Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 12:43

4-ноябрда Бишкекте Чыңгыз Айтматовдун чыгармасынын негизинде тартылган “Жаныбарым Гүлсары” тасмасынын бет ачаары болду.

Аталган фильмди казак режиссеру Ардак Амиркулов тарткан. “Эл жазуучусунун чыгармасы мага бала кезимде жакшы таасирлерди калтырган, аны үстүнө чыгарма тасма жаратууга ылайыктуу”- деп билдирет автор. Ал бул тасманын үстүндө 4 жыл эмгектенген. Фильм Астанада өткөн “Евразия” эл аралык кинофестивалында баш байгеге татыктуу болгон.

Өткөн жумада өткөн адам укуктары боюнча тартылган “Бир дүйнө” эл аралык кинофестивалы көрүүчүлөр тарабынан жакшы кабыл алынды. Мындай пикирин “Жарандар коррупцияга каршы” укук коргоо борборунун жетекчиси Төлөйкан Исмаилова билдирди. Фестиваль алгач Бишкекте башталып, андан соң Караколдо уланган. Исмаилованын айтуусунда өзгөчө Каракол шаарында иш-чараны өткөрүү ар кандай тоскоолдуктарды жараткан, бирок ага карабай келген көрүүчүлөрдүн саны арбын болгон. Фестивалда Өзбекстан, Тажикстан жана Чехиянын кинорежиссерлору тарткан миграция, кулдукка сатуу, аялдардын жана балдардын проблемаларына арналган 14 тасма көрсөтүлдү.

Ушул күндөрү Кыргыз улуттук академиялык драма театрында режиссер Назым Меңдибаиров тарткан “Достор” аттуу көркөм тасма көрсөтүлүүдө. Сахна жылдыздары аралашкан бул тасманын сценарийин Рысбек Жабиров жазган. Фильмде ата-энеси жок, балдар үйүндө өскөн төрт достун турмушу баяндалат. “Бардык чыгарма чыныгы турмуштан алынат, акындар ыр жазса да, сүрөтчүлөр сүрөт тартса да жашоодо болуп аткан көрүнүштөргө таасирленип жаратышат. Мен да бул тасмада турмуштун бир ирмемдерин бергим келди”,- дейт “Достор” фильминин сценарийин жазган автор Рысбек Жабиров. “Чыгармада ойногон актерлордун көпчүлүгү эстрада ырчылары. Тасма борбордо жана Талас, Жалалабад дубандарында тартылган. Фильмдин жалпы убактысы бир жарым саат. Кино көрөмандарынын эң биринчи айткан сын-пикирлери да чыгарманын узактыгы болду. Бул кино Рысбек Жабировдун экинчи эмгеги. Буга чейин жалаң эстрада ырчылары катышкан “Кайып булак” аттуу мистикалык жанрдагы тасма жараткан.

Голливуддун эң популярдуу тасмаларынын бири “Терминатордун” 4-бөлүгү тартылып бүттү. Маалыматтарга караганда учурда фильмдин монтаждоо иштери жүрүүдө. Ал эми көрөрмандарга 2009-жылдын жазында тартууланаары күтүлүүдө.

Атактуу дүйнөлүк ырчы Бейонс Ноулз популярдуу интернет сайттардын биринде өзүнүн баракчасын ачты. Мында интернет колдонуучулар ырчынын өзүнөн билдирүүлөрдү ала алышат жана 500 долларга чейинки белектерди утуп алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат. Ошондой эле ырчынын жакында “Ар энд Би” атту жаңы альбому жарык көрмөкчү.

Орусиянын Санкт-Петербург шаарында Виктор Цойдун эстелиги орнотулат. Аны үчүн 5 миллион доллар керектелет. Маалыматтарга караганда бул сумманы таап бере турган демөөрчүлөр да бар. Ал эми айкелдин ачылыш аземи 2009-жылдын 15-августунда болоору күтүлүүдө. Виктор Цой 1990-жылы 15-август күнү автокырсыктан каза болгон.

Владивостокто “Океан-2008” аттуу заманбап сүрөттөрдүн эл аралык фестивалы өттү. Анда 500 автордун суу жээгиндеги жашаган адамдардын жашоосунан кабар берген эмгектери коюлду. Маалыматтарга караганда бул фестивалга жалпысынан 2000 ден ашык сүрөт келип түшкөн. Ал эми ал эмгектер октябрь айында Жапонияда өткөн эл аралык маданият фестивалында көрсөтүлгөн.

XS
SM
MD
LG