына, кол өнөрчүлүгүнүн чексиздигине сиз кандай баа бересиз?

Нурлан Турдумаматов: Чынында боз үйүбүз бара-бара жөнөкөй эле жашоо турагы болбостон, ар бир улуттун кол өнөрчүлүгүнүн көргөзмөсү катары, кооздукту, сулуулукту тартуулайт. Анткени боз үйдүн жасалышы, тигилиши, чечилиши өзгөчө бир жөрөлгөлөр менен коштолуп, чеберчиликти талап кылат.

Алсак, боз үйдүн бөлүктөрүнөн болгон сөөгү (жыгачы) түндүк, уук, кереге, босого таяк, каалга жана ача бакан мыкты жыгач устанын чеберчилигинен жаралса, ал эми калган бөлүктөрү өрө кийизи, боо-чуусу, чийи, аяк кабы, чыны кабы уз айымдардын чебер колдорунан жаралат. Бул буюмдардын жасалышында кол өнөрчөлүктүн жыгач устачылык, узчулук, зергерчилик, сайма, чий чырмоо жана башка сыяктуу көптөгөн түрлөрүнүн биргелешкен аракети сарп кылынат.

Байыркы ата-бабалардан бери жашап, турмуш кечирип келген боз үй кыргыз элинин кол өнөрчүлүгүнүн мыкты үлгүсү гана эмес, рухий маданиятынан да терең орун алган. Анткени боз үйгө байланышкан буюм-тайымдар салттуу мүнөзгө ээ болуп, ар биринин колдонулушу өзгөчө жөрөлгө менен коштолот.

Мисалы, түндүк – жашоонун, үй-бүлөнүн символун билдирген ыйык буюм катары каралса, босого – таяныч, үйдүн кире бериши, үй-бүлөнүн сырткы чеги сыяктуу түшүнүктөрдү берет. Элибизде түндүк көтөрүү, үй көтөрүү жөрөлгөсүндө эр жигиттин түндүк көтөрүшү, от жагып түтүн булатуу, чачыла чачуу сыяктуу үй ээсинин келечегине каалоо тилектерди билдирген ага тиешелүү ырым-жырымдар аткарылат.

Боз үй кыргыз элинин ата-бабалардан бери келе жаткан материалдык жана рухий байлыгы, мурасы. Анткени улуттук кол өнөрчүлүктүн мыкты үлгүлөрүнөн жасалган боз үйгө кыргыз элинин рухий байлыгы да сиңирилип, эки багыттагы мурастын синтези катары бааланат.

- Сиз ат жабдыктарын да жасайт экенсиз. Байыркы бабалардын ээр токуму учур талабына ылайык кандай өзгөрүүлөргө туш болду?

Нурлан Турдумаматов: Ээр - ат жабдыктардын бири. Кыргыздар ээрди унаанын түрүнө карай ат ээр, чом, өгүз ээр, ыңырчак деп дагы көп түргө бөлүп келишкен. Бабалардан мурас болуп келаткан ээр чабуу өнөрүнүн өзгөчөлүктөрү терең үйрөнүп, учур талабына ылайык аземдеп, зергерчилик менен күмүштөп кооздоп жасап жүрөбүз.

Анткени кыргыз эли илгертен мал-жандуу болуп, атты аздектеп минип келген. Атка тынч, жеңил жана ыңгайлуу ээр токумду баалаган. Ээрге үзөңгү, куюшкан, көмөлдүрүк тагылып, унаага басмайыл менен тартылып, токулат. Ал унааны жоор болуудан сактайт. Ээрдин негизги бөлүктөрү кашы, каптал жыгачтары, чарасы же карсаңы болот.

Ээрдин каптал жактарынын алдыңкы жана арткы жактарына тогоолор бекитилип, аларга көмөлдүрүк менен куюшкан байланып, бекитилет. Ээрдин каптал жыгачтарынын төмөнкү бөлүгүнүн орто ченинен үзөңгү боо өткөрүлө турган тешикче жасалат. Кыргыздар ээрди дан баш, куш баш, анжиян, ак каңкы, кучмач, аскер ээр, темир ээр жана башка түрлөрүн жасап келишкен.

Балдар үчүн жасалган ээр айырмач деп аталат. Жыгач ээрди атайын усталар талдын дөңгөчүнөн чаап жасайт. Учурда теректен да чаап жүрөбүз. Анын зергер устачылык менен аземдеп кооздоп, мартабалуу кардарларга сунуштайбыз.

- Нурлан мырза, кыргыздын ээр токуму башкалардыкына салыштырмалуу өзгөчөлөнүп айырмаланып турабы?

Нурлан Турдумаматов: Ооба, кыргыздын ээр токуму башкалардыкынан өзгөчөлөнүп, айрымаланып турат. Анткени анын оюму, дизайны, жасалгасы өзгөчөлөнүп, дароо таанууга болот. Бабаларыбыз боз үй сыяктуу ээрди да өнүктүрүп, атадан балага, кылымдан кылымга өтүп келатат.

Учурда ээрдин актуалдуулугу жоголмок тургай өтө зарыл буюмга айланып баратат. Бизде ээрдин тердиги, желгиги, каптыргасы өзүнчө болуп жатпайбы, ал эми америкалыктардын ээри баары биригип турат. Токуганга ыкчам, жыйнактуу келет экен. Биз да ушундай ыңгайлуу жана эл аралык үлгүдөгү ат жабдыктарын жасап, жаңылык киргизип, ээр-токумду учур талабына ылайык аземдеп кооздоп жасап жатабыз.

Чынында эле ээр чапкан усталар азайып баратат. Көбү майда белек-бечек, камчы жасаганга өтүп кетишти. Себеби чет өлкөлөрдөн келген туристтер чоң буюмдарга, ээр токумга кызыкканы менен сатып алышпайт. Жеңил көркөм буюмдарды сатып алышкандыктан, ээр чабуу колго алынбай баратканы бир чети өкүндүрөт.

- Ээр токум, ат жабдыктарын кимдер сатып алышат? Мыкты ээр токумдун баасы канча турат?

Нурлан Турдумаматов: Негизинен ээр токумду казактар көп сатып алышууда. Учурда кыргыз жигиттери да кызыгып, сатып ала башташты. Айрым чет өлкөлүктөр да кызыгышат. Үйүмө чейин келип, атайын заказ беришет.

Ээрдин 5-6 түрүн жасайм. Учурда күмүш жалаткан ээр токум жасап жатам. Жаңы стиль менен америкалыктардыкындай бир токулган кыргыз ээрин жасап, чет өлкөлүктөр сатып алышууда. Кыргыз барда бул өнөрдүн учугу үзүлбөйт, эми инилериме, шакирттериме үйрөтүп жатам.

Мыкты усталардын аземдеп жасаган ээр токумубуз 3 миң доллардан 5-6 миң америка долларына чейин бааланып жүрөт.

- Кыргыз эли илгертен мал-жандуу болуп, малды ноктолоп, атка аземдеп жүгөн тагып минип келген. Атка жеңил жана ыңгайлуу нокто, жүгөндү баалаган. Сиздер кандай жүгөн, нокто жасап жүрөсүздөр?

Нурлан Турдумаматов: Айрым учурда аламан байгеге ат чабылганда же алыс жолго чыкканда ноктону алып коюшуп, жүгөн гана катылчу. Минген атына салынган жүгөн, ноктосуна карап эле кандай адам, кадыр-баркы, ким экенин боолголоп коюшчу.

Жүгөндүн негизги бөлүктөрү - кашы, капталы жана маңдайы, ооздугу. Жүгөндүн каптал жактарынын ылдыйкы жактарына тогоолор бекитилип, ага ооздук тагылат. Байыртан эле кыргыздар жүгөн, ноктону күмүштөп, зергерчилик менен аземдеп, кооздоп жасашкан. Кыз-келиндер үчүн өрүмдөп, кооздоп өзгөчөлүк менен кыйып жасап келишкен. Ат чабышка түшкөн аргымактар үчүн жүгөн токтогон кайыштан жеңил жасалат.

Тизгин, жүгөн катуу тартылганда үзүлүп кетпес үчүн токтогон, эски кайыштан жасоону усталар эске алышкан. Күмүштөн же темир, жезден да кооздоп жүгөн, нокто жасап жүрөбүз. Биздин жүгөн, ноктолордун негизги айырмасы зергерчилик менен аземдеп кооздоп, жасап жүрөбүз.

Кыргыздын ат жабыктары, жүгөн, ноктосу башкалардыкына салыштырмалуу айырмаланып турат. Учурда жүгөн, ноктонун актуалдуулугу жоголмок тургай өтө зарыл буюмга айланып баратат.

- Кыргыз эли жүгөн, нокто менен ырым-жырымдарды жасап, оорууларды айыктырып, эмдеп- домдоп келишкен. Учурда бул салт унутулуп калган жокпу?

Нурлан Турдумаматов: Эркек баланы бешикке бөлөгөндө бешигине жүгөндү тийгизип, “аргымак миңген азамат болсун, эл-жерин коргогон берен болуп, мал-жандуу адам болсун” дешип ырымдашкан. Анан да балдардын оозуна ар кандай жара чыкса, ооздукту тийгизип ырымдаса, айыгып кеткен. Ошондой эле суук тийсе, ооздукту кызарганча ысытып, суу бүркүп, учукташкан.

Кыргыз барда бул жүгөн, нокто жасоо өнөрдүн учугу үзүлбөйт. Ошондой эле алар менен ырымдоо адаты деле калбайт. Совет доорунда бир аз унутулуп калса, кайра жандана баштады. Мал сатканда да ырым кармашып, нокто, жүгөнү менен кошо берчү эмес. Аларман өзүнүн нокто, жибин ала барышчу.

“Уйга жүгөн салабы, үйрөнгөн адат калабы?” дешчү бабалар. Кыргыздарда карыялар каза болгондо өлүмтүгүнө ээр токум, жүгөн, нокто болушу шарт эле. Бул салт унутулуп баратат.

- Нурлан мырза, сиздин кол өнөрчүлүк буюмдарыңыздын көбү сөөктөн жасалат экен? Кандай сөөктөрдү колдоносуз?

Нурлан Турдумаматов: Аркар, кулжанын мүйүздөрү жана бодо малдын мүйүздөрүн көп пайдаланам. Кардардын заказына жараша мүйүздөн каалаган буюмун, жабдыктарын аземдеп жасап берем. Аркар, кулжанын мүйүздөрүнөн жасаган шахматымды чет өлкөлүктөр жогору баалап, барктап сатып алып жүрүшөт.

Учурда мүйүздөн байыркы бабалардын жаасын жасадым. Аны күмүш менен аземдеп кооздоп, оюуларды түшүрдүм. Канжар, бычактардын сабын да мүйүздөн аземдеп жасап жүрөм. Айрым азем буюмдарды жасоодо бодо малдын сөөктөрүн, жиликтерин дагы пайдаланып жүрөм.

Ошондой эле кыргыздар эзелтен бери камчыны колдонуучу буюм катары гана урунбастан, көркөм буюм, символ катары колдонуп келишкен. Бабалардан мурас болуп келаткан камчы жасоо өнөрүн да өздөштүрүп, өзгөчөлүктөрдү кийирип, мүйүздөр, күмүш, жез менен кооздоп, чет өлкөлүктөрдүн көз жоосун алгыдай кылып жасап жүрөм.
XS
SM
MD
LG