Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:19

Жаңырган жуманын маданий окуялары


Бул жумада улуу акын О.Бөлөбалаевдин туулган күнүнүн 120 жылдыгы белгиленет. Ошондой эле төкмө Э.Иманалиевдин чыгармачылык кечеси, жаш ырчы А.Калыкованын тушоо концерти болот.


Бүгүн Бишкектеги спорт ордосунда жаш ырчы Айпери Калыкованын тушоо концерти өтөт. Концерттин уюштуруучусу Кубик Калыковдун билдиргенине караганда, кечеге келген көрүүчүлөр Айперинин жаңы ырларынын бет ачарына күбө болушат.

5-ноябрда Бишкекте маданият кызматкерлеринин күнүнө карата чоң программадагы концерт өтөт. Ага улуу, орто жана кичи муундагы ырчылар катышат. Ошондой эле белгилүү куудулдар сатираларын тартуулашат.

Аптанын шаршемби күнү ошондой эле улуттук китепканада улуу акын Осмонкул Бөлөбалаевдин туулган күнүнүн 120 жылдыгы белгиленет. Коомчулуктун катышуусу менен өтчү бул салтанаттын алкагында чоң китеп көргөзмөсү ачылаарын улуттук китепкананын маалымат бөлүмүнүн башчысы Ажар Касымбекова кабарлады.

7-ноябрда белгилүү төкмө акын Элмирбек Иманалиевдин чыгармачылык кечеси өтөт. Бул туурасында “Айтыш” коомдук фондунан кабарлашты. Аталган фонддун маалымат катчысы Азамат Болгонбаевдын айтуусунда, кечеге келген көрөрмандар Элмирбек мырзанын ар кыл талантына күбө болушат.

Бүгүндөн тарта “Манас” кинотеатрында Рысбай Исаковдун сценарийи боюнча тартылган “13 жашар баланын арманы” көркөм тасмасы көрсөтүлүп баштайт. Бул тасма менен катар эле кыргыз улуттук академиялык драма театрында Назым Меңдибиаиров тарткан “Достор” аттуу фильм жүрүүдө. Бул көркөм тасмада жетим балдардын турмушу чагылдырылган. Башкача айтканда балдар үйүндө тарбияланган достордун турмушта көргөн кыйынчылыктары баяндалган.

8-ноябрда улуттук опера жана балет театрында Бавариядан келген музыканттардын концерти өтөт. “Munich Brass connection” аттуу топтун солистери түрдүү стилдеги чыгармаларын тартуулашат. Бул кечени Германиянын Кыргызстандагы элчилиги уюштурууда.

Гапар Айтиев атындагы улуттук көркөм сүрөт музейинде сүрөтчү Алексей Каменскийдин жеке көргөзмөсү өтүүдө. Анда кыл калем чеберинин живопись жана графика жанрында тартылган 100дөн ашык эмгеги коюлган.

XS
SM
MD
LG